Бул күнү парламент сессиясында президенттик шайлоо алдындагы үгүт маселеси көтөрүлүп, талапкерлери көрсөтүлүп жаткан оппозициялык жана бийликчил маанайдагы фракция депутаттары бири бирин каржылык жана административдик ресурстар үчүн айыпташты.
Президенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык штабды вице-премьер-министр Темир Жумакадыров жетектемей болду. Зилалиев бул милдеттен бошотулуп, эскертүү алды. Өкмөттүн сайтындагы маалыматка караганда "премьер-министрдин мындай чечими Дүйшөнбек Зилалиевдин талапкерлердин бирине өзүнүн жеке артык көрүүсүн жарыялоосуна байланыштуу болду".
Ал 19-сентябрда Баткенде облустук актив менен жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө талапкер Сооронбай Жээнбековду колдой турганын айтып, отургандарга да ушундай сураныч келтирген. Зилалиев өзү мындай сөз бейформал жолугушууда айтылганын, ошондуктан үгүт деп эсептебесин белгилеген билдирүү таратты.
"Азаттыктын" маалыматы боюнча вице-премьер-министрдин облус активи менен жолугушуусу облустук администрациянын имаратында ачык жана иш убактысында өткөн.
Оппозиция Зилалиевди жазалоону талап кылды
Вице-премьер-министрдин Баткен активи менен жолугушууда сүйлөгөн сөзүнөн улам үгүт маалындагы административдик ресурс маселеси Жогорку Кеңештин бейшемби күнкү сессиясында да көтөрүлдү.
Зилалиев: Биздин талапкерди колдоп бериңиздер
"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев өкмөттүн Зилалиевге карата чечимин жумшак болуп калды деп баалады:
- Өкмөттүн вице-премьери Зилалиев Баткенде актив менен жолукканда үгүт ишин жүргүздү. Бул боюнча Башкы прокуратура юридикалык баа бериши керек, жоопко тартыш керек. Ал киши шайлоону Коопсуздук кеңешинин чечими менен камсыздоого алектениши керек эле. Бирок бул жасаган иши туура эмес.
Депутат Жээнчороев жер-жерлерде административдик ресурс өтө катуу колдонулуп жатат деп, муну талапкер Сооронбай Жээнбековдун Алайдагы, Өзгөндөгү жолугушууларына мамлекеттик кызматкерлер мекемелерди жаап коюп келип жатат, үгүткө окуучулар тартылып жатат деп негиздегенге аракет кылды.
Мындай дооматты КСДП депутаты Улан Примов төгүндөдү:
- Мен Алай районундагы Сооронбай Жээнбековдун жолугушуусун уюштургандардын бири катары айтайын, эч кандай мектептерде же лицейлерде окуу токтотулган жок. Окуу процессин токтотуп окуучу, мугалимдерди алып келген көрүнүштөр катталган жок. Бул туура эмес маалымат.
Мадеминов: Азыркы көрүнүш админресурс эмес
КСДП фракциясынан дагы бир өкүл Мурадыл Мадеминов тескерисинче бийликчил талапкердин негизги атаандашы каражаттын күчү менен эл арасында финансылык ресурсту оң-солго чачып жатат деп сындады:
- Кайсы жерде административдик ресурс болуп жатат? Элдин арасында бир партиянын мүчөлөрү 3 миң сомдон таратып жатат дешти эле, азыр 100 долларга жетиптир. Муну Атамбаев же Жээнбеков жасап жатабы? Бул жерде башкалар жөнүндө сөз болуп жатат. Аны эл айтып жатат, депутаттар айткан жок.
Мадеминов талапкер Өмүрбек Бабановдун казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуусун үгүт ишинде колдонуп жатканын айыптап чыкты. Буга "республикачыл" Мирлан Жээнчороев бийликтин кош стандарттуу саясаты жүрүп жатканына нааразычылыгын билдирип, өткөн айда эле казак президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолукканын депутаттардын эсине салды.
- Эмнеге эки стандарттуу көз караштар болуп жатат? Бир ай мурун эле президенттикке расмий түрдө сунушталган Сооронбай Жээнбеков президент Назарбаев менен жолуккан. Бүгүн Бабанов парламенттеги фракциянын жетекчиси катары жолугуп келди. Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда кызматташуу, достукту өнүктүрүш үчүн биз ар бирибиз жолугушубуз керек да. Эки апта мурун өзбек башчысы Мирзиёев менен бардык фракция лидерлери жолукту. Эмнеге эки стандарт болот?
Оппозициядагы депутаттар Бабановдун Назарбаев менен жолугушуусу тууралуу 20-сентябрда КТРКда “Адамдын амалы чексиз” аталышындагы макаланы сындап, талапкер Өмүрбек Бабановго карата кара пиар болгонун айтышты.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 20-сентябрда Казакстанга протест нотасын жөнөткөн. Анда расмий Бишкек казак лидери Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстандагы президенттик шайлоого катышып жаткан талапкерлердин бири Өмүрбек Бабанов менен жолукканына нааразы экени айтып, муну бөтөн өлкөнүн Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү катары баалаган.
Ошол эле күнү Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Бишкектин нотасына жообун тапшырган. Анда Казакстан кыргыз дипломатиясына таң калуусун белгилеп, казак лидери башка өлкөнүн саясий ишмерлери менен жолугушуулары буга чейин деле болуп келгени жана эл аралык тажрыйбага шайкеш келээри жазылган.