Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Дача-СУнун көйгөйү чечиле элек

Дача-СУ: кырсык өттү, көйгөй калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:05 0:00

Дача-СУ: кырсык өттү, көйгөй калды

Эки жыл мурда Дача-СУ конушуна учак кулагандан кийин аэропортко жакын үйлөрдү көчүрүү боюнча чакырыктар айтылган. Өкмөт бул маселени карап көрөрүн билдирген.

Эксперттер аэропортко танапташ турак үйлөрдүн болушу учуу-конуу коопсуздугуна терс таасирин тийгизерин айтып жатышат. Эки жыл мурда "Манас" аэропортунун жанында жайгашкан Дача-СУ конушуна учак кулагандан кийин адистер "аэропортту курчаган үйлөрдү тезинен көчүрүш керек" деген талап коюшкан.

Бирок ушул күнгө чейин кыйраган үйлөрдүн жашоочулары гана көчүрүлбөсө, Дача-СУда мурдагыдай эле жашоо өтүп жатат. ​Дача-СУдагы учак кырсыгынан кийин кандай сабак алынды жана эми эмнелерге көңүл буруу зарыл?

Конуштун тургуну Анарбек Абылгазиев жакындары учактар учуп-конгон сайын чочулап жатышканын айтып берди:

- Кооптуу жерден коопсуз аймакка көчүрүп койсо жакшы болмок. Өлкөбүздүн жараны катары 4 сотых жерди эмнеге аяшат? Таң каласың... Жер берилсе эле көчүп кетет элек. Кечээ күнү Иранга бараткан бир учак кулаптыр. Бизге куласа эмне болмок? Учак күндө эле төбөбүздөн учуп өтөт.

Дача-СУдагы бүгүнкү турмуш

Кандуу учакты эске салган эстелик. 
1/23 Кандуу учакты эске салган эстелик. 
Эскерүү тактасынан жакындарынын атын издеген тургун. 
2/23 Эскерүү тактасынан жакындарынын атын издеген тургун. 
Авиакырсык энелердин жүрөгүн азыркыга чейин өйүп келет. 
5/23 Авиакырсык энелердин жүрөгүн азыркыга чейин өйүп келет. 
Бийлик өкүлдөрү Дача-СУ курмандыктарын эскерүү иш-чарасына катышты. 
8/23 Бийлик өкүлдөрү Дача-СУ курмандыктарын эскерүү иш-чарасына катышты. 
Эскерүү иш-чарасы. 
9/23 Эскерүү иш-чарасы. 
Куран окутууга даярдык. 
10/23 Куран окутууга даярдык. 
Суу ташыган бала. 
11/23 Суу ташыган бала. 
Кырсыктан кийин бийлик Дача-СУ айылына таза суу киргизүүгө аракет кылган, бирок азыркыга чейин майнап чыга элек. 
12/23 Кырсыктан кийин бийлик Дача-СУ айылына таза суу киргизүүгө аракет кылган, бирок азыркыга чейин майнап чыга элек. 
Мектепке карай жол. Сол тараптагы дубалдын ары жагы учак кулаган жердин орду.
13/23 Мектепке карай жол. Сол тараптагы дубалдын ары жагы учак кулаган жердин орду.
Айыл жолу - тургундардын негизги көйгөйлөрүнүн бири. 
14/23 Айыл жолу - тургундардын негизги көйгөйлөрүнүн бири. 
Тургундар сууну азыркыга чейин айылдын чекесинен ташышат.
16/23 Тургундар сууну азыркыга чейин айылдын чекесинен ташышат.
Жыл сайын 16-январда тургундар куран окуганы чогулушат. 
18/23 Жыл сайын 16-январда тургундар куран окуганы чогулушат. 
Айыл турмушу өз нугунда. 
19/23 Айыл турмушу өз нугунда. 
Жаш баланын батасы кабыл болот. 
20/23 Жаш баланын батасы кабыл болот. 
Бүгүн иттин үргөнү угулбайт. 
21/23 Бүгүн иттин үргөнү угулбайт. 
Жамандыкты жакшылык жеңет. 
22/23 Жамандыкты жакшылык жеңет. 
Эки жыл мурун учак кулаган жердин бүгүнкү абалы. Бул жерде кырсыкка чейин үйлөр турган. 
23/23 Эки жыл мурун учак кулаган жердин бүгүнкү абалы. Бул жерде кырсыкка чейин үйлөр турган. 
Артка
Алдыга


Дача-СУ конушунда 230дан ашуун үй болгон. Бул аймакта айрым үй-бүлөлөр батирде жашайт. Дача катары гана статусу бар конуштагы кээ бир үйлөргө "кызыл китеп" берилген эмес.

Кырсыктан кийин бийлик өкүлдөрү конушту толугу менен көчүрүүгө убада бербесе да, бул маселени карап көрөрүн билдиришкен.

Бирок биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов азыркы күнгө чейин чечим кабыл алынбаганын моюнга алды:

Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

- Аэропорттун кызматы, авиакомпаниялар коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча иштерди алып барып жатат. Буга чейин деле мындай иштер жүрүп келген. Ал эми элди көчүрүү, конушка айыл статусун берүү боюнча чынын айтканда азырынча ... Эми комплекстүү түрдө каралышы керек.

Авиация тармагы боюнча эксперт, "Эйр Кыргызстан" компаниясынын директору Жолдош Бектурганов бул боюнча эртедир-кечтир чечим кабыл алуу зарыл экенин белгиледи:

- Мындай кырдаал жалгыз эле "Манаска" тиешелүү эмес. Өлкөдөгү бир топ аэропорттор ушундай абалда. Муну комплекстүү түрдө караш керек. Каражаттын жетишсиздигинен маселе чечилеби же чечилбейби, айта албайм. Экинчиден ошол жактагы тургундар да өз коопсуздугун карашы керек. Аэропортко өтө жакын жерге үй салып алгандар бар. Эртең ошондой кырсык кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт.

Дача-СУдагы кырсыктан соң анын кесепетин жоюу боюнча иш алып барган адамдар учурда өкмөттү башкарып жатат. Тагыраагы, авиакырсыктын кесепетин жоюу боюнча комиссиянын төрагасы азыркы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев болгон.

Ал кырсыкты жоюу боюнча иш алып барган өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов учурда биринчи вице-премьер-министр болуп иштеп жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев маселенин күңгөй-тескейин билген адамдар учурда чечим кабыл алуучу кызматта отурганын эске салып, бул жагынан ыкчам иш жүрүшү керек экенин билдирди:

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

- Кырсык болгон соң учакка ээлик кылган түрк компаниясынын өкүлү "жер бөлүп берсеңер, биз тургундарга үй куруп, эмерегине чейин алып беребиз" деп айткан. Ал жолугушууга парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары да катышкан. Кийин эле маселе көтөрүлбөй, жабырлануучулар "айтууну каалаган жок" деп жабылып калды. Мен Транспорт министрлигине кат жазып жооп ала алган жокмун. Мен "Эмне үчүн түрк компаниясынын эсебинен конуштагы айрым адамдарды көчүрө алган жокпуз?" деп кызыгып келем. Биз бул маселени эртели-кеч чечишибиз керек.

Нурбаев Жогорку Кеңеш сунуш кылып, 15-январда гана президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон "Ачык асман" долбоорун эске салды. Бул долбоордун алкагында "Манас" аэропортун өнүктүрүү, учак каттамдарын көбөйтүү каралган.

Депутат мындай долбоорду ишке ашырыш үчүн аэропортто болушунча коопсуз учуу-конуу шарттарын түзүү зарыл экенин кошумчалады.

2017-жылдын 16-январында таңкы жети жарым чамасында түркиялык компанияга таандык "Боинг-747" үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак Бишкектин түндүк тарабындагы "Манас" аба майданынын жанына кулап түшкөн.

Кырсыктын айынан аба майданынын жанындагы Дача-СУ айылынын 35 тургуну, андан тышкары учактагы төрт учкуч мерт болгон.

Ошол кезде айтылган маалыматтар боюнча, Түркияда катталган "MyCargo" компаниясына таандык “Боинг-747” үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак Гонконг-Бишкек-Стамбул каттамы боюнча учкан.

Аны “Түрк аба жолдору” компаниясы жүк ташууга убактылуу жалдаган. Учак “Манас” аба майданынан күйүүчү май куюп, тыным алган соң кайра Стамбулга учууга тийиш болгон.

Кырсыкка учкучтардын катасы себеп болгону айтылган.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Куржундар
XS
SM
MD
LG