Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:05

Ажалга азгырылган өспүрүмдөр


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кезек апта темасында. Бул жолу тестиер, өспүрүм курактагы балдарды тооруган кооптуу жагдайлар, алардын алдын алуунун ыкмалары тууралуу кеп болот.

Бүгүнкү өспүрүмдөр улуу муун өкүлдөрү өздөрү адепсиз болуп туруп аларды тартипке чакырганын жактырбайт.

Мисалы, бала кезинен базарда ар кандай жумуштарда иштеп жүргөн балдар улуу муундун өкүлдөрү өздөрүнө орой мамиле кыла турганын айтса, мектеп окуучулары ата-энелеринин, мугалимдеринин айрым мамилесине нааразы. Азыркы жаш муундун талабы кандай жана алар өздөрү курчап турган чөйрөдөн кандай мамиле күтөт? Бул суроого кабарчыбыз Зайырбек Ажыматов жооп издеди.

Жаш муундар улуулардан эмне күтөт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:15 0:00
Түз линк

Расмий маалыматка караганда быйыл жыл башынан бери 84 өспүрүм өз жанын кыйган. Психоаналитиктер мунун себебин ата-эне менен баланын ортосундагы диалогдун жоктугунан, миграциядан көрсө, өспүрүмдөр аларды өз жанын кыюуга социалдык медиа, Интернет түртүп жатканын айтышат. Бактыгүл Чыныбаева өспүрүмдөрдөн, алардын жакындарынан жана кесипкөй адистерден суициддин себептерин аныктоого аракет кылды.

Суицидге түрткөн жагдайлар
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:13 0:00
Түз линк

Нарын облусунда акыркы үч ай ичинде эле төрт өспүрүм өз жанын кыйды. Ата-энелери "тиешелүү органдарга дообуз жок" деген тил кат жазып берип, балдардын өлүмүнүн себептери аныкталбаган бойдон калды. Билим берүү мекемелери бул көрүнүштүн алдын алуу максатында, атайын тобокелдик тобундагы өспүрүмдөр менен тыгыз иш алып барууну күчөттү. Теманы кабарчыбыз Мирлан Кадыров улантат.

Жабылуу аяк жабылуу бойдон калганда
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:22 0:00
Түз линк

Милиция, прокуратура кызматкерлери мектептерди кыдырып окуучулар менен жолуккан учурлары, кылмыш, укук жана жаза тууралуу сабак өткөнү эсиңерде болсо керек. Ушуга окшогон алдын алуу иш-чараларын укук коргоо органдары мезгил-мезгили менен уюштуруп турат экен. Бирок укук коргоо органдары катышкан сабактар бардык эле мектепте ырааттуу өткөрүлбөйт. Анын себептерин кабарчыбыз Ыдырыс Исаков баяндайт.

Мектеп, милиция, балдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:33 0:00
Түз линк

Азыркы мугалим балдар менен достордой, тамырын тартып, тең сүйлөшүп ал аркылуу жашоого туура багыт берүүгө жөндөмдүүбү? Орто мектептердин окуучулары үчүн ар тараптуу колдоо зарыл болгондуктан атайын ар бир мектепте соцпедагог кызматы киргизилген. Бул кадам кризиске, депрессияга кабылган балдарга жардам бериш үчүн жетиштүү болдубу? Баткенден кабарчыбыз Жеңиш Айдаровдон уксак.

Соцпедагог депрессиядан чыгарабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:14 0:00
Түз линк

Балаңыз менен сырдашсызбы? Тестиер, өспүрүм курактагы балага кандай мамиле керек? Мүнөзү өзгөргөнүн же туура эмес иш кылганын билгенде жазалайсызбы? Балдарга мамилени, тарбияны өзгөртүү керекпи? Мына ушул өңдүү суроолор менен кабарчыбыз Альбина Сулайманова Талас облусунун тургундарына кайрылып көрдү.

Балага катаал тарбия керекпи?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:13 0:00
Түз линк
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG