Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:49

Сот Атамбаевди доого жыкты


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Бишкектеги Октябрь райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевди Азимбек Бекназаровго, Акматбек Келдибековго жана Кеңешбек Дүйшөбаевге 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирди.

Сөз болуп жаткан саясатчылар мурдагы президентти жана аны менен маектешкен «Апрель» телеканалын «жалган маалымат таратты, кадыр-баркыбызга шек келтирди» деп айыптап, сотко кайрылган. Атамбаевдин жактоочулары менен телеканал доомат негизсиз экенин айтып жүрүшкөн.

Октябрь райондук соту 28-февралда саясатчылардын мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен «Апрель» телеканалына карата доосун жарым-жартылай канааттандырды. Судья Альбина Жээнбекова бул телеканалды экс-президенттин маегиндеги Азимбек Бекназаров, Акматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаев тууралуу айткандарын жокко чыгарып маалымат берүүгө милдеттендирди:

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

- Алмазбек Атамбаевдин интервьюсундагы төмөнкү маалыматтар Акматбек Келдибековдун, Азимбек Бекназаровдун жана Кеңешбек Дүйшөбаевдин ар-намысын жана кадыр-баркын кемсинткен, чындыкка төп келбейт деп табылсын... Алмазбек Атамбаевден ар биринин пайдасына 100 миң сомдон моралдык зыян өндүрүлсүн. Чечим күчүнө киргенден баштап «Апрель» телеканалы он күндүн ичинде 2018-жылдын 10-декабрындагы Алмазбек Атамбаевдин интервьюсунда Келдибековдун, Бекназаровдун жана Дүйшөбаевдин кадыр-баркын жана ар-намысын кемсинткен маалыматты төгүнгө чыгарууга милдеттендирилсин. Доо арыздын калган бөлүгү канааттандыруусуз калтырылсын. Чечимге нааразы тарап 30 күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылса болот.

​Бекназаров, Келдибеков жана Дүйшөбаев Алмазбек Атамбаев менен «Апрель» телеканалынан ар бирине үч миллион сомдон, жалпысынан 18 миллион сом өндүрүп берүүнү соттон өтүнүп жатышкан. Саясатчылар менен алардын жактоочулары райондук соттун чечими тууралуу азырынча үн ката элек.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева соттун жогорку инстанциясына кайрылуу маселеси райондук соттун чечими колго тийгенден кийин чечилерин айтты:

Кундуз Жолдубаева.
Кундуз Жолдубаева.

- Азырынча белгисиз. Бул экс-президентке түздөн-түз тиешелүү болуп жатпайбы. Адегенде соттун чечимин колго алалы. Адвокат колуна алсын. Чечим менен экс-президент таанышып чыккандан кийин адвокаттар менен чогуу чечим кабыл алат го. Азырынча айтуу кыйын.

Алмазбек Атамбаев боюнча саясатчылар сотко быйыл жылдын башында кайрылган. Анда экс-президент «бийликте турганда, андан кийин деле каралап, жалган жалаа жаап жатат, «Апрель» телеканалын саясий атааандаштарына каршы курал катары пайдаланууда» деген мазмундагы дооматтарды коюп келишкен.

- Адам ар дайым бирөөгө сын айтууда, жеке адамдык касиетине сын- пикир айтардан мурда ойлонушу керек. Себеби, адамдардын баары бирдей. Адам экс-президент, жөнөкөй жумушчу, жөнөкөй кызматчы болуп бөлүнбөйт. Баарыбыздын конституциялык укугубуз бир, - деп алардын бири Ахматбек Келдибеков Атамбаевдин негизсиз сөзүнө жооп беришин талап кылган.

Байкоочулар райондук соттун чечимин түрдүүчө талдап жатышат. Саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев Алмазбек Атамбаевдин ишине байланыштуу сот адилеттиги тууралуу маселеге токтолду:

Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

- Кыргызстанда ар бир адам кылган ишине, айткан сөзүнө жооп бериши керек. Ошол эле учурда айтылган сөз, сын да объективдүү болушу керек. Бизде экс-президенттин кол тийбестиги боюнча мыйзам бар эмеспи. Бул жагдай Алмазбек Атамбаевден «экс» деген макамды алууга карата биринчи кадам болуп калды окшойт. Дагы бир жагдай - бизде сотко ишенүү оор. Эгерде Атамбаев азыр президент болуп турганда сот таптакыр башкача чечим чыгармак. Аны биз көрбөдүк беле. Өзү убагында айрым бир адамдарды сотко берген, миллиондогон доого жыккан.

Талдоочу Марс Сариев Алмазбек Атамбаевге байланыштуу сот чечими анын азыркы бийлик менен мамилесинен, айрым бир саясий жагдайдан кабар берерин айтты:

Марс Сариев.
Марс Сариев.

- Сот эмнеге андай чечим чыгарды? Анткени элге «мына, азыркы бийлик күчтүү, Атамбаев өзү баштаган нерсе өзүнүн башына түштү, анын позициясы күчтүү деле эмес» дегенди көрсөтүү максат болду окшойт. Атамбаев азыр «кайра саясатка келем, партияны өнүктүрүп, парламентке кирем» деп жатпайбы. Бирок менимче азыр бийлик мунаса вариантын да ойлонуп жаткандай. Экс-президенттин макамы боюнча мыйзам долбоорунан анын авторлору баш тартып жатышат. Президенттин Сочидеги сапарынан кийин парламенттин позициясы такыр өзгөрүп кетти. Кыргызстандын элитасы бири-бири менен кеп-сөзгө келип, Орусия модератор болуп жатат.

Алмазбек Атамбаев бийликте турганда анын намысына шек келтирди деген негизде бир канча кылмыш иштери козголуп, соттон дайыма анын пайдасына чечимдер чыккан жана миллиондогон сом өндүрүп алуу тууралуу өтүнүчтөр канааттандырылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG