Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:23

Чек арадагы кырдаал кирешени кемитти


Тикмечи кыздар.
Тикмечи кыздар.

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалдан улам Кыргызстандын ички дүң өндүрүмү 0,3% жоготууга учурап жатат. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев 15-ноябрда өлкөнүн туруктуу өнүгүү стратегиясын талкуулоо боюнча жыйында сүйлөп жатып билдирди.

Бир күн мурда Каржы министрлиги чек арадагы абал улана берсе, мамлекеттик бюджеттин кирешеси азаят деген кооптонуусун айтып чыккан.

Казакстан тараптан текшерүү күчөп, жүктөрү өтпөй турганын белгилеген ишкерлер иш жүрбөсө, салык жана бажы төлөмдөрү төлөнбөсүн билдиришти.

"Казакстан бизди блокадага такады"

Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-казак чек арасындагы абалды "блокада" деп атап, бул үчүн Казакстандын жетекчилигин айыптады.

Мамлекет башчысы кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал Кыргызстандын экономикасына гана зыян келтирбестен, Евразия экономикалык биримдигинин аброюна да шек келтирээрин белгиледи:

Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

- Блокададан улам, Кыргызстандын ички дүң өндүрүмү 0,3% жоготууга учурады. Биз буга чыдайбыз. Эң башкысы - казак жетекчилигинин өзүмбилемдиги жана ЕАЭБ жетекчилигинин көңүлкош мамилесинен улам биримдик орду толгус зыян тартып, аброюна шек келип жатат. Бул дүйнө коомчулугунун жана аймактагы башка коңшулардын көз алдында болуп жатат. Мындай кагаз жүзүндө гана иштеген биримдикке кимдин мүчө болуп киргиси келет?

Кыргыз-казак чек арасындагы абалга байланыштуу Кыргызстандын республикалык бюджети күтүлүп жаткан кирешеден ажырап калышы ыктымал экенин каржы министри Адылбек Касымалиев да 14-ноябрда парламентте маалымдаган. Анын сөзү боюнча, бажы жана салык тармагынан 400-500 млн. сом түшпөй калуу коркунучу бар.

Казакстан 10-октябрдан бери Кыргызстан менен чек арасында текшерүүнү күчөткөнү белгилүү. Башында казак бийлиги муну Кыргызстандагы президенттик шайлоого байланыштырган. Кийинчерээк расмий Астана Кыргызстан ЕАЭБдин талаптарын бузуп жатканын айтып, мындан өз бюджети да зыян тартканын билдирип чыкты.

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалдан улам, бир айдан ашуун убактан бери импорт менен экспорт азайды.

Товарын сыртка сата албай же сырттан алып кире албаган ишкерлер миллиондогон чыгашаларга учурап жатканын айтып, өкмөттөн бул кенемтени толтуруп берүүнү суранышкан.

Келтирилген зыянды эсептеш үчүн өкмөт атайын комиссия түзгөн. Биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгуловдун парламентте берген маалыматы боюнча, бул комиссия чек арадагы кырдаал келтирген чыгашанын так эсебин жакынкы күндөрү аныктайт.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалдан улам күн сайын миңдеген сом чыгашага учурап жатканын маалымдады.

Аталган палатанын Транспорттук жүк ташуу комитетинин төрагасы Талант Маткеримовдун "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, бир эле жүк ташуучу унаа чек арада беш күндөн ашык турууга мажбур. Бир автоунаанын күнүмдүк чыгымы 15 доллар:

- Бир эле жүк ташуучу унаа чек арада кеминде беш күн турат. Ошондо 25 унаанын жөн эле турган чыгымы беш күндө 1875 долларга чыгып жатат. Мындан тышкары айдоочулардын айлыгы, жүктү кечиктирген ар бир күн үчүн 300 доллардан жаза айып төлөөгө мажбурбуз. Кыскасы ар бир ишкер бир айдан бери эң азы 10 миң доллар чыгымга учурады. Мамлекет тартып жаткан зыян тууралуу айтсак: сырттан товар алып келген ар бир жүк ташуучу унаа расмий түрдө орто эсеп менен 3 миң доллар бажы төлөмүн төлөйт. Биздин палата аркылуу Түркиядан орточо эсепте бир айда 20 машине товар алып кирет. Ар бир унаа 3 миң доллардан төлөсө, акыркы айда мамлекеттик бюджетке бизден эле 60 миң доллар түшкөн жок. Кээ бир кардарларыбыз алып келген товарына бир эле төлөгөндө 2,5 млн. сом бажы төлөмүн төлөшөт. Аларды кошо эсептегенде, бюджет эбегейсиз эле чыгашага учурады.

Кыргыз-казак чек арасы.
Кыргыз-казак чек арасы.

"Бул бизге сабак болушу керек"

Кыргызстандык ишкерлер бир айдан берки убакта кеминде беш миң доллар чыгаша тартып жатканын белгилешүүдө. Алар кыргыз өкмөтү бул учурдан сабак алып, ЕАЭБден тышкары башка рынокторго чыгуунун жолдорун да караштырууга тийиш деп эсептешет.

Кытайдан товар алып саткан ишкер Тыныбек Жукешов Казакстан чек араны жаап, текшерүүнү күчөткөнү ишкерлер эл аралык рынокко чыгуунун жолдорун үйрөнгөнүн айтты:

- Бир четинен казактар бизди акылдуу кылып коюшту. Биз товарларды эл аралык талапка ылайыктап, тиешелүү документ, сертификаттардын баарын толтурганды үйрөнүп алдык. Бүгүнкү күндө кирип-чыгып жаткан товарлардын баары тиешелүү документтери менен, талапка жооп бергидей болууда. Биз ушундан сабак алып, экономикалык өнүгүү боюнча жаңы модель ойлоп чыгышыбыз керек. Биз үч-төрт жыл мурда эле өкмөткө "өнөр жай аймактарын" түзүүнү сунуш кылганбыз. Азыркыдай кырдаал жаралса, көйгөйдү ошол өнөр жай аймактары, андагы адистер чечмек.

Кыргызстандагы май куюучу жайлардын бири.
Кыргызстандагы май куюучу жайлардын бири.

Ал арада Монополияга каршы тескөө агенттиги бир жума ичинде ун, күйүүчү май, көмүр жана газ кымбаттаганын жарыялады. Ошол эле учурда Казакстан Кыргызстанга ун жана дан экспорттоону чектегени маалым болду.

Айыл, суу чарба жана тамак-аш өнөр жай министрлиги ун-дан импортунун азайышынан коркунуч жоктугун, Кыргызстандын өзүндө ундун өлчөмү жазга чейин жетерин маалымдады. Маалыматка ылайык, быйыл өлкөдө 665 миң тонна буудай жыйналган. "Бул элди жазга чейин ун менен камсыз кылууга жетет" деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы кырдаалдан улам, мамлекеттик бюджет тарткан чыгашанын эсебин Каржы министрлиги бажы жана салык кызматтары менен чогуу эсептеп жатат. Өкмөт бул тууралуу акыркы жана толук маалымат 2017-жылкы республикалык бюджетке өзгөртүү киргизүү учурунда айтыууга убада берүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG