Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:47

Энергетикалык айлампа кырсыкка кабылды


12-январда Борбор Азия энергетикалык айлампасында эки ири авария болду. Анын Кыргызстандын энерго системасына таасири тууралуу энергетика министри Автандил Калмамбетовду сөзгө тарттык.

- Борбор Азия энергетикалык айлампасындагы авария Кыргызстандын энерго сиситемасына кандай таасирин тийгизип жатат?

- Борбор Азия энергетикалык шакекчесин баарыбыз билебиз. Биздин Токтогул ГЭСинен Фрунзе көмөк чордонуна бир линия келет. Бирок электр энергиянын 40 проценти Токтогул – Ташкент – Чымкент – Жамбыл аркылуу келип, Фрунзе көмөк чордонунда бөлүштүрүлөт. (Кыргызстанга эки чоң линия Казакстан менен Өзбекстан аркылуу келет).

Кечээ түштөн кийин Казакстанда аябай катуу бороон болуп Чымкент – Жамбыл 500 кВ линиясы өчкөн. Кечинде Чалдыбардын Жамбыл-Фрунзе 500 кВ линиясы да иштебей калды. Азыр Кыргызстандын түндүгү бир гана линия - Токтогул – Фрунзе менен электр энергиясын алып атат.

Таңкы саат төрттөн кийин бороон токтогондо Казакстандын энергетиктер тобу оңдоого чыгышты. Биздин маалыматыбыз боюнча, Казакстанда 110, 200 кВ линиялар да аварияга учураган. Биз ошолорду оңдогонго жардамдашалы деп сунуштадык. Алар казктарга да, бизге да керек. Ошондуктан Казакстанга Таластан адистер тобу бармай болду. Ири авариялар болгондо бири-бирибизге көмөктөшүү боюнча жазылган да, жазылбаган да келишимдерибиз бар. Биз кечээтен бери электр жарыгын Кыргызстанга үзгүлтүксүз берип чыктык.

- Демек, азырынча авария Кыргызстан үчүн кооптуу эмеспи?

- Кооптуу жагдай бар. Биз азыр бир гана линиядан электр жарыгын алып жатабыз. Анын электр энергиясын берүү кубаттуулугу 1000 мегаватт. Ал эми Нарын, Талас, Ысык-Көл, Чүй аймактары жана Бишкек шаары 1900 мегаватт алат. Калган 300 мегаватты биз ички системадагы кичинекей станциялардан, электрдик жылытуу борборунан алышыбыз керек. Жалгыз линияга ишеним өтө аз болот. Шакекче тез арада калыбына келтирилбесе, биз электр энергиясына кескин түрдө чектөө киргизишибиз мүмкүн. Бирок азыр чектелген жок.

-Кечээ жааган суу кардан улам ички энергетикалык системада да авариялар көп болуптур. Эки-үч күндөн бери жарыксыз отурган айылдар бар экен. Дегеле өлкөнүн энергетика системасындагы абал кандай?

-Туура айтасыз, кечээ жааган суу кар, бороондон улам Баткенде, Ошто авария болуп, жарык өчтү. Жалпы 15 линия өчсө, анын 5и Баткенге туура келет. Булар орто чыңалуудагы 10 кВ линиялар. Чоң линиялар азыр жакшы эле иштеп жатат.

Таласта 30дай фидер өчтү эле, аны дароо калыбына келтиришкен. Ал жакта орточо эсеп менен азыр улам экиден линия өчүп жатат.

Кечээ Чүй аймагында 4 линия, Бишкекте 4 линия өчтү. Булардын баарын оңдоп чыгышканы менен түн ичинде дагы өчүп калгандары болду. Канткен менен бизде массалык өчүрүүлөр жок. Казкстанда эки линиянын иштебей калышы дагы бизге белги. Датка-Кемин электр линиясын бүтүрүшүбүз керек. Ал азыр бүтүп калган болгондо ошол аркылуу электр жарыгын алып келип алат элек. Казакстанда ушинтип маселе чыкканда Кемин аркылуу Алматыга, андан Жамбылга берип, чечет элек. Ошондуктан тез арада энергетикалык коопсуздугубузду камсыз кылышыбыз керек.
XS
SM
MD
LG