Ноокат районунун Ак-Булак айылында арак ичип, бейбаштык кылган тургундарды аксакалдар аз күн мурда мечитте тартипке чакырышты. Эки адам өздөрү да чогулгандардан кечирим сурап, ичкиликке жакындабоого убада беришти.
Ошентип Ак-Булактагы бул мечит эми ичимдик оозангандарды тизгиндеп, чектен чыккандарды тартипке чакыруучу жай болуп калчудай. Ал процессти диниятчы, аксакалдар соту жана кыштактагы кадыр-барктуу карыялардан чогулган жамааттык комиссия алып бармакчы.
Ак-Булак айылынын аксакалы Аким Насиров буларга токтолду:
- Чектен чыгып, арак ичип, коомдук жайда тополоң кылгандарды ушул жерде эл алдына алып чыгып уяткарып жатабыз. Алар өздөрү кечирим сурап, “экинчи кайталанбайт” деп ийге келишүүдө. Мындан сырткары айылда арак саткан ишкерлердин үйлөрүнө барып, “ичимдик сатканыңарды токтоткула” деп айттык. “Башка нерсени сата бергиле, бирок ушул аракты сатпагыла” деп катуу талап койдук. Эми ушул арак-шарап саткан жерлерди бүт жаап алсак, куда кааласа баары жакшы болот.
Соңку тартиптер эми бир эле Ак-Булак айылында эмес, Кыргыз-Ата айыл аймагындагы жети кыштакта киргизилди. Алардын баарында эми арак сатууга тыюу салынды. Бул чечимди айылдык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү бийликтер да колдоп чыгышты. Кыргыз-Ата айыл аймагынын башчысы Бакытбек Марипов:
- Бизге жаш үй-бүлөлөрдөн, келиндерден арыздар түштү. “Үйдө кожоюнум арак ичип алып сабап жатат, мас абалда денеме зыян келтирди” дегендер аябай көп. Балдар келип, “атабыз арак ичип жатат, бизди үйдөн кууп чыкты” деп ыйлап жатышат. Мындан сырткары коомдук жайларда тополоң кылып, ызы-чуу салгандар боюнча көп арыздар түшүүдө. Ошол себептүү тургундар өздөрү бизге кайрылып, айылдык кеңештин депутаттары жана аксакалдар аркылуу “айылда арак сатууга тыюу салып бергиле” деген талаптар болду. Натыйжада биз алгач арак ичип жаткандарды тарбиялап, күркөлөргө ичимдик сатуусуна тыюу салуу чечимин кабыл алганбыз. Арак саткандарды тыйсак, элди, жаштарды спортко үндөп, кылмыштуулуктун алдын алсак деген тилек.
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттары атүгүл атайын токтом кабыл алып, бул чөлкөмдө арак саткандарды 100 миң сом айыппулга жыгууну демилгелешкен. Бирок Ноокат райондук прокуратурасы, тескерисинче, жергиликтүү бийликтин өзүнө чара көрүп, райондук сот айыл өкмөткө өзүм билемдик үчүн 10 миң сом айып салган.
- Арак ичкен тургундарды мечитте кечирим сурап жатканы боюнча видео интернетке тарап кеткени үчүн балким укук коргоо кызматтары жагдайды бир аз түшүнбөй калгандай. Негизи айылдык кеңештин депутаттары алгач аймакта кечки сегизден кийин арак сатууга тыюу салган болчу. Кийин арак саткандарга 100 миң сом айыппул деп токтом кабыл алышкан. Бирок, тилекке каршы, ал токтомду сот жокко чыгарып, “айып салуу силердин компетенцияңарга кирбейт” деген билдирүү берди. Себеби арак сатууга тыюу салуу ишкерлердин укугун чектөө катары кабылданып калат экен,- деди Бакытбек Марипов.
Аксакалдар жана бийликтер кабарлагандай, буга чейин айыл аймакта арак саткан он чакты дүкөн болсо, бүгүнкү күндө алардын экөө гана калган. Бирок мындагы тургундар өздөрү белгилегендей, көп эле дүкөндөрдө арак ушул күндөрү да жашыруун сатылууда. Кыргыз-Ата айылынын тургуну Базарбай Ташбаев:
- Арак сатууга ушинтип тыюу салышса, балким арак ичкендер азайып калар. Бирок ушул тапта ар бир айылда бирден-экиден дүкөндө арактар сатылып эле жатат. Мындай кирсең витринага коюшпайт. Бирок сурасаң алып чыгып беришет.
Ошол эле кезде бийликтердин жана айыл аксакалдарынын бул чечими тургундардын жана сатуучулардын укугун бузат дегендер да бар. Алар жалпы чечимге ачык каршы чыга албаганы менен, ичимдикке тыюу салуу жемишин бербейт деп эсептешет. Сатуучу Сардалбек Жусуев:
- Менимче мындай чектөөлөр көп деле жемишин бербесе керек. Ичем деген адам Ноокатка барып же башка айылдарга барып деле ичип келе берет. Кааласа Ошко чейин барып ичип келет. Адамдардын өзүнүн эрки, өзүнүн напсиси тыйылбаса арак сатууга тыюу салуу бекер иш. Ичип жаткан адамдар бар болсо, сатуучу деле алып келет да. Талап бар болсо, товар да бар дегендей да. Мен өзүм сатпайм, бирок эгер сатуучулар кааласа алып келип сата беришет го.
Ал эми дагы бир ишкер Рая Дүйшеева минтип тыюу салуу ачык жүрүшү керек деп эсептейт:
- Эркектер ичип алса, аялдары келип бизге асылып, эриме ичирипсиң деп асылышат. Эрин бирөө жетелеп келип, чалкасынан жаткырып алып, оозуна куюп жаткан жок да. Ал адамдын өзүнүн эрки. Ошол эрин тыя албагандан кийин эмнеге арак саткандарга, дүкөнчүлөргө асылат. Бир айылда, бир көчөдө арак сатканды токтоткондон мурда арак заводдорду жапсын. Сырттан ташылып келип жаткан миңдеген бөтөлкө арактарды киргизишпесин. Бийликтер өздөрү арактарды өндүрөт да, өздөрү айылга жөнөтүшөт. Анан келип эле кайра бир чакан айылдарга тыюу салабыз деп чыгышат. Бул туура эмес, балыкты башынан тазалаш керек.
Ош облусунун аймагында буга чейин он чакты айылда ичимдик сатууга тыюу салынганы кабарланган. Алардын ичинде Алайдын Мурдаш жана Киров айылдары, Ноокаттын Караке айылы, Кара-Суунун Мады жана Кызыл-Суу айыл округдары да бар. Бирок көпчүлүк адистер муну жарандардын укугун бузуу катары баалап келатышат.