Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:02

Шайлоо-2017: ТИМ Астанага нааразылык нотасын жөнөттү


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 20-сентябрда Казакстанга протест нотасын жөнөттү. Анда расмий Бишкек казак лидери Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстандагы президенттик шайлоого катышып жаткан талапкерлердин бири менен жолукканына нааразы экени айтылат. Шайлоого катышып жаткан Өмүрбек Бабанов казак мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев менен жолукканы тууралуу маалымат Казакстан президентинин расмий сайтына 19-сентябрда жарыяланган. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы алар бул маселени талкуулай тургандыктарын билдирди.

Расмий Бишкек Казакстанга жөнөткөн нотасында Кыргызстандагы президенттик шайлоого катышып жаткан талапкерлердин бирине казак лидеринин колдоо көрсөткөнүнө таң калып жатышканы айтылат.

- Кыргызстан бул айтылгандарды жана ошол жолугушуунун кеңири чагылдырылышын кыргыз элинин тандоосуна таасир этүү аракети жана ички иштерине кийлигишүү катары баалайт, - деп айтылат Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты.

Атамбаев БУУдагы сөзүндө шайлоого

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн БУУнун Башкы ассамблеясында мамлекет башчы катары алгачкы ирет сүйлөп, президенттик шайлоого да токтолду. Шайлоону таза өткөрүүгө саясий эрк бар деп ырастады ал:

- Биз үчүн жаңы президентти шайлоону адилет жана ачык-айкын өткөрүү – Кыргызстандагы мындан аркы стабилдүүлүктүн кепили жана бул үчүн бизде бекем саясий эрк бар.

Алмазбек Атабаев шайлоо маселесине БУУдагы сөзүнүн соңку, кырызча бөлүгүндө да токтолуп, кыргызстандыктарды шайлоодо "башка элдин башчыларына алданып калбоого” чакырды:

- Кайрадан башка элдин башчыларына, башка элдин байларына алданып кетпейлик! Кайрадан элдин байлыгы бекер сатылып, жерибиз белек катары берилип, карапайым калк кор болбосун, алданбагыла акчага айланайындар, алданбагыла бал сөзгө, алданбагыла алдамчы көзгө! - деди Атамбаев.​

Алмазбек Атамбаевдин БУУда сүйлөп жаткан учуру. 20-сентябрь, 2017
Алмазбек Атамбаевдин БУУда сүйлөп жаткан учуру. 20-сентябрь, 2017

Карин: Кыргызстан “жасалма чыңалуу” жаратууда

Назарбаев менен Бабановдун жолугушуусу жана расмий Бишкектин нааразылык нотасы казак саясий айдыңында да сөз болууда.

Казакстандык коомдук ишмер, "Казакстан" мамлекеттик телеканалынын жетекчиси Ерлан Карин өзүнүн Фейсбук баракчасына “Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги эки өлкө ортосунда “жасалма чыңалуу” жаратууда” деген пикирин жазды. Ал буга чейин казак президенти Назарбаев Кыргызстандын президенттигине талапкер болгондор менен жолугуп келген тажрыйба бар экенин кошумчалаган.

Казакстандык серепчи буга чейин Назарбаев Сооронбай Жээнбеков менен да жолукканын, 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо болсо, бир топ партиялардын өкүлдөрү менен кездешкенин белгилеген.

Ерлан Карин.
Ерлан Карин.

Шайлдабекова: БШК бул маселени карайт

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо мыйзамынын талабына ылайык, шайлоо өнөктүгү учурунда чет элдик саясий ишмерлердин колдоосун алууга тыюу салынарын белгилеп, жогорудагы факт боюнча мекеме өз чечимин жакын арада чыгарарын билдирүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова чет элдик жарандар Кыргызстандагы шайлоо жараяндарына, үгүт процессинде катыша албасын айтат:

- Албетте биздин Баш мыйзамда нормалар бар. Анын ичинде үгүт жүргүзүү боюнча бир нече эрежелер бар. Үгүт иштери убагында чет өлкөлүк лидерлер менен сүрөттөрдү таркатууга тыюу салынган. Бул маселе боюнча расмий коллегиялуу түрдө чечим чыгарабыз. Биздин тартибибиз боюнча жумушчу топтор карап, БШКга чечимдин долбоорун сунушташы керек.

Нуржан Шайлдабекова.
Нуржан Шайлдабекова.

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов казак мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев менен жолукканы тууралуу маалымат Казакстан президентинин расмий сайтында 19-сентябрда жарыяланган. Ал жолугушууда "эки тараптуу кызматташуу жана бир тууган мамилени бекемдөө маселеси" талкууланганы жазылат.

Аты аталган талапкердин шайлоо штабынан бул жолугушуу боюнча комментарий берилбей турганын билдиришти.

Эксперттер эмне дейт?

Президенттикке талапкердин чет өлкөлүк лидерлер менен жолугушуусу Кыргызстандын көз карандысыздыгына шек келтирет дегендер да бар. Алардын бири саясат таануучу Марат Казакпаев:

- Укук механизми жок. Бирок моралдык жагын сезиш керек болчу. Чет өлкөгө барып президенттер менен жолугуу туура эмес. Башка өлкө башчылар дагы муну сезиш керек болчу. Дүйнөдө саясат ушундай. ТИМдин позициясын туура эле деп ойлойм. Бул - Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү.

Ал эми дагы бир талдоочу Марс Сариев казак президентинин бийликтин талапкерине негизги атаандаш делип жаткан саясатчыны кабыл алганын эки өлкө ортосундагы мамилеге байланыштуу деп божомолдоду:

- ТИМдин катында кыргыз тараптын нааразы болгону көрүнүп турат. Бирок, байкасак, мамиле мурда эле сууп калган. Астанада өткөн форумда Кыргызстандан министрдин орун басары барган. Ал эми ал жерге башка мамлекеттерден президенттер барып, жогорку даражадагы жолушуу болгон. Мен ошондо эле сезгем казак-кыргыз мамилеси сууп калганын. Азыр дагы сезилип жатат. Бишкек Назарбаевдин талапкерди кабыл алганын демарш катары сезип жатат.

Дегеле Кыргызстанда шайлоого аттанган саясатчылар чет өлкө лидерлеринен “бата” алып келген учурлар буга чейин да кездешкен. 2010-жылы парламенттик шайлоодо да айрым партиялардын лидерлери Орусиянын жана Казакстандын лидерлери менен жолугушкан учурлары болгон. Маселен, ошол кездеги президент Дмитрий Медведевдин “Ар-намыс” партиясынын төрагасын кабыл алганы Орусиянын борбордук телеканалдары аркылуу кеңири чагылдырылган. Шайлоо өткөндөн кийин парламентке өткөн партия лидерлери биринен сала бири Москвага жөнөгөнү белгилүү. Ал эми 2011-жылы президенттик шайлоо маалында азыркы президент, андагы башкы талапкер Алмазбек Атамбаевдин ошол кездеги өкмөт башчы Владимир Путин менен жолугушуусу Орусия медиасында кеңири кеп болгон.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт, үгүт өнөктүгү 10-сентябрда башталган. Талапкерлердин саны 13 адам.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG