Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:22

Жээнбеков: Президент эки белги берди


Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

Өкмөттүн тегерегинде коомчулукта айтылып жаткан сөздөр, саясий кырдаал, экономикадагы жагдай туурасында экс-депутат, саясатчы Равшан Жээнбеков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков ишкерлер менен жолугушууда көптөгөн маселелер өкмөттөгү туруксуздуктан улам чечилбей келгенин билдирди. Жээнбеков муну менен саясий айдыңда Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөттүн айланасында айтыла баштаган сөздөргө жооп бергендей болду. Буга чейин азыркы өкмөт күзүндө отставкага кетиши мүмкүн деген божомолдор айтылып жаткан эле.

“Азаттык”: Өкмөттүн тегерегинде коомчулукта айтылып жаткан сөздөргө мамлекет башчы чекит койгондой болду окшойт. Бирок сын айткандар жок эмес. Президенттин айтканы өкмөттү калкалагандай болбойбу?

Равшан Жээнбеков: Азыркы күндө экономиканын абалы бир топ оор болуп калды, стагнацияга такалды. Президент ишкерлер экономиканы жараткандан кийин, алар тарабынан көп нааразылык болуп жаткандыктан ушундай жолугушуу уюштуруп, алардын проблемаларын угууга аракет кылып жатканы – бул өлкөдө экономикалык абалдын оорлоп жатканынын далили. Ошол эле учурда "өкмөт кетпейт, туруктуу иштейт" деген эки маанилүү нерсени президент айткысы келип жатат.

Президент "бүгүнкү күндө өкмөттүн кожоюну менмин, алардын тагдырын мен чечем, ошондуктан кетирбейм" дегени коомго "бийликтин ээси менмин" деген белгини берип жатканы. Абалдын оордугуна карабастан өкмөттү кетирбейм дегени - "жакынкы убактарда экономикалык кыйын кырдаал түзүлсө өкмөт кетпесе да, иштей албаса да жоопкерчиликти мен алам" деген белги.

Ишкерлер президентке арманын айтты
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:04 0:00

“Азаттык”: Мамлекет башчы берилген тапшырмалар көп экенин, аны өкмөт аткарышы керектигин айтты. Эгер азыр көрсөткүчтөр жакшы болбой жатса, анда өкмөт кантип ал тапшырмаларды аткарат?

Равшан Жээнбеков: Мурдагы президенттен калган өкмөт мүчөлөрүнүн дээрлик бардыгы иштеп жатат. Экинчиден, ошол эле көпчүлүк кадрларды түрмөгө отургузуу процесси жүрүп жатат.

Андай болгондон кийин азыркы өкмөт моралдык жактан кемсинип, активдүү иштей албайт. Алар мамлекеттин, экономиканын жана ишкерлердин алдында турган маанилүү маселелерди чече албайт. Туура чечкен учурда да алардын түрмөгө отуруп калуу мүмкүнчүлүгү жогору. Анткени коррупция менен күрөшүү деген ишибиз кандайдыр бир деңгээлде аларга күчтүү басым жасап койду.

Инвесторду түрткөн жагдай көп

Инвесторду түрткөн жагдай көп

Кыргызстан бизнес жүргүзүү жагынан дүйнөлүк рейтингде соңку бир жыл ичинде сегиз тепкичке төмөндөдү. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын Doing Business деп аталган жылдык докладында айтылат.

Мамлекеттик институттар, уюмдар жана жетекчилер деморализация болуп, экономика жылбай жатат. Өкмөт президент айткандан кийин эле натыйжалуу иштеп кетет деп айтуу кыйын. Маанилүү өзгөрүүлөр жасалбайт.

“Азаттык”: Мындан сырткары көптөгөн маселелер өкмөттөгү туруксуздуктан улам чечилбей келатканы айтылды. Ошол эле кезде депутат Аалы Карашев экономикада абал начар экенин статистикалык маалыматтарга таянып билдирди. Өнөр жай 9% түшүп, экспорт басаңдап, импорт көбөйгөн экен. Экономикада көзгө көрүнөрлүк өсүш болбой жатканы кадрларга байланыштуубу же башка да себептери барбы?

Равшан Жээнбеков: Экономикада алдыга жылбай жатканыбыздын себеби, ишкерлер менен абалдын оордугу өкмөттүн туруктуу же туруксуз экенинде эмес. Бул мамлекетте маанилүү реформалардын жоктугу менен байланыштуу.

Мамлекеттик кызматчыларга жеткиликтүү деңгээлде эркиндик берилген жок, мамлекетте саясий атаандаштык пайда болбой калды. Ар бир институт, өкмөт, Жогорку Кеңеш, президент өзүнүн түзмө түз конституциялык функцияларын аткара албай жатат. Реформа болбостон, бийлик кайрадан президенттин колуна топтолуп калганын өкмөттүн тагдырын мен чечем дегени далилдеп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG