Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Чоң-Алайда үйү бузулгандар чатырга көчтү


Жер титирөөдөн кийин жарактан чыккан үй. 3-май, Чоң-Алай
Жер титирөөдөн кийин жарактан чыккан үй. 3-май, Чоң-Алай

Чоң-Алай районунда жер титирөө кайра-кайра сезилип, эл үйгө киргенден коркуп, чатырда жашап жатат.

Жер силкингенден жабыркагандардын маалыматына караганда, бир эле Кара-Мык айылында үйлөрдүн 80% жарака кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан чатырлар элге жеткен эмес.

3-майда шашкеде болгон жер титирөөдөн кийин Чоң-Алай району чоң зыян тартты.

Очогу Тажикстандын аймагында жайгашкан силкинүү күчү Жекенди айыл аймагынын Шибээ, Карамык жана Кара-Тейит айылдарында 6 баллга чейин сезилген.

ӨКМдин билдиришинче, зилзала кесепетинен Карамык айылында тоодон таштар кулап, жергиликтүү тургундун жайыттагы 110 коюн басып калган.

Кара-Мык айылынын Жалалидин аттуу тургуну министрлик тараткан чатырлар элге жетпей, көпчүлүк жабырлануучулар боз үйдө, алачыкта жана машинелеринде түнөп жатканын кабарлады.

- Жер титирөө катуу болду. Мисалы, биздин Карамык айылында жер титирөө токтой элек. Улам кайталанып, элдин үшүн алып жатат. Үйдө түнөгөндөн коркуп турабыз. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алып келген чатырлар элге толук жеткен жок. Үйүмдү комиссия жашоого жараксыз деп кетти. Мага бөлүнгөн чатырды кошуналарыма бердим. Өзүмдүн боз үйүм бар, ошону тигип көчүп алдым. Азыр бир боз үйдө кемпирим, эки балам, келиним, эки неберем жана кошунам эки баласы менен жашап жатабыз.

Чоң-Алай районуна караштуу Карамык айылынын дагы бир тургуну Базарбай Турдукуловдун да үйү жер титирөөдөн жараксыз абалга келген. Ал азыр жети баласы менен жүк ташуучу "Портер" машинесинде жашап жатат. Анткени ага Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан чатыр жеткен эмес.

- Үйгө киргенге мүмкүнчүлүк жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чатырларды алып келди. Бирок ал жеткен жок. Менин жүк ташый турган машинем бар, анын үстүн кийиз менен жаап, астыбызга кийиз төшөп алып, жашап жатабыз. Эки адам салонго жатабыз. Жети балам бар.

Базарбай Турдукуловдун айтымында, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жер титирөө болгон айылдардагы эл менен жолугуп, ӨКМ эч кандай материалдык жардам көрсөтө албай турганын билдирген.

- Жер титирөөдөн эң көп зыянды ушул Карамык айылы тартты деп ойлоп жатам. Эми мамлекет тикелей жардам бере албаса, жок дегенде жеңилдетилген насыя берсе дейт элем. Кышкыга чейин жараксыз үйлөрдү оңдоп алат элек, - деди Турдукулов.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Авазбек Айтиев мекеме турак жай үчүн материалдык жардам бере албасын билдирди:

- ӨКМ турак жайларды калыбына келтирүү үчүн материалдык жардам көрсөтө албайт. Муктаждыкка жараша күнүмдүккө керектүү гуманитардык гана жардам бериши мүмкүн. Материалдык жардам айылга дамба, көпүрө куруу иштерине берилет. ӨКМдин негизги миссиясы - куткаруучулук болуп эсептелет.

Авазбек Айтиев турак жайды калыбына келтирүүгө мурдагыдай ссуда берилбесин, анын ордуна камсыздандыруу мыйзамы чыкканын эскертти. Мыйзамга ылайык, камсыздандырылган жана комиссия жашоого жараксыз деп тапкан үйдүн ээси камсыздандыруу компаниясынан акча ала алат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин акыркы маалыматына караганда, район боюнча 281 турак жай изилденип, анын 66сы жашоого кооптуу деп табылды, 215 үйдө майда жаракалар пайда болду. Аталган айылдарда жалпы 100 чатыр тигилип, ага жүз үй-бүлөдөгү 717 адам убактылуу көчүрүлдү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG