Жапониянын Кюсю аралында болгон жер титирөөдөн соңку маалыматтар боюнча 40тай киши каза тапты. Ал эми Эквадордогу зилзала 200дөн ашуун адамдын өмүрүн алды.
Эквадордогу катуу жер титирөө
Эквадордо кечээ болгон 7,8 баллдык жер титирөөнүн кесепетинен жүздөгөн кишилер каза тапты. Анын эпицентри 19 км тереңдикте Муисне шаарынан түштүк-чыгыш тарапты көздөй 27 чакырым аралыкта болгон. Көптөгөн турак жайлардын урап калганы кабарланууда.
Президент Рафаэл Корреа куткаруучулар урандылардын алдында калгандарды чыгаруу менен алектенип жаткан маалда кеминде 233 киши каза тапканын билдирди.
Президент Рафаэль Корреа өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялап, Ватиканга боло турган иш сапарын токтотту. Бийлик өкүлдөрү бул жер титирөөнү 1979-жылдан берки чоң кырсык деп атап жатышат. Ал жылы 600 киши каза таап, 20 миң киши жаракат алган.
Жер титирөөдөн өлкөнүн борбору Кито шаары да электр жарыгысыз калып, мобилдик байланыш үзүлгөн. Өлкөнүн ири шаары Гуякилде шаардык имараттардын дээрлик көпчүлүгү урады.
Тынч океандын цунамини эскертүү борбору жер титирөөнүн эпицентринен 300 чакырым аралык алыстыкта кооптуу ири толкундар болушу мүмкүндүгүн кабарлоодо. Мындан улам бийлик жээктеги тургундарды башка жакка көчүп кетүүгө чакырууда.
Жапониядагы жер титирөө 40 адамдын өмүрүн алды
Жапониянын Кюсю аралында 14 -16-апрелде болгон жер титирөөдөн соңку маалыматтар боюнча 40тай киши каза таап, 2000дей адам жаракат алып, дагы 200 киши оор абалда жатканы кабарланууда.
Ошондой эле ондогон адамдар урандылардын астында калган.
Ушул тапта 240 миң киши кооптуу жайлардан үйлөрүн таштап чыгып кетүүгө аргасыз болушту. Миңдеген жарандар жаанда ачык асман алдында түнөп жатышат.
Кумамото префектурасынын бийликтери катуу жер титиреген аймакта жол жана электр линиялары жарактан чыкканын, жергиликтүү оорукана урап калуу коркунучунан улам андагылар эвакуацияланганын билдирди. Аймакта куткаруучулар жана аскер адамдары уранды астында калгандарды издөө, баш калкасыз калгандарга жардам берүү менен алектенип жатат.
Жапония жер титирөө коркунучу жогору өлкө болуп саналат.
2011-жылдын 11-мартында цунами менен коштолгон 9 баллдык катуу жер титирөө Фукусима атомдук электр станциясынын бузулуусуна жана андан радиациянын чыгуусуна алып келген. Андагы зилзаладан 15 миң адам каза таап, 2,5 миңдей киши азыркыга чейин дайынсыз жоголгондордун тизмесинде.
Кюсю аралында болгон жер титирөөнүн кесепеттери
Жапониядагы жер титирөө
1/10Биринчи күчтүү жер титирөө бейшемби күнү кечинде болгон.
Сүрөттө: Көзүнө жаш алган аял Кумамотодогу Машки шаарында талкаланган үйү тууралуу айтып жатат.
15-апрелде Жапониянын түштүк-батышындагы Кюсю аралында эки күн катары менен жер титиреп жатат. Кырсыктан 20 киши каза таап, жүзгө жакыны жараат алды.
Биринчи жер титирөө 15-апрелдин түнүндө болду. Кумамото префектурасынын администрациясынын берген маалыматында, жаратылыш кырсыгы катталган аймакта 44 миңден ашуун жаран коопсуз жайларга жеткирилди.
2/10Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ коргоо күчтөрүнүн адамдарын, полиция, өрт өчүрүү кызматкерлери баштаган үч миң кишини куткаруу ишине тартканын кабарлады.
15-апрелде Жапониянын түштүк-батышындагы Кюсю аралында эки күн катары менен жер титиреп жатат. Кырсыктан 20 киши каза таап, жүзгө жакыны жараат алды.
Биринчи жер титирөө 15-апрелдин түнүндө болду. Кумамото префектурасынын администрациясынын берген маалыматында, жаратылыш кырсыгы катталган аймакта 44 миңден ашуун жаран коопсуз жайларга жеткирилди.
3/10Кырсык болгондон кийин дарыгерлерге миңден ашуун адам кайрылган. Анын 800дөн ашууну жабыр тарткан. 50 адамдын абалы оор.
15-апрелде Жапониянын түштүк-батышындагы Кюсю аралында эки күн катары менен жер титиреп жатат. Кырсыктан 20 киши каза таап, жүзгө жакыны жараат алды.
Биринчи жер титирөө 15-апрелдин түнүндө болду. Кумамото префектурасынын администрациясынын берген маалыматында, жаратылыш кырсыгы катталган аймакта 44 миңден ашуун жаран коопсуз жайларга жеткирилди.
4/10Экинчи жер титирөөдөн кийин 19 киши каза таап, 470и жабыр тартканы кабарланууда.
15-апрелде Жапониянын түштүк-батышындагы Кюсю аралында эки күн катары менен жер титиреп жатат. Кырсыктан 20 киши каза таап, жүзгө жакыны жараат алды.
Биринчи жер титирөө 15-апрелдин түнүндө болду. Кумамото префектурасынын администрациясынын берген маалыматында, жаратылыш кырсыгы катталган аймакта 44 миңден ашуун жаран коопсуз жайларга жеткирилди.
5/10Жапониянын метеорологиялык агенттигинин директору Ген Аоки кийинки жумада жер титирөө кайталанарын эскертти.
15-апрелде Жапониянын түштүк-батышындагы Кюсю аралында эки күн катары менен жер титиреп жатат. Кырсыктан 20 киши каза таап, жүзгө жакыны жараат алды.
Биринчи жер титирөө 15-апрелдин түнүндө болду. Кумамото префектурасынын администрациясынын берген маалыматында, жаратылыш кырсыгы катталган аймакта 44 миңден ашуун жаран коопсуз жайларга жеткирилди.
6/10Жапониянын метеорологиялык агенттиги түтүнү учурда 100 метрге көтөрүлүп жаткан Асо жанар тоосу атыларын кабарлады.
15-апрелде Жапониянын түштүк-батышындагы Кюсю аралында эки күн катары менен жер титиреп жатат. Кырсыктан 20 киши каза таап, жүзгө жакыны жараат алды.
Биринчи жер титирөө 15-апрелдин түнүндө болду. Кумамото префектурасынын администрациясынын берген маалыматында, жаратылыш кырсыгы катталган аймакта 44 миңден ашуун жаран коопсуз жайларга жеткирилди.
7/10Болжол менен 750 миңдей адам катуу силкинүүнү сезген.
15-апрелде Жапониянын түштүк-батышындагы Кюсю аралында эки күн катары менен жер титиреп жатат. Кырсыктан 20 киши каза таап, жүзгө жакыны жараат алды.
Биринчи жер титирөө 15-апрелдин түнүндө болду. Кумамото префектурасынын администрациясынын берген маалыматында, жаратылыш кырсыгы катталган аймакта 44 миңден ашуун жаран коопсуз жайларга жеткирилди.
8/10Жер титирөөнүн айынан айрым темир жолдордогу поезд каттамдары токтотулду.
15-апрелде Жапониянын түштүк-батышындагы Кюсю аралында эки күн катары менен жер титиреп жатат. Кырсыктан 20 киши каза таап, жүзгө жакыны жараат алды.
