Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:49

Жалал-Абадда мисте мол түшүм берди


Ирандагы Ноорузга карата базардагы мисте. Иллюстрациялык сүрөт.
Ирандагы Ноорузга карата базардагы мисте. Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абадда быйыл мистенин түшүмү жакшы болуп, баасы да жылдагыдан жогору болуп жатат. Облустагы токой чарбалары быйыл жалпысынан 7 тоннадан ашык мисте жыйноонун камын көрүүдө. Ал арада токойлордон өз алдынча мисте терүү өнөктүгү да күч алды.

Аксы районунун Кызыл-Жар айылынын тургуну Абдимитал Миңбаев агасы менен токойго барып, бир күндө эле бир кап мисте жыйнап келген. Анын айтымында, быйыл мисте жакшы түшүм берди, ошого жараша аны жыйнагандар да арбын.

- Агам экөөбүз кыштай жегенге эле деп терип алдык. Бир күн жүрүп 50 килограмм жыйнадык. Аны үйдө кургатып, сыртындагы кабыгын аарчыйбыз. Бир аз салмагын жоготот. Азыр мисте тергендер көп. Адырга барсаң, бири-бирине карабай терип жатканын көрөсүң. Токойду ижарага алган адамдар киши жалдап, түшүмдүн тең жарымын аларга берип жатканын уктук. Биз болсо жегенге эле терип алдык.

Мисте тергендер.
Мисте тергендер.

Базар-Коргон районунун тургуну Асан август айынын башынан бери жарым тоннага жакын чийки мисте тергенин айтты. Таңда башталган теримчилик күн батканга чейин тоо башында уланат.

- Ноокендеги Тоскоол-Ата токой чарбасынын аймагынан мисте терип жүрөбүз. Быйыл мисте аябай жакшы түшүм берди. Бир түптүн өзүнөн эле бир мүшөктөй түшүм жыйнап жатабыз. Мурдагы жылдары тоо аралап басып, эки-үч күндө араң чогултуп алаар элек. Кургатылбаган чийки мистени 100 сомго, кабыгы аарчылып, кургатылганын 300 сомго чейин сатып жатабыз. Тоо башынан терип, түшүп келе жатсаң эле жол боюнда сатуучулар күтүп турган болот. Мисте терүү да өзүнчө түйшүк. Дарактын башына чыгышың керек. Кээде жыгылып түшөсүң. Чайырынан колуң карайып, кесилип кетет. Кечке 10-15 чакырым тоо аралап жүрүп катуу чарчайсың. Терилген мистеңди сатып, колуңа акча тийгенде баарын унутуп, кайра эле тоо башына жөнөйсүң.

Жалал-Абад облусунун аймагында 33 миң гектардан ашык аймакты мисте токою ээлейт. Акыркы жылдары мисте аянттары бар токой чарбалары түшүмдөн кур калган учурлар болгон.

Аймактык айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Эрмеков быйыл түшүмдүн мол болгону токой чарбаларынын ишин жакшыртып жатканын айтты:

Бакыт Эрмеков.
Бакыт Эрмеков.

- Акыркы он жылдан бери мисте быйылкыдай түшүм бере элек болчу. Мисте токойлорун буга чейин ижарага алуудан баш тартып келишкен. Пайда бербесе, эч ким иштеткиси келбейт да. Быйыл болсо мисте токоюна кызыккандар көбөйдү. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин буйругу менен жыл башында токойлорду ижарага бөлүп бергенбиз, азыр түшүм жыйноо өнөктүгү жүрүп жатат.

Учурда токой аянттарындагы мистенин түшүмүн өз алдынча терүү да күч алган кез.

- Азыр мистени өз алдынча терген уурулар токойчуларды кыйнап жатат. Токойго жакын жашагандар бири-бирине эрегишип быша элек мистени да терүүдө. Быша элек мөмөнү тергени аз келгенсип, бутакты сындырып кетишет. Коопсуздукту сактабай, токой ичинде тамеки тарткандары да бар. Быйыл токой чарбалары эки жылга жеткидей мистенин үрөнүн да камдашы керек. Анткени мурдагы жылдары түшүм жок, үрөн сакталбай келген. Эми тамыры терең жайылган мистенин көчөттөрүн эгип, аянтын кеңейтүү пландарыбыз бар. Эң өкүнүчтүүсү - мисте дарактары суу жетпеген тоолуу аймактарда өсүп турат. Ошондуктан түшүмдүүлүгү да төмөн. Быйыл жаз айында өкмөттүн атайын токтому кабыл алынды. Анда мисте токойлорунун абалын оңдоо жана ижарага берүү жагы каралган, - деди Бакыт Эрмеков.

Быйыл мистенин килограммы 500 сомго чейин чыккан. Ортомчулар аны теримчилерден 250-300 сомдон дүңүнөн сатып алат. Мындан сырткары Түркиядан жана Өзбекстандан келген ишкерлер жеринен алып кетет.

Эркайым Турдумаматова.
Эркайым Турдумаматова.

- Быйыл бир тоннага жакын мисте сатып алып, камдап койдум. 250-300 сомдон элден сатып алып, базарда 500 сомдон сатыкка коюшат. Биз мистени алгандан кийин кууруп, башка бирөөлөргө чактырабыз. Андан кийин гана сатыкка коюлат. Биздин мисте кичирээк келет, бирок Ирандан, Түркиядан келип жаткандарга караганда даамдуу болот. Бирок жергиликтүү тургундар конок чакырганда сырттан келген мистени көп алышат. Анын баасы 700-1200 сомдун тегерегинде. Ал эми биздин мистелерди Түркия менен Өзбекстандан келген инвесторлор алып кетүүдө. Баанын жогору жана төмөн болушу да ошолорго көз каранды, - Эркайым Турдумаматова.

Быйыл облус аймагындагы токой чарбалары жалпысынан 7 тоннадан ашык кургатылган мистенин түшүмүн жыйноону пландап жатат.

Кыргызстандын шартында мисте токойлору бийик тоолуу, суусуз аймактарда өскөндүктөн түшүмү майда келет. Мисте дарактарынын айрымдары 350–400 жылга чейин мөмө берет. Данегинин маңызында 54–60% май, 18–25% чейин белок болот.

Мисте терүү бир топ опурталдуу иш. Өткөн айда Майлуу-Суу шаарында тоодо мисте терип жүргөн окуучу жардан кулап каза тапкан. Өткөн жумада дагы бир аял жардан кулап ооруканага түштү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG