Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:58

Жалал-Абад: токойлорду малак курт каптады


Токойду коргоо.
Токойду коргоо.

Облус аймагында 40 гектарга жакын токой аянттарын малак курт каптап, зыянкечтерди жок кылуу аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Бактыбек Анаркулов билдирди. Буга чейин чачылган дарылар аба-ырайынын жаанчыл болуусунан улам күчүн жоготуп, курттарга анчейин таасир берген эмес.

Азыр Жалал-Абад шаарынын Курорт аймагындагы жана Базар-Коргон районундагы мисте токойлорун малак курт басып турат. Облустук токойду сактоо жана коргоо станциясы аларды биологиялык жол менен дарылоо максатында эки күндөн соң 2 миңге жакын коңузду токойлорго коё беришет. Малак курт менен тамактанган коңуздар адамга зыяны жок экени, мындан улам бул ыкма колдонулуп жатканы айтылды. Калктуу конушка жакын жайгашкан мисте дарактарын химиялык жол менен дарылоого тыюу салынган. (RsK)

XS
SM
MD
LG