«Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорун Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Исхак Масалиев жана «Республика – Ата Журттан» Курманкул Зулушев иштеп чыгышкан. Парламент ошол мыйзам долбоорун былтыр декабрда биринчи окууда карап, көпчүлүк добуш менен колдоп берген.
Ал эми экинчи окууга келгенде ал олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болду.
Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Исхак Масалиевдин айтымында, мыйзамдын кол тийбестик тууралуу 12-беренесин алып салуу сунушталып жаткан, бирок дал ушул берене алынмак тургай күчөтүлгөнү жатат. Ошондуктан ал мыйзам долбоорунун баштапкы идеясы таптакыр өзгөргөнүн айтып, каршы добуш берерин билдирди:
- Кол тийбестикти мурункудан да бийигирээк кылып коюшту, «Жогорку Кеңештин үчтөн экиcинин добушунун макулдугу керек, Башкы прокурор «кылмыштын белгилери бар» деп корутунду берип, экс-президент деген наам алынгандан кийин жоопко тартса болот» деп. Мындай сунуш биз жазган концепцияга таптакыр дал келбейт, түп-тамыры менен алмашууда. Биз «алалы» десек, булар «кошолу» деп жатат.
Масалиев сындап жаткан сунушту «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев киргизген. Ал биринчи кезекте Конституциялык палатанын чечимин аткарыш керек деген жүйө келтирди:
- Бул мыйзам экс-президенттин президент кезиндеги ишмердүүлүгүнө тиешелүү. Ошого көңүл бурсак. Азыр президенттен, баарынан «коррупция менен күрөшүш керек» деп талап кылып жатышат. Президент да чечимдерине эртең экс-президент болгондо жооп бергенде анын мыйзам алдында кепилдигин сактап беришибиз керек. Ал эми негизгиси – Конституциялык палатанын чечимине шайкеш келтирүү.
Конституциялык палата «мыйзамдын 12-беренеси Баш мыйзамга каршы келет, бирок экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу учурдагы президентке импичмент жарыялоо процедурасынан жеңил болбошу керек» деп, өкмөт менен парламентке мыйзамды оңдоону сунуш кылган. Мындай жообун ал «Прецедент» укуктук тобунун жетекчиси Нурбек Токтакуновдун кол тийбестикти шартсыз түрдө камсыз кылган норма Баш мыйзамга туура келер-келбесин аныктап берүүнү өтүнгөн арызы боюнча берген.
Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова бул соттук орган аталган маселе боюнча бүтүм чыгарганда ыйгарым укуктарынан аша чаап кеткен деген пикирин ошондо эле билдирген. Масалиев менен Зулушев сунуш кылган долбоордун концепциясы бузулган себебин да ал ушул жагдайга байланыштырууда. Эми ал Конституциялык палатанын чечимин аткарыш керек, артка жол жок деп эсептейт.
- Мыйзамдын концепциясын Конституциялык палатанын чечими бузуп кетти, - деп түшүндүрдү ал. - Палата бир маанидеги чечим чыгарбастан «абсолюттук кол тийбестик болбошу керек, бирок азыркы президенттикиндей эле кол тийбестик болушу зарыл жана аны импичмент процедурасы менен алыш керек, ошол процедуранын татаалдыгы азыркы президенттикиндей эле болууга тийиш» деди. Конституциялык палатанын чечимин сөзсүз аткарыш керек. Депутаттар анын чегинен чыга албайт. Мыйзам долбоору кайра артка кете албайт. Ушул калыбында кабыл алынат. Ошону менен экс-президентке карата абсолюттук кол тийбестик болбойт, бирок аны алып салуу да абдан татаал болот.
Кол тийбестик тууралуу беренени таптакыр алып салуу азыркы мыйзам долбоору аркылуу мүмкүн болбой калганын анын авторлорунун бири Исхак Масалиев да белгилөөдө. Демилгенин айланасындагы соңку аракеттерди ал президент Сооронбай Жээнбековдун алдындагы кошоматчылык катары баалады:
- Бул жерде биринчи кезекте Конституциялык палатанын азыркы иштеп жаткан президентке кылган кошоматтык кызматы көрүнүп турат. Себеби эртең ал киши деле кызматтан кетет да. Экинчиден, экс-президентти жоопко тартуу боюнча Жогорку Кеңешти да байлап коелу деп жатышат.
Ал эми Конституциялык палата депутат Масалиевдин айткандарына жооп кайтарып, «айрым депутаттар же Баш мыйзамды билбейт, же атайылап коомчулуктун башын айландырууда» деп билдирди.
Экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу маселе парламентте алгач былтыр, Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) аварияга байланыштуу талкуу учурунда көтөрүлгөн. Депутат Масалиев ЖЭБди модернизациялоого буга чейинки бийликтин түздөн-түз тиешеси бар экенин айтып чыккан. Ошондон тартып бул демилге Алмазбек Атамбаевге каршы багытталган аракет катары бааланып, коомчулукта кызуу талкууга негиз болгон.
Кол тийбестикти алып салууга каршы сунушун берген дагы бир депутат - КСДПнын өкүлү Асел Кодуранова. Ал 13-февралда парламентте ушул маселе талкууланып жатканда «Атамбаев коргоого муктаж эмес» деп билдирди жана мыйзам долбоорунун баштапкы варианты туура эмес болгон деген пикирин ортого салды:
- Экс-президент Атамбаев - күчтүү адам. Ал өзүн өзү коргой алат. Биз сунушталып жаткан мыйзам менен азыркы жана болочок президенттерди чектеп жатабыз. Бул туура эмес.
Ал эми азыркы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыратуу демилгеси тууралуу: «Бул Конституцияга шайкеш келтирүү боюнча мыйзам. Ал мага да тиешелүү. Ар бир адам кийинкисин ойлош керек» деп билдирген.
Эгемен Кыргызстандын 28 жылдык тарыхында өлкөнү беш президент башкарды. Экс-президент деген макам алардын экөөндө - Роза Отунбаевада жана Алмазбек Атамбаевде гана бар. Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев 2005 жана 2010-жылдардагы элдик козголоңдордон кийин өлкөдөн чыгып кетишкен.
Экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу 2003-жылы киргизилген ченем 2007-жылы Конституциядан алынып ташталган.
Ошентип, экс-президент деген макамы бар мурдагы мамлекет башчыны кол тийбестиктен ажыратуу оңой болмок түгүл тескерисинче татаалдашканы турат.
13-февралда баштапкыдан ушундай болуп кыйла өзгөргөн долбоор экинчи окууда 102 депутаттын 94үнүн макулдугу менен жактырылды. Мыйзам эми үчүнчү окууда да колдоо таап, президент кол койсо күчүнө кирет.