Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:37

Жогорку Кеңеш: Турсунбековдун ордуна Жумабеков келди


Дастан Жумабеков.
Дастан Жумабеков.

“Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды. Ал 25-октябрда төрагалык кызматтан өз ыктыяры менен кеткен Чыныбай Турсунбековдун ордуна келди.

Турсунбеков: Эң негизгиси өз маалында кетүү

25-октябрдагы парламент жыйынында спикер Чыныбай Турсунбеков төрагалыктан кетүү тууралуу билдирүү менен чыгары күтүлүп жаткан. Себеби буга чейин бир катар басылмалар Жогорку Кеңештеги кээ бир депутаттарына шилтеме кылып, Турсунбековдун төрагалыктан кетерин жазып чыгышкан.

Чыныбай Турсунбеков парламенттеги билдирүүсүндө 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодон кийин өлкөдө саясий температура түшүп келатканын, бирок аны дагы салкындатуу үчүн өзүнүн отставкага кетүүсүн туура көргөнүн айтты:

- Президенттик шайлоо башталар алдында башталган Кыргызстандагы жалпы саясий температуранын көтөрүлүшү мына бүгүн түшүп келатат. Анткени эл өзүнүн жаңы президентин шайлап алды. Бирок ал температура толугу менен түшүшү үчүн мен дагы отставкага кетишим туура болот деген чечимге келдим. Эң башкысы, менин саясий конъектурадан эмес, мыйзамды сыйлоодон келип чыккан позициямды жактырбаса да колдоого алып келген бардык күчтөргө, президентке, депутаттар, сиздерге, аппаратка, өкмөткө, өзгөчө демократиянын өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан журналисттерге терең ыраазычылыгымды билдирем. Мен төрагалыктан кетип жатам, бирок саясаттан кеткен жокмун.

Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

Ошентсе да "Бир бол" фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев төраганын кызматтан кетип жатканынын анык себебин билгиси келди:

- Сиз кимдир бирөөгө таарынычыңыздан кетип жаткандайсыз. Ачык айтышыңыз керек. Биз сизди шайлаган учурда өзүбүз тандаган жол менен жүрүшүбүз уланат деп күткөнбүз. Партиянын ички маселеси мамлекеттик кызмат менен аралашпашы керек. Андай болсо сизди партиянын саясий кеңешинен чыгырып салышсын. Болбосо сиз шашылыш билдирүү жасап салдыңыз. Ар бир чечимди сыйлайбыз, бирок бизге кененирээк түшүндүрүп койсоңуз жакшы болмок.

Кызматын тапшырып жаткан спикер депутат Абдылдаевдин суроосун жоопсуз калтырды. Турсунбековдун билдирүүсүнөн кийин эле көпчүлүк коалициядагы депутаттар дароо жаңы спикерди шайлоо маселесин көтөрдү.

Жумабеков жалгыз талапкер эмес

Коалиция жыйынында “Кыргызстан” фракциясынын лидери Алмаз Баатырбеков фракциялашы Дастан Жумабековду спикерликке талапкер кылып көрсөтсө, башка фракциялардан сунуш түшкөн жок.

Ал эми коалициялык көпчүлүктүн төрагасы, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов коалициянын курамындагы депутаттарды Дастан Жумабековдун талапкерлигин пленардык жыйында колдоп берүүгө чакырды:​

- Спикерлик орун аябай жоопкерчиликтүү, жогорку деңгээлдеги кызмат. Дастан Артисбекович, сиз жалпы депутаттардын үмүтүн актап, өзүңүзгө артылган жүктү ийгиликтүү көтөрөсүз деген ишеним бар. Урматтуу коалициядагы депутаттар, жалпы жыйында Жумабековдун талапкерлигин чогуу колдоп берели.

Ошол эле кезде оппозициялык “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев азчылыктын атынан Исхак Масалиевдин талапкерлигин спикерликке жылдырганы көпчүлүккө күтүүсүз болду:

- Масалиевдин тажрыйбасы мол. Ал Ички иштер кызматында иштеп, Салык кызматын жетектеди. Бажы кызматында иштеди, үч жолу депутат болуп шайланган. Ушул айтылгандардын негизинде биздин фракция Исхак Масалиевдин талапкерлигин Жогорку Кеңештин төрагалыгына сунуштайт.

Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

Ошентип депутаттар эки талапкерге добуш берди. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Дастан Жумабеков алдыга чыкканын Эсептөө комиссиясынын төрайымы, депутат Гүлкан Молдобекова жарыялады:

- Жашыруун добуш берүү менен Дастан Жумабековго 80 депутаттын добушу берилди. Ал эми Исхак Масалиевди 32 депутат колдоду. Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин төрагалыгына депутат Дастан Жумабеков шайланды.

Жумабеков: Бардык депутатка тегиз карайм

Жаңы шайланган Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков депутаттарга ыраазычылыгын билдирип жатып, эл өкүлдөрүнө, оппозиция-позициясына карабай, калыс мамиле жасалып, бирдей микрофон берилерин айтып өттү:

- Мен мамлекет үчүн, Кыргызстан эли үчүн, өлкөбүз үчүн таза иштеп бергенге, бардыгыңыздарга тегиз караганга сөзүмдү берем. Элибизде тынчтык болсун, токчулук болсун, рахмат!

41 жаштагы Дастан Жумабеков 1976-жылы 2-ноябрда Талас облусундагы Кара-Буура районунун Сатыкей айылында туулган. 2001-жылы Кыргыз Улуттук университетин “юриспруденция” адистиги боюнча аяктаган. 2010-жылы «Ата-Журт» партиясынан V чакырылыштагы депутаты болуп шайланган, ал эми 2015-жылы «Кыргызстан» партиясынын катарында VI чакырылышка депутат болуп келген.

Дастан Жумабеков Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия улуттук борборунун жетекчиси, атактуу травматолог Сабырбек Жумабековдун бир тууган иниси.​

Турсунбековдун ордуна Жумабеков келди
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:18 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG