Өзүн өзү асып алды деп болжолдонуп жаткан окуучунун аты-жөнү жана ата-энесинин дайын-дареги ачык айтыла элек. Азырынча жеткинчек №28 мектепте 5-класста окуганы гана белгилүү. Милиция суициддин себебин иликтеп жатат.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Адыл Оморов окуя боюнча мындай маалыматтарды берди:
- 14-ноябрь күнү 21:00 чамасында Кайыңды конушунда бир темирге баланын асынып алганы боюнча билдирүү түшкөн. Баланын жансыз денеси боюнча соттук медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат. Бала эмне себептен ушундай жолго барганы иликтенүүдө.
Баштапкы маалыматтарга караганда, окуучу эки күн мурда үйүнөн чыгып кетип, аны ата-энеси менен милиция органдары издеп жүргөн. Окуя болгон күнү баланы Кайыңды конушунун тургундары көрүп калып, милицияга кабарлаган.
- Үйгө келе жатсам кошунам телефон чалып, “бул жерде бир бала асынып алыптыр” деп айтты. Барып карасам, газдын түтүгүндө окуучу бала асылып турат, денеси муздап калыптыр. Дароо эле участкалык милицияга телефон чалдык, алар атайын эксперттери, башчылары менен келип, текшерип жатышкан. Мен көргөн учурда бала мектеп формачан, алтургай сумкасы да артында асынган бойдон экен. Кичине эле ташка чыгып туруп, аны тээп салган экен, - дейт күбөлөрдүн бири Жаныбек Өмүрзаков:
Ал эми №28 мектептин жетекчилиги жана мугалимдери окуучу “тартиптүү жана сабактарды жакшы окуган бала болгонун”, анын суицидге барышынын себебин түшүнбөй турганын айтышты. Директордун тарбия иштери боюнча орун басары Елена Корсакова буларга токтолду:
- Окуучунун атасы, апасы деле сабырдуу, токтоо адамдар экен. Атасы мектепке келип-кетип, баласын өзү көзөмөлдөп турчу. Шайыр, сабакты мыкты окуган бала болгон. Классында балдар менен мамилеси деле жакшы, абройлуу эле. Эч кандай стресске түшкөнү же маанайсыз жүргөнү байкалган эмес.
Деген менен окуучунун үй-бүлөсүндө буга чейин анча-мынча көйгөйлөр болгону жана бул мектепке деле жакын арада эле которулуп келгени тууралуу маалыматтар да айтылууда.
Адистердин баамында, мындай кадамга чыр-чатагы көп үй-бүлөнүн же миграцияда жүргөн ата-эненин балдары, кароосуз калгандар, психикалык кемсинтүүгө, зомбулукка кабылган өспүрүмдөр көбүрөөк барат.
Балдардын укугун коргоо лигасынын директору Назгүл Турдубекова суицидге бир нече себептер түрткү болушу мүмкүн экенин айтты:
- Мектепте балдарды басмырлоо көп болуп жатат. Бир жагынан теңтуштары, экинчиден, мектеп жетекчилиги, мугалимдер тарабынан кодулоого кабылышат. Агрессивдүү мамиле балдардын өз өмүрүнө кол салышына алып келүүдө. Андан тышкары балдар жалгыз, кароосуз калып жатат, ыдык көрүп, зомбулукка кабылганда да ошондой жолго барышы мүмкүн. Психикалык жактан оорулуу же мүнөзү жумшак болсо да асынып же башкача жол менен өзүн өлтүрүүгө барат.
Буга чейин Ысык-Көл районунун Семеновка айлында 8-класстын окуучусу асынып алган. Кийин Чүйдүн Петровка айылында да 17 жаштагы кыз жипке муунуп кете берген. 11-октябрда Нарындын Ат-Башы айылында 11 жаштагы окуучу кыз жоолукка асынып каза тапкан. Балдардын өз өмүрүн кыюусуна эмне себеп болгону кабарланган эмес.
Ички иштер министрлиги жыл башынан бери канча өспүрүм өз жанын кыйганын ачык айта элек. Балдардын укугун коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова суицид тууралуу маалымат жабык бойдон калып жатат деген пикирде:
- Өз өмүрүнө кол салган балдардын саны так, даана жарыяланбай жатат. Билим берүү министрлиги башка санды айтса, укук коргоо органдары башка санды айтышат. Андан да кээ бир фактыларды ар кандай себептер менен каттатпай коюшат. Натыйжада өспүрүмдөрдүн суициди боюнча көп маалыматтар ачыкка чыкпайт. Маселен, кээде биз кээ бир окуяларды бир аптадан кийин, айрымдарын бир ай, бир жыл өткөндөн кийин гана билебиз. Эгер маалыматтар минтип ачыкка чыкпаса, коңгуроо кагып, алдын алуу мүмкүн эмес. Жабылуу аяк жабылуу бойдон калып кете берсе, биз мындай жаман окуялардан сабак албай калабыз. Эгерде балдардын арасында суицид көбөйүп жатат деп байма-бай айтылып, эскертилип турса, коомчулук да көңүл буруп, мектептерде түшүндүрүү иштерин күчөтүүгө шарт түзүлмөк. Балким ошо менен биз башка балдардын өмүрүн сактап калмакпыз.
Былтыр балдар арасында 96 суицид катталган. 2015-жылы 102, 2014-жылы 106 бала жанын кыйган. Билим берүү жана илим министрлиги бул санды азайтыш үчүн ата-энелер жана окуучулар арасында түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүрүп жатканын билдирип келет.
Ушул тапта бейөкмөт уюмдар менен мамлекеттик органдар биргелешип ачкан психолог-адистердин жардамына муктаж балдардын 111 ишеним телефону иштеп жатат.