Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин 8-июндагы отурумунда үч маселе күн тартибине коюлганы менен Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү башкы тема болду.
Кеңештин мүчөлөрү да, жыйынга келген Жогорку Кеңештин депутаттары да дээрлик бир ооздон бул ишке жол берген милиция кызматкерлеринин, алардын жетекчилеринин шалаакылыгын кескин сынга алды. Алар өзгөчө окуяга күнөөлүүлөргө дароо чара көрүлбөгөнүн айыпташты.
Жыйында сөз алган Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов министрликтин жетекчилеринин жоопкерчилигин кабыргасынан койду:
- Жайыл районундагы кыздын өлүмү боюнча учурда бир эле Кыргызстан эмес, бүтүн дүйнө коңгуроо кагып жатат. Ала качууга дуушар болгон кыз аны коргой турган милиция бөлүмүндө өлүмгө учураганы өтө уят көрүнүш. Бул эмне деген сөз? Бул жоопкерчилик жок деген сөз. Баары кара курсагын ойлоп, бир нерсеге иштеп алайын деп жүргөнүнүн натыйжасы ушул. Ошол милиция кызматкерлери “бөлүмгө алып кирип жаткан кишини бир сыйра текшерүү керек” деген элементардуу эрежени билбейби? Ал эми жоопкерчилик жагын айта турган болсок, бул инцидентке биринчи кезекте жетекчилер жоопкерчилик алышы керек. Райондук, облустук башчылар эле кызматтан кетиптир дейт. Эмне үчүн бул облусту караган министрдин орун басары кызматтан кетпейт? Министр кызматка келгенине бир ай болду дейли. Бирок министрдин орун басарын иштен кетириш керек. Өкмөт жакында отчет менен Жогорку Кеңешке келгенде биз муну талап кылабыз.
Нышанов министрдин кайсы орун басары кызматтан кетиши керектигин ачык айткан жок. Бирок Ички иштер министрлигинен ырасташкандай, Чүй облусунун ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев тейлейт экен.
Маалым болгондой, 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызын ала качып бараткан киши аны мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салган. Кандуу окуя Кыргызстандагы кыз-келин, аялдардын укуктарынын сакталышын, кыз ала качуу маселесин күн тартибине койду. Бул окуяны иликтеп чыгууну өкмөткө президент Сооронбай Жээнбеков тапшырган.
Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө байланыштуу кызматтык иликтөөдөн кийин Чүй облустук милициясынын жетекчиси Нурлан Сарчаев жана анын орун басарлары Марлис Асанов менен Канат Жумаев 4-июнда иштен алынган. Мындан тышкары Жайыл райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Муратбек Исмаилов да кызматынан бошотулган. ИИМ жалпысынан 23 адам жазаланганын, 13ү иштен бошотулганын кабарлаган. Алардын бешөө түздөн-түз ушул окуяга байланыштуу кеткени да айтылган.
Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин төрагасынын орун басары Шамшыбек Мамыров "бул окуя жалпы милициянын бетине көө жапты" деди:
- Бурулайдын окуясы эгемендик алгандан бери Ички иштер министрлигин жана мамлекеттик структураларды реформалоо өзүн актабаганын, талапка жооп бербей калганын көрсөттү. Муну кокустук катары карап жатышат, бул кокустук эмес, бул биздин системанын чиригендиги. Биринчиден, ата-энеси кыздын ушундай ала качууга туш болушунун алдын алышы керек эле. Экинчиден, милиция кылдат иш алып барышы керек болчу. Үчүнчүдөн, өкмөт окуя болгон күнү атайын жыйын өткөрүп, билдирүү жасашы керек эле. Президент дароо Коопсуздук кеңешин чакырып, чукул жыйын курса да болмок. Тилекке каршы кечирээк көңүл бурулду. Анткени бул эл аралык масштабдагы трагедиялык окуя. Өзгөчө милициянын тарыхында кара так болуп калды. Байкуш кыз “милиция мени коргойт, ушул жерден жардам алам” деп келип өлүп жатат. Муну эч качан күнүмдүк иш катары карабаш керек, эми милициянын ичинде түшүндүрүү иштерин, окутуу, тарбиялоо иштерин жандантуу зарыл. Ошол эле кезде 23 кызматкердин жазаланышы менен эле чектелип калбаш керек. Бул иште ИИМдин жана өкмөттүн жетекчилигинин да моралдык жоопкерчилиги каралышы абзел.
Кыздын жакындары окуя үчүн милицияны айыптап, күнөөлүү адамдарды жазалоону талап кылып келет. Прокуратура милиция кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгү ("Өз ишине шалаакы мамиле") менен кылмыш ишин козгогон. Бул иш боюнча тергөө дагы деле уланып келет.
Жыйынга катышкан ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов мындай окуялардын кайталанбашы үчүн зарыл аракеттер жүрүп жатканын айтты:
- Бул окуя шалаакылык болду, муну ачык моюнга алдык. Ошого жараша чара көрүп жатабыз. Ички иштер министрлигинин жетекчилиги окуя болгондон баштап эле иликтөө иштерин баштаган. Анан буга мамлекет башчыбыз, өкмөт башчыбыз да көңүл буруп, маселе койду. Ички иликтөөнү негизинде бүгүнкү күндө көптөгөн жетекчилер кызматынан бошотулганын билесиздер. Аны менен калбастан кылмыш ишинин алкагында, кээ бир шалаакылык кылган кызматкерлердин жоопкерчилиги каралды. Менин оюмча бул жетиштүү эле чара.
Коомдук кеңеште Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматынын жетекчисинин орун басары Өмүралы Сегизбаев Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө болгон окуя боюнча отчет берди. Бирок кеңештин мүчөлөрү анын айткандарына канааттанган жок. Чогулгандар милиция кызматкерлеринин арасында кандай тарбиялык иштер жасалып жатканы боюнча жөндүү жооп алышпаганын белгилешти.
Ошол эле кезде сырттагы байкоочулар Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин өзүн Бурулайдын окуясына кеч реакция кылганын айтып чыкты.
Жарандык активист Айбек Таалайбек уулу окуядан эки апта өткөндөн кийин маселе көтөрүлгөнүнө кейиди:
- Коомдук кеңеши министрликтин өзүн чукул чара көрбөйт деп сынга алгандан мурда, эмне үчүн алар өздөрү биринчи дароо жыйын өткөрүшкөн жок? Алар эки күндөн кийин дароо чыгып, министрди чакырып, окуяны айыптап, тийиштүү баасын берип, сын жана сунуш пикирлерин айтыш керек эле. Ошондо чыныгы байкоочу, көзөмөлдөөчү топтун милдетин аткарышмак. Эми окуядан 10-15 күн өткөндөн кийин ордунан козголуп жатышат. Же эмне соодалашып алгандан кийин чыгып жатышабы? Же өздөрүнүн да кызыкчылыктары бар беле? Экинчиден, ошол кызматкерлер окуя болгон күнү кызматтан кетиши керек эле. Коомдук кеңеш эмне үчүн министрдин орун басарынын жоопкерчилигин караганы менен, министрдин өзүнүн жоопкерчилиги боюнча маселе кое албайт? Нормалдуу, укуктук, цивилизациялуу өлкөлөрдө мындай окуядан кийин ички иштер министри дароо иштен кетет. Коомдук кеңеш ошону ачык айтыш керек эле.
Ал эми Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин төрагасы Толкунбек Исаков маселени кароо инциденттен кийин дароо көтөрүлгөнүн, бирок министрдин өтүнүчү менен жылып келгенин түшүндүрдү:
- Биз окуя болгондон кийин дароо ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге сунуш киргизип, “биз чогулалы, ыкчам маалымат бергиле” деп талап кылдык. Бирок министр өзү өтүнүч кылып, “силердин отурумга мен министр катары биринчи катышам, ошого кичине убакыт бергиле” деп туруп алды. Ошол себептүү жыйыныбыз жылып келди. Бирок ошентип атып 10 күнчө кечигип кеткенибизден улам бүгүн өткөрө бердик. Ага карабай министр прокуратурадагы жыйынга кетип, келе албай калыптыр. Албетте ыкчам болбой калганыбызга биз да өкүнөбүз, бирок бул жерде министрлик бизди карабай эле чукул чараларды көрүш керек эле. Алар президент айткандан кийин гана кызматкерлерге чара көрдү. Бул кечирилгис нерсе. Анткени муну ошо күнү дароо карап, ошол күнү чечиле турган маселелердин бири болчу.
Коомдук кеңештин жыйынында Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын башчысы Нурбек Абдиев да быйылкы жана былтыркы иштери менен тааныштырды. Бирок анын да отчету сынга кабылды.
Коомдук кеңеш отурумдун соңунда атайын чечим кабыл алып, милиция кызматкерлеринин потенциалын көтөрүү боюнча ички иштер министрлигине бир нече боюнча тапшырмаларды коюшту.