Анда эки өлкөнүн соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыгы талкууланды.
Эки тараптуу экономикалык кызматташуудан Кыргызстан утулуп келе жатканын белгилеген айрым байкоочулар мындан кийин деле абал өзгөрбөсүн айтышууда.
Кыргыз-казак өкмөт башчыларынын жолугушуусу чакан чөйрөдөгү сүйлөшүүлөр менен башталды. Анда өкмөт башчылар эки тараптуу кызматташуунун азыркы абалын жана келечегин сүйлөштү.
Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев казак премьер-министринин расмий сапары эки тараптуу мамилени өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деген ишеничин билдирди:
«Бир тууган Казакстан менен стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө Кыргызстандын тышкы саясатындагы бирден бир маанилүү багыт, - деди Мухаммедкалый Абылгазиев, - Мен ушул жерден белгилей кетейин, кыргыз-казак мамилеси саясий-экономикалык жана башка кызматташтык багыттарында тиешелүү деңгээлде өнүгүп келе жатат. Жакында эле президенттерибиз жолугуп, эки элдин эзелтен келаткан достугун, ынтымагын жана кызматташтыгын бекемдөөнү жана өнүктүрүүнү сүйлөшкөн. Биз да эки тараптуу маселелердин чечилишине жетишүү үчүн алдыга чоң максаттарды койдук”.
Жолугушууда Казакстан өз аймагы аркылуу Кыргызстандан бараткан оор жүктөрдү өткөрүү режимин жеңилдетүүгө макул болду.
Казак премьер-министри Аскар Мамин Казакстан Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл бура турганын айтты:
«Бизде ЕАЭБ бар, анын алкагында көп тараптуу кызматташабыз. Бардык маселелерди орток пикирге келүү менен чечип келе жатабыз, - деди Аскар Мамин. - Өткөн жылы эки тараптуу товар алмашуу өстү. Бирок ошентсе да, биздин соода алакасын мындан ары да көбөйтүүгө күчүбүз жетет. Өзүбүз тараптан буга байланыштуу бардык маселелерди карап чыгууга жана керектүү документтерди кабыл алууга даярбыз. Эки өлкөнүн ортосундагы соода алакасын 1 млрд. долларга жеткирүү зарыл, бул үчүн эки тарапта тең мүмкүнчүлүктөр кеңири”.
Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин сегизинчи жыйыны 12-июлда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өттү.
Жыйында эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, суу-энергетикалык, өндүрүш кооперациялары, маданий-гуманитардык тармактагы кызматташтыктар талкууланып, бир катар документтерге кол коюлду. Мындан тышкары күн тартибинде транспорт, инвестиция, туризм, билим берүү жана башка маселелер да каралды.
Жыйын соңунда Казакстандын премьер-министри Аскар Маминди Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алды.
Бир ай мурда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Шанхай Кызматташтык Уюмундагы (ШКУ) мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келип, президент Сооронбай Жээнбековго жолугуп кеткен.
Анда президенттер эки тараптуу, анын ичинде ЕАЭБдин, ЖККУнун жана ШКУнун алкагындагы мамилелердин мындан аркы өнүгүшү жөнүндө сүйлөшкөн.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев эми күзүндө мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келерин казак премьер-министри Аскар Мамин 12-июлда Бишкекте өтүп жаткан өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында билдирди.
Жай саратанда Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Маминдин тиешелүү жетекчилерин ээрчитип алып, расмий сапар менен келиши жергиликтүү ишкерлердин айрымдарында үмүт пайда кылса, айрым ишкерлер мындай сүйлөшүүлөр болгону менен казак тарап Кыргызстанга салкын, үстөмдүк мамилесин өзгөртүүнү каалабайт деген пикирлерин айтышууда.
Буга ишкерлер товар жүгүртүүдө коңшулар өздөрүнүн товарын бизге сатып, биздикин сатып алгысы келбегенин, Кыргызстандан кирген товарларды катуу көзөмөлгө алуу адатын мисал кылып келишет.
Көз карандысыз экономист-талдоочу Эркин Абдыразаков жаңы шайланган президент да, премьер-министр да эски команданын мүчөсү экенин белгилеп, бул жолугушуулардан кыргыз-казак соода алакасы жакшырып кетерине көзү жетпесин билдирди:
"Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын мурдагы мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаевди капа кылган жайы бар. Бул таасирин тийгизе берет. Касым-Жомарт Токаев да, Аскар Мамин да эски команданын балдары. Ошондуктан, жакын арада эле Казакстан менен жылуу мамиледе болуп кетебиз дегенге ишене албайм. Казакстан ЕАЭБ, ШКУ, КМШ жана башка саясий уюмдарда “бир тууганбыз” дегени менен, экономикалык кызматташтыкка келгенде теңата көрбөй, Кыргызстандын товарларын “контрабанда” деп чек арадан өткөрбөй келет. Алар өздөрүнүн кызыкчылыгынан биздин кызыкчылыкты эч качан жогору койбойт".
Казакстандан Кыргызстанга негизинен күйүүчү май, ичимдик, суусундук, азык-түлүк, мал жана тери, курулуш материалдары, автоунаа, анын тетиктери жана башка товарлар ташылат.
Ал эми Казакстанга мал-жандык, сүт жана сүт азыктары, жашылча-жемиш жана как, курулуш материалдары, үй буюмдары кетет. Мындан сырткары казактар электр энергиясын сатып алышат.
Оштогу “Сарыташ-Травертин” ишканасынын жетекчиси Чыңгыз Бадиринов казак тарап Кыргызстандан өндүрүлгөн товарларды киргизбей, бөгөт коюп келе жатканын белгиледи:
"Казакстан Оштон цемент менен сары таш гана алат. Бирок эч кандай кыйынчылыксыз, кыйноосуз киргизишет. Анткени, аларда бул товарларга муктаждык көп. Чек ара тосулган учурда да биздин автоунаалар кыйналбай эле кирип жатышты. Анткени, алардын өздөрүнүн да кызыкчылыгы бар".
Расмий маалыматтар боюнча Казакстандын Кыргызстанга товар импорту 0,5 млрд. долларга жетсе, бизден аларга кирген экспорттун көлөмү анын жарымына да жетпей калууда.