Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:01

Кооптуу жайдан көчкөндөрдүн там салуу түйшүгү


Табигый кырсык тобокелчилигине байланыштуу Сузактын Көк-Булак участкасына көчүп келгендер үчүн жаңы тиричилик башталууда.
Табигый кырсык тобокелчилигине байланыштуу Сузактын Көк-Булак участкасына көчүп келгендер үчүн жаңы тиричилик башталууда.

Жалал-Абадда жер көчкү жүрүүчү кооптуу аймакта жашаган тургундар быйыл да толугу менен коопсуз жайга көчө алышпайт.

Буга турак жай курууга каражаттын жетишсиздиги себеп болууда.

Өкмөт болсо ипотекалык негизде жеңилдетилген насыя берүү программасын күздө ишке ашырарын билдирип жатат. Анын шарттары тургундарды эмитен эле канагаттандырбай турат. Мамлекеттик ссуда болсо жыл башында токтотулган.

Ачы зонасындагы табигый кырсык тобокелчилигине байланыштуу Сузактын Көк-Булак участкасына көчүп келгендер үчүн жаңы тиричилик башталууда. Бул жерде 130дан ашык турак жайдын курулушу жүрүп жатат. Алардын катарындагы Толкун Калыков эми гана пайдубалын түптөп, дубалын тургузууга киришти. Өзү батирде турат. Турак жайын кышка чейин бүтүрөрүнө ишене албай жатканын айткан Толкун жагдайды каражатка байланыштырды:

- Көчүп келгенибизге алты ай болду. Май айынан бери аракет кылып жатабыз. Кээ бирлери пайдубалын түптөсө, айрымдары эми гана баштап жатат. Баары келип каражат маселесине такалат экен. Жаңы конушта жол маселеси абдан начар, суу жок. Электр энергиясын жакында мамыча орнотуп тартып келишкени менен, аларды турак жайларга толук жеткирүү кыйын болуп жатат. Кечээ топурак төктүрүп, дубалын баштаганга аракет көрүп жатам. Менимче, быйыл көчүп келе албайт окшойм деп кооптонуп турам. Өзүбүз келген чакта дагы мал-жандыгыбызды кайда кармайбыз? Кышкысын мал-жандыкты кармаш үчүн эски конушубузда эле калабыз го.

Жаңы курулуп жаткан үйлөр.
Жаңы курулуп жаткан үйлөр.

Быйыл жаз алды жер көчкү жүргөн Ачы зонасындагы Алмалуу-Булак, Ак-Терек жана Соку-Таш айылдарындагы 300дөн ашык үй-бүлөгө Көк-Булак участкасынан жер тилкелери ажыратылып берилген.

Райондун Кыз-Көл айыл өкмөтүндөгү төрт үй-бүлөгө билим берүү кызматкерлери каражат жыйнап, учурда ага там салынып жатканын айыл өкмөт башчысы Афтандил Кушбеков билдирди:

- Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн алдында кайрымдуулук фонд ачылган. Ошол фондго 1,3 млн сом акча чогултулган. Негизинен ага райондогу билим берүү кызматкерлери өздөрүнүн бир күндүк эмгек маяналарын которуп беришти. Ага төрт үй-бүлөгө турак жай салуу пландалган. Тендерден “Заманбап Курулуш” деген ишкана утуп алып, куруп жатат. Азыр баарынын пайдубалы курулуп, эки үйдүн дубалдары тургузулуп калды.

Жаңы курулуп жаткан үйлөр.
Жаңы курулуп жаткан үйлөр.

Өкмөт ушул айдын этегинен тартып Сузак, Өзгөн жана Чоң-Алай районундагы табигый кырсыктардан жабыр тарткан тургундарга жеңилдетилген ипотекалык насыя берүүнү убада кылууда. Бул багытта ипотекалык компания тарабынан атайын программа иштелип чыгып, жабырлануучулар азыр документ иштерин даярдап жатышат. Компаниянын маалымат катчысы Зирек Асанова жаңы насыялар боюнча буларга токтолду:

- Бул боюнча иштер жүрүп жатат. Бизде жеке турак жай куруу механизминин алкагында табигый кырсыктардан жабыр тарткан жабырлануучуларга ипотекалык насыя берүү жагы чечилди. Алардын суук түшкөнчө турак жайлуу болуп калышына аракет көрүп жатабыз. Буларга каражатты 7% өлчөмдө 7 жылга чейин берүү жагы каралып жатат. Бул иш мамлекеттик банктар аркылуу жүргүзүлөт. Бизге жабырлануучулардын тизмеси берилди. Алар бирдиктүү терезе системасы аркылуу насыя ала алышат. Бул август айынан башталды.

Жаңы курулуп жаткан үйлөр.
Жаңы курулуп жаткан үйлөр.

Бирок табигый кырсыктан жабыркаган Сузак районунун тургундары насыя алуунун шарты менен азырынча макул болбой турушат. Алар өз талаптарын тийиштүү жетекчилерге айтканы менен азырынча жооп боло элек. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Толкун Калыков мындай дейт:

- Насыя маселесин азыр жетекчилер караштырып жатыптыр. Биз ага макулбуз, бирок бир шарт менен. Айыл тургундарында дайыма эле киреше боло бербейт. Ошол себептүү насыяны кайтарууну жылына бир ирет, күздө болсун деген талабызды айтып жатабыз. Анткени дыйканчылык бышкан жана мал-жандыктар жайлоодон келген маалда гана бизде акча болот. Биз ушул маселени жетекчилерге айттык.

Жалал-Абад облусу боюнча үч миңге жакын үй-бүлө учурда табигый кырсыктар орун алуучу кооптуу аймактарда жашайт. Быйыл жыл башынан бери катталган кырсыктардан улам Сузак, Базар-Коргон, Майлуу-Суу жана Аксы райондорунан жүздөгөн үй-бүлөлөр башка жерлерге убактылуу көчүрүлүп чыгарылган.

Базар-Коргон районунда учурда өтө кооптуу деп саналган 180 турак жайга башка жактан жер тилкеси бөлүнүп берилгени менен алар көчүп келише элек. Бул райондорго ипотекалык насыя берүү жагы каралган эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG