Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:52

Фракция ичиндеги араздашуу ачыкка чыкты


"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаттары
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаттары

Президент Алмазбек Атамбаев 26-октябрда Жогорку Кеңештин жаңы шайланган төрагасы Дастан Жумабековду кабыл алды.

Атамбаев өлкөдөгү саясий системанын туруктуулугун бекемдөөгө парламент мындан ары дагы салым кошо берет деген ишеничин билдирди.

Алмазбек Атамбаев Дастан Жумабековду жогорку жана жооптуу кызматка шайланышы менен куттуктап Куран китебин, "Манас" эпосун белек кылды. "Кыргыз эли көз карандысыздыгы үчүн бүгүн дагы күрөшүп жатат" деп айтты. Парламент 2040-жылга чейин белгиленген узак мөөнөттөгү стратегияны ишке ашырууда өзгөчө роль ойнойт деген ишеничин билдирди. Президенттин маалымат кызматы Дастан Жумабеков кандай убадаларды бергенин кабарлаган жок.

Жогорку Кеңеште коалициялык көпчүлүк төрагалыкка Дастан Жумабековду көрсөткөнү көпчүлүккө күтүүсүз болду.

Парламентте жабык добуш берүү болуп жатканда бир катар депутаттардын бюллетенди бүктөбөй, башка кесиптештерине көрсөтүп салганы талкуу-талашты күчөттү. Социал-демократтар фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров жабык добуш берүүгө шек кетти деген дооматты четке какты:

- Мен Дастан Жумабековду шайларымды ачык айтам, ачык таштайм. Баарын ачык айтып жаткандан кийин аны жашырып эмне кереги бар? Мен мындай карап турдум, 50-60тай депутат бюллетенди жашыруун таштады. Биз жашыруун добуш берүүнү камсыздай алдык.

"Бир Бол" фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров Дастан Жумабековго чоң жоопкерчилик артылганын белгиледи:

- Спикердин модератор болгону бул бир эле жагы. Регламентте так жазылган. Бул жерден 120 депутаттын бирөө дагы адашпаса керек. Бирок экинчи жактан, спикер Конституция боюнча бийликте экинчи адам. Парламенттин аброюн көтөрүү, мыйзамдардын иштешин көзөмөлдөөнү күчөтүү, биздин жарандардын кызыкчылыктарын коргоо таризинде өзүнүн ордун таба алса жакшы болот эле.

Фракциялардагы эрегиш

Ал ортодо парламентте кээ бир фракцияларда өз ара араздашуу башталганы маалым болду. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы 25-октябрда кечке жуук кезексиз жыйынга чогулуп үч депутатты - Камчыбек Жолдошбаевди, Тазабек Икрамовду жана Алмаз Жутановду фракциядан чыгарды. Мунун алдында Тазабек Икрамов фракция лидери Бакыт Төрөбаевдин саясатына каршы депутаттарды топтогонун бышыктады:

- Кол коюп берген жети адамдын бардыгы Бакыт Төрөбаевдин лидердик иштерине ичи чыкпаган адамдар. Бизде фракция лидерин алмаштырайын деген ой жок болчу. Бирок фракция жетекчилери чукул лидерди алмаштырып жиберет деп көлөкөсүнөн коркуп, чукул жыйын өткөрүп бизди фракциядан чыгарганга аракет кылды. Бирок бул мыйзамсыз.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында "Өнүгүү-Прогресс" 13 мандат алган жана оппозициялык азчылыкта турат. Фракция лидери Бакыт Төрөбаев ички ажырым тууралуу пикирин айта элек. Аталган фракциянын депутаты Мирлан Бакировдун баамында, бул көрүнүш эң ириде партиялардын толук калыптана электигинен кабар берет:

- Бул биринчиден, парламентке партиялык тизме менен келген партиялардын бышып-жетиле электигин билдирет. Бул жалгыз "Өнүгүү-Прогресс" фракциясына эмес, дээрлик бардык эле фракцияларга мүнөздүү көрүнүш десем жаңылышпайм. Кандайдыр бир пикир келишпестиктен, жеке таарынычтан пайда болуп бышып жетилип калышы мүмкүн. Ар бир фракциянын же партиянын жетекчисинин стратегиялык планы болот. Ошол план менен алдыга жылат. Ал бирөөгө жагат, бирөөгө жакпашы мүмкүн.

"Өнүгүү-Прогресс" үч депутатын катарынан чыгарды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:20 0:00

Буга чейин Жогорку Кеңеште "Республика-Ата-Журттагы" ич ара пикир келишпестик тууралуу сөздөр тараган. Бул фракцияда да лидер алмаштыруу маселеси көтөрүлүп жатат деген маалымат чыккан. Буга байланыштуу фракция лидери Өмүрбек Бабанов өзү комментарий бере элек. Аталган фракциянын депутаты Максат Сабиров фракция жыйынга чогула электигин маалымдады:

- Эки-үч күндөн бери эле фракция тарап жатыптыр деген сөздөр айтылып жатат. Кечээ болсо атүгүл мени вице-спикерликке барат экен деген да сөздөрдү чыгарышыптыр. Мен таң калып эле калдым. Биз шайлоодон бери фракция чогулуп, жыйын деле өткөрө элекпиз. Шайлоодон кийин балдардын баары чарчап калды, азыр эс алып жатат. Бирок фракцияда эч кандай маселе жок, тынч эле. Мен кечээ эле жумушка чыктым. Бабанов деле эс алып жатса керек.

26-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында вице-спикер, "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Данияр Төлөнов кызматынан кетерин жарыялады жана чечимин аталган фракциянын депутаты Дастан Жумабековдун төрага болгону менен байланыштырды. Парламентте ушул тушта бир катар комитеттердин башчылары, орун басарларын алмаштыруу сунуштары да айтылып жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG