Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:45

Өкмөттүн иши, уран кенинин таржымалы


Мухаммедкалый Абылгазиев
Мухаммедкалый Абылгазиев

Өкмөт толук курамы менен парламенттин жалпы жыйынында өткөн жылда жасаган иштери жөнүндө отчет берүүдө.

23-апрелде парламенттеги эки комитет өкмөттүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча баяндамасын угуп, жактырды.

Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген өкмөт былтыр апрель айында куралган.

Андан бери өкмөттүн курамында бир нече өзгөрүү болуп, бир катар министрлер алмашты. Мыйзам боюнча өкмөт Жогорку Кеңешке жылына бир жолу, адатта апрель айында отчет берет.

Жыйында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз өкмөтү өзүн пиар кылбастан тынбай иштеп жатканын билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, иштин жыйынтыгын баалоо кийинки үч жылдан бери интегралдык көрсөткүчтөрдүн суммасынын негизинде жүргүзүлүп келет. Ал негизги төрт көрсөткүчтөн турат: өкмөттүн программаларынын аткарылышы, жалпы мамлекеттик программалардын ишке ашырылышы, калктын ишеним индекси жана өлкөнүн эл аралык рейтингдердеги позициялары.

"Булардын баарынын жыйынтыктары өкмөт коюлган милдеттерди ишке ийгиликтүү ашыра алганын тастыктап турат. Калктын ишеним индекси 0,6% төмөндөгөнү мыйзам ченемдүү жана объективдүү процесс. Бул көрсөткүчкө өкмөттүн пиар менен алектенбей, тынымсыз иштей бергенинин таасири болду го деп ойлойбуз", - деди Абылгазиев.

Премьер-министр Кызыл-Омполдогу уранга байланыштуу суроого да жооп берди. Анын айтымында, уран өндүрүлөрүн мурдатан билгендер болгон.

"Уранды иштетүүгө Орусиянын 30 млн. долларын алышкан, ошого берип жатышат" деген туура эмес. «ЮрАзия Кыргызстан» компаниясы 2004-жылы бизден каттоодон өтүптүр. 2010-жылы геологиялык изилдөөгө алган. 2011-жылы кайра эле геологиялык чалгындоо деп алыптыр. Ал убакта жаратылыш ресурстар министри болуп Кайрат Жумалиев иштептир. 2011-жылы май айында Кызыл-Омпол берилген экен. Экинчи жолу Замир Эсенаманов кол койгон. 2012-жылы лицензиялык келишимге Чоноев кол коюп, узартып беришкен. 2014-жылы 2015-жылга чейин узартууга Зилалиев кол койгон. Ал уранга деп кол койгон. Алар уран өндүрүлөрүн билишкен".

Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы маанай соңку күндөрү күчөдү.

Жарандык активисттер «Биз Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө каршыбыз!» деген петицияга он лайн түрүндө кол чогултуп жатышат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG