Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Учак кырсыгы: балдарын жоготкон эненин күйүтү


Сагынбек Рахманов үй-бүлөсү менен.
Сагынбек Рахманов үй-бүлөсү менен.

2016-жылдын 16-январындагы учак кырсыгынан Сагынбек Абдрахманов өзү, кош бойлуу жубайы Венера жана эки баласы каза тапкан. Маркумдардын баарынын сөөгү Ноокен районунда жерге берилген. Балдарынын күйүтүн тарткан эне - Айтбү Исабаева бул жоготууну материалдык байлык аркылуу толуктоо мүмкүн эмес дейт.

Былтыр ушул маалда жерге берилген жаш үй-бүлө мүчөлөрүнө багыштап туугандары жай башына барып куран түшүрүштү. Сагынбек Рахмановду өзүнчө, жубайын үч баласы менен бир жерге көмүшкөн. Маркумдун тууганы Жолчумамат Рахманов буларга токтолду:

- Бир үй-бүлөнүн бала-чакасы менен кайтыш болушу - бул өтө кайгылуу окуя. Ошондуктан айылдыктар, коңшу-колоңдор бул үй-бүлөнү сөз кылган сайын эстеп, эскерип турабыз. "Балким кырсык болбогондо балдары чоңоюп мектепке барып калат эле, Сагынбек өзү мындай болуп калмак" деп эстейбиз. Сагынбектин атасы 39, чоң атасы да 39 жашында эрте кайтыш болушкан. Өзү да тагдыры ошолордой болуп 30 жашында кете берди. "Кырсык" деп айтканыбыз менен адамга ажал келгенде баарыбыз кетебиз. Бечара баары жакшы балдар болчу.

Туугандары Сагынбек Рахмановдун үй-бүлөсүнүн бейитине барып куран окушту.
Туугандары Сагынбек Рахмановдун үй-бүлөсүнүн бейитине барып куран окушту.

Жолдошу жаштайынан каза болгон соң Айтбү Исабаева үч уул, эки кызын өзү багып чоңойтту. Ортончу уулу Сагынбек турмуш шартынын айынан бир топ жыл чет жакта миграцияда иштеп, кырсык болордо Бишкекке келип, үй-бүлөсү менен туруп калган. Баласы жана неберелери менен болгон акыркы көз ирмемдерин Исабаева мындайча эскерет:

Айтбү Исабаева.
Айтбү Исабаева.

- Акыркы жолу баламдын үйүнө Бишкекке барганымда "качан үй салып баштайсыңар, жок дегенде пайдубалын түптөп койсоң боло" деп айтсам, "апа, кам санабаңыз, жакында катуу киришип үй салам" деген. Өзү өткөн соң ошол үйүн бүтүрдүк. Неберелерим болсо "эне, кетпеңиз, биз менен калыңыз" деп ыйлагандары азыр да кулагымда жаңырып турат. Жок дегенде бирөө калса болбойт беле! Келиним болсо бир айдан кийин төрөйт болчу. Кантейин айланайын, эстеген сайын жүрөк эзилет.

Сагынбектин жубайынын жана балдарынын бейитиндеги эстелик.
Сагынбектин жубайынын жана балдарынын бейитиндеги эстелик.

Каргашалуу учак кырсыгында Айтбү эне 30 жаштагы уулу Сагынбекти, 24 жаштагы келини Венераны, неберелери - алты жаштагы Мухамедалыны жана үч жаштагы Алини жоготкон. Бир айдан соң Сагынбектин үчүнчү баласы төрөлмөк:

- Бир жыл кантип өткөнүн да билбейм. Баламсыз жашоо деле уланып жатат. Кудайга шүгүр, андан башка эки уулум бар, алар курулуш кылып иштеп жатышат. "Кырсык толук иликтенип чыкты" деп айта албайм. Анткени биздин кызматкерлерби же учкучтар күнөөлүүбү - эч ким айткан жок. Жакында "түркиялык учкучтар күнөөлүү" деп айтып чыгыптыр. Бирок биз буга ишенбейбиз. Биз чындыгында ким күнөөлүү экендигин ачык билгибиз келет. Убагында "биздин чоңдордун да жүгү бар экен" деп айтылып жаткан, кийин эле жок болуп кетти. Биз кичинекей эле адамбыз, биздин сөзүбүздү ким укмак эле? Эми бул окуя эскирген соң ачыгына чыгар, бирок ушул бойдон эле калып кетет, менимче.

Учак кырсыгынан каза болгондорду эскерүү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:57 0:00

Жергиликтүү бийлик райондогу мекеме-ишканалар менен биригип, бул үй-бүлөгө миллион сомго жакын жардам берген. Мындан сырткары, жабыркагандар авиакомпания тарабынан кенемте алышкан.

Рахмановдордун үй-бүлөсү ар тараптан берилген жардамдардын эсебинен маркум уулу Сагынбектин тилегин орундатып заңгыраган турак жай салышты.

Жаңы үй.
Жаңы үй.

Учурда бул жерде Айтбү эне кичүү уул-келини менен турат. Сагынбектин урматына жакындары эми мечит курууну болжоп жатышат. Бул тууралуу иниси Касымбек Камил уулу айтты:

- Агамдын ордун эч ким баса албаса керек. Экөөбүз чогуу курулушта көп жолу иштеп жүрдүк. Ишкана аркылуу устачылыкка буюртма алып, чогуу бүтүрчүбүз. Азыр үйдө ал жак, бул жактарды оңдоп жатып, жасай албай калсам сөзсүз Сагынбек агамдын орду билинип, дароо эсиме түшөт. Анткени үйдөгү курулуш иштеринин баарын өзү жасачу. Айла жок, азыр эми Куран окуп, эстеп турабыз. Жакында анын атына айылга мечит салалы деп жатабыз.

Сагынбек Рахмановдун үй-бүлөсү.
Сагынбек Рахмановдун үй-бүлөсү.

2017-жылдын 16-январында эртең менен жети жарымдар чамасында түркиялык компанияга таандык "Боинг-747" үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак "Манас" аба бекетинин жанына кулап, андан Дача СУ кыштагынын 35 тургуну жана төрт учкуч каза болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG