Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

Парламенттик оппозицияда тилектештик жок


Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалиция жана парламенттик оппозиция деген түшүнүктөр алгач ирет 2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин киргизилген жана Баш мыйзамда алардын атайын ыйгарым укуктары белгиленген.

Жогорку Кеңештин 10-майдагы жыйынында Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңешке оппозициялык азчылыктын өкүлү катары "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев шайланды. Анын шайланышы боюнча парламенттеги башка оппозициялык фракция өз пикирин билдирди.

"Кайрадан "Республика - Ата Журт"

Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңешке оппозициячыл азчылыкка кирген үч фракция бирден талапкер көрсөттү. Натыйжада "Республика - Ата Журт" фракциясы сунуштаган Руслан Казакбаев "Ата Мекендин" депутаты Наталья Никитенко менен "Өнүгүү-Прогресс" көрсөткөн Мирлан Бакировдон көп добуш алды.

Аталган кеңешке Руслан Казакбаевдин шайланышы парламенттик оппозиция боюнча талкууну жандантты. "Ата Мекен" фракциясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов оппозицияга бөлүнгөн квотаны негизинен "Республика - Ата Журт" алып кетип жатканына токтолду:

- Мыйзамдар боюнча оппозициячыл азчылыкка Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештен сырткары БШКга, Эсеп палатасына бирден өкүл деген Конституция менен кепилдик берилген жагдайлар бар. Бирок азыр тажрыйба көрсөткөндөй, оппозицияга бөлүнгөн квоталардын баарын "Республика - Ата Журт" партиясы ар дайым алып келе жатат. Формалдуу түрдө караганда баары эле мыйзамдуу болуп жатат. Анткени шайлоо болуп жатат, алар көп добуш алып жатат. Бирок саясий өңүттөн караганда, "Республика - Ата Журт" биз менен келишпестен, өздөрү добуш менен чечебиз деп добушка койгонда аларды КСДП фракциясы толугу менен колдоп жатат.

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңеш коллегиялуу орган болуп саналат. Курамына башкаруучу коалиция менен оппозициячыл азчылыктан бирден, өкмөттөн эки, Жогорку Соттон бир өкүл жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлиги бир жылдык мөөнөт менен аныктаган шаар мэри жана айыл өкмөт башчысы кирет.

Аталган орган мамлекеттик жарандык кызмат менен муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жогорулатуу, коррупцияга каршы механизмдерин киргизүү, ошондой эле ченемдик укуктук базаларды өркүндөтүү боюнча иштейт. Эң негизгиси, мамлекеттик мекеме-органдардагы статс-катчыларды тандайт, кызматтан бошотууга, дайындоого макулдук берет, алардын ишин баалайт, отчет алат, ошондой эле, статс-катчыларга байланыштуу арыз-дооматтарды териштирет.

Оппозициянын ынтымагы

Баш мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештеги Бюджет жана каржы комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитеттеринин төрагалык кылуу оппозициялык азчылыкка берилген. Бул эки комитетти тең "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаттары жетектейт.

Бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Таабалды Тиллаев "республикачылар" бийликтеги КСДП фракциясы менен тымызын келишип алат деген дооматты жокко чыгарды. Анын пикиринде, коалициялык көпчүлүккө кирбеген фракциялар арасында тилектештик жок:

- Азыр эми баары добуш берүү менен чечилип жатпайбы. Мисалы, мен жетектеген комитетте 16 депутат болсо, ошонун 60-70 пайызы коалициялык көпчүлүккө кирген фракциялардын депутаттары. Бирок комитеттин төрагасы катары сөзсүз мүмкүнчүлүктөр болот. Кээ бир чечимдерди кол койбойсуң, бирок добуш менен чече келгенде алар өтүп кетет. Оппозициядагы үч фракциянын көз караштары ар кандай болуп жатпайбы. Кээ бир маселелерде биз каршы чыгып жатсак, берки эки фракция аларды колдойт же алар колдоп жатса, биз каршы чыккан учурлар болот. Ошон үчүн бул жерде оппозиция катары кыйын болуп жатат. Тилектештик жок. Бирок көпчүлүк коалиция деле азыр ошол. Көп маселелерде алар деле бири-бирине карама-каршы чыгып жатышат. Бирок бул жакшы эмес көрүнүш. Биз парламенттик башкарууну тандап алгандан кийин бул мүчүлүштүктү жоюу керек.

"Оппозиция курулай сындан алыс болушу керек"

Коалициялык көпчүлүк КСДП, "Кыргызстан" жана "Бир бол" фракцияларынан куралган. "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Батырбековдун баамында, фракциялардын ишине коом баа берет:

- Оппозициячыл көз караштагы адамдар болсо, аларды ошол критерий менен четте калып калбасын деген максатта парламенттеги азчылыктын дагы өкүлдөрү катышканы туура, аларга ошон үчүн атайын квота каралган. Оппозициялык азчылык сын айтчу жерлерден сын айтып, конструктивдүү сунуш айтып, ишин аткарып жатат. Ошол учурда кайсы оппозициячыл фракция кандай иштеп жатканына коомчулук өзү баа берет. Парламентте эле эмес, коомдо дагы оппозициялык көз караш сөзсүз болушу керек. Курулай сын болбошу керек.

Осмонбек Артыкбаев
Осмонбек Артыкбаев

КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев "Азаттыктагы" маегинде оппозициячыл азчылыктын сапатына токтолду жана саясий атаандаш боло албай жатканын кеп салды:

- Жөн эле сындай бербей, сунуш айтып, ал жолго караганда бул жол натыйжалуу, жыйынтыкты, түшүмдү көп берет деген көз карашты айта албай жатышат. Бирок аракеттер бар. Мисалы, кээде муну "Республика - Ата Журт" айтып калат, анда-санда "Өнүгүү - Прогресстен" Бакыт Төрөбаев көтөрөт. Бирок түптөлүп, жиреп калган, багыттуу саясий оппонент болуп "биз болгондо муну мындай чечет элек, ошондо ушундай жыйынтык болмок эле, буга караганда мунусу пайдалуу болмок элек" деп айта албай жатышат. Бул ошол оппозициядагы фракциялардын дараметинин чакандыгын көрсөтүп жатат.

Жогорку Кеңеште алты фракция бар. Анын ичинен Социал-демократтар, "Кыргызстан" жана "Бир бол" коалициялык көпчүлүктө болсо, "Республика - Ата Журт", "Ата Мекен" жана "Өнүгүү-Прогресс" оппозициялык азчылыкка кирет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG