Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:21

Кайберенди коргогон мыйзам колдоо тапкан жок


Каракол зоопаркындагы аркар
Каракол зоопаркындагы аркар

Жапайы жаныбарлардын беш түрүн атууга чектөө киргизген мыйзам долбоору парламентте колдоо тапкан жок. Айрым депутаттар бул мыйзам долбоорун 2023-жылга чейин карабай турууну сунуштап жатышат.

Кыргызстанда аңчылык чарба тармