Minchenko Consulting уюмунун иликтөөсү боюнча, Борбор Азия регионунда тобокелчиликтердин көбөйүшүнө Орусия менен Батыштын санкциялык согушу жана "Ислам мамлекети" террордук тобунун коркунучу таасирин тийгизүүдө. Булардан сырткары мунай, газ жана башка чийки заттарга баанын арзандашы, регион мамлекеттериндеги авторитаризм жана кландуулук, ачык эмес саясат жана коррупция тобокелчиликтерди күчөткөн жагдайлардан.
Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын ичинен туруктуулугу бекемирээк катары Казакстан аталган. Бул өлкө тышкы саясатта көп векторлуулукту сактап, кландардын мамлекеттик саясатка таасирин азайткан деп белгиленген.
Кризистик кырдаалда расмий Астана мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоо жарыялап, Нурсултан Назарбаевге ким мураскер болот, саясий жагдай кандай өнүгөт деген калк ичиндеги да, элита арасындагы да эки анжылыкты токтотууну чечти.
Minchenko Consulting уюмунун иликтөөсүндө Түркмөнстан да туруктуураак өлкө катары бааланган. Мындай баа түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухамедовдун бийликти колуна топтошуна, жаштыгына, республиканын газ жана мунайга байлыгына негизделген.
Ал эми Өзбекстан тынчсыздануу жараткан өлкө катары бааланган. Негизги фактор катары 77 жаштагы президент Ислам Каримовдун ден соолугу аталган. Белгилүү болгондой, март айында Өзбекстанда президенттик шайлоо болот.
Кыргызстан жана Тажикстанда саясий тобокелчилик ортодон бир топ жогору катары бааланган. Тажикстанда бийлик президент жана анын жакындарынын колуна топтолгону белгиленген.
Кыргызстан болсо эки ыңкылапты башынан өткөрүп, мамлекеттүүлүгүнө катуу доо кеткен өлкө катары бааланган. Бул эки республикада тең быйылкы жылы парламенттик шайлоолор болот.
Регион мамлекеттериндеги мына ушундай абалга, өзгөчө Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанга эмгек мигранттарынан келе турган кирешенин азайуусу да терс таасирин тийгизери аталган.
Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан саясий жактан регион мамлекеттерине караганда алда канча туруктуу экенин билдирип келатат. Оппозиция лидерлери болсо социалдык-экономикалык кризис оорлоп, ал туруктуулукка доо кетирерин эскертүүдө.
Саясат таануучу жана ишкер Марат Жаанбаев Орусия кризисинин Кыргызстанга таасири реалдуу дейт. Анын айтымында, кризистен улам кыргыз эмгек мигранттары мекенине көбүрөөк кайтып, алардын Ирактагы "Ислам мамлекети" сыяктуу экстремисттик уюмдардын торуна түшүүсүнө көбүрөөк мүмкүнчүлүк ачылат.
Ал эми инвесторлорго Кыргызстандын бийлигинде жана мыйзамдарында туруктуулуктун жоктугу негизги тобокелчилик дейт Марат Жаанбаев:
- Бул - мыйзамдардын да, бийликтин да туруктуу эместиги. Кумтөр маселесин эле алалы. Бул абдан чоң, комплекстүү маселе. Аны талкуулагым келбейт. Бирок көзгө басар мисалы катары алгым келет. Кумтөр боюнча башында келишим түзүлүп, сүйлөшүүлөр болгон. Ошолор ар бир режим учурунда өзгөртүлгөн. Бул башка инвесторлор үчүн жаман кабар берет. Демек ошол мамлекетте инвесторго болгон шарттар бийлик алмашканда же мыйзам алмашканда өзгөрүп кетет деген тобокелчиликти жаратат.
Марат Жаанбаевдин пикиринде, инвестор кирешесин аларына ишенимдүү болуш керек. Бизде болсо аны прогноздоо мүмкүн эмес. Бул реалдуу инвесторлорду чочуткан жагдай.
Кыргызстандагы эл аралык ишкерлер кеңешинин төрагасы Актилек Түнкатаров Батыш менен Орусиянын санкциялык согушу, "Ислам мамлекети" террордук уюмунун коркунучу ишкерлер арасында көп талкууланбай, негизинен Бажы биримдигине кирүү, анын учурунда тарифтердин өзгөрүүсү негизги маселе болуп жатат дейт. Ишкерлерди негизинен Кыргызстандагы мыйзамдардын аткарылбашы, коррупция чочутат дейт Түнкатаров:
- Бажы тарифтер кандай өзгөрүлөт деген суроо бизде көп көтөрүлүп жатат. Анан мыйзамдардын Кыргызстанда жакшы иштебегендиги, коррупциянын деңгээлинин жогору болушу ишкерлер үчүн көбүрөөк көйгөйлөр.
Түнкатаровдун маалыматы боюнча, 2013-жылга салыштырмалуу 2014-жылы инвестиция Кыргызстанга кескин кыскарган. Ага мыйзамдардын тез-тез алмашуусу, оюн эрежелеринин күтүүсүз жерден өзгөрүүлөрү жана саясий-экономикалык туруктуулуктун жоктугу себеп болууда.