Кытайдан алынуучу 389 миллион доллар насыяга кытайлык компания тарабынан ишке ашырыла турган бул долбоордун Кыргызстан үчүн мааниси тууралуу “Азаттыкка” энергетика министринин орун басары Автандил Калмамбетов айтып берди.
Калмамбетов: “Датка-Кемин” линиясын курабыз
Президент Алмазбек Атамбаевдин Кытайдагы сапары учурунда түштүктөгү “Датка” подстанциясынан Кеминди көздөй жогорку чыңалуудагы электр түйүнүн курууну караган келишимге кол коюлду.