Биринчи жер титирөө 15-апрелдин түнүндө болду. Кумамото префектурасынын администрациясынын берген маалыматында, жаратылыш кырсыгы катталган аймакта 44 миңден ашуун жаран коопсуз жайларга жеткирилди.
9/10Бийликтер мындан тышкары жабдыктарын текшерүү үчүн эки АЭСтин ишин токтотту.
15-апрелде Жапониянын түштүк-батышындагы Кюсю аралында эки күн катары менен жер титиреп жатат. Кырсыктан 20 киши каза таап, жүзгө жакыны жараат алды.
Биринчи жер титирөө 15-апрелдин түнүндө болду. Кумамото префектурасынын администрациясынын берген маалыматында, жаратылыш кырсыгы катталган аймакта 44 миңден ашуун жаран коопсуз жайларга жеткирилди.
10/10Бирок жакшы да жаңылыктар жок эмес. Силкинүү очогу океанда эмес, жерде болууда. Мындан улам цунами коркунучу басаңдады.
15-апрелде Жапониянын түштүк-батышындагы Кюсю аралында эки күн катары менен жер титиреп жатат. Кырсыктан 20 киши каза таап, жүзгө жакыны жараат алды.
Биринчи жер титирөө 15-апрелдин түнүндө болду. Кумамото префектурасынын администрациясынын берген маалыматында, жаратылыш кырсыгы катталган аймакта 44 миңден ашуун жаран коопсуз жайларга жеткирилди.
Артка
Алдыга
Жапониядагы кыргызстандыктар
Жапониядагы жер титирөө болгон Кумамото шаарында жашаган Жази Келгенбаева 16-апрелде “Азаттыкка” абал тууралуу айтып берди.
“Азаттык”: Жази, азыр кантип жатасыздар, кайдасыздар?
Жази Келгенбаева: Биз ошол жер титирөө болгон Кумамото шаарында жашайбыз. Азыр биз эвакуацияланып, башка шаарга чыгып кеттик. Токиого кетели деп жатабыз.
“Азаттык”: Ал жердеги тургундардын баары Токиого кетип жатабы?
Жази Келгенбаева: Жок. Чет элдиктер гана чыгарылып жатат. Элчилик же жоопкерчиликтүү уюмдар өз жарандарын алып чыгып кетүүдө. Биз кечээ элчилик менен байланышканбыз. Билет бүгүнкүгө туш келип, башка шаарга багыт алдык.
“Азаттык”: Кумамотодо канча кыргызстандык бар?
Жази Келгенбаева: Бул жакта Кыргызстандын эки эле жараны бар. Мен өзүм эле жүрөм. Жанымдагы эже үй-бүлөлүү.
“Азаттык”: Ошол жер титирөө болгон күнү сиз кайда элеңиз?
Жази Келгенбаева: Бейшемби күнү кечинде болду. Саат тогуз жарым болуп калган. Жатаканада жалгыз болчумун. Бул жакта негизи аз-аздан жер титирөө болуп турат. Бирок мынчалык деңгээлде болгонун көргөн эмесмин. Ошол күнү аябай катуу болуп, текчеден китеп, буюмдарым кулай баштаганда жатаканадан чуркап чыгайын десем, эшик автоматтык түрдө жабылып калыптыр. Анан арткы эшиктерден чуркап чыксам, элдин баары көчөдө экен. Бул жатаканада бүт чет элдиктер, сырттан келгендер жашайт. Баары эле ызы-чуу түшүп жатты. Анан ал жактагы жапондор келип, бизди тынчтандырып, башка жакка көчүрүштү. Түнү бою жер силкинип чыкты. Таң аткыча уктай албай, титиресе эшикке чуркап, токтосо кайра биринчи кабатка кирип жүрдүк.
Түнкү саат бирге жакын мурункудан да катуу силкинди. Коркуп, африкалык дос кызымдын үйүндө жаттым. Жергиликтүү, бирок үйлөрү урагандар көчүп чыгышты. Үйү бүтүндөр эч жакка кеткен жок го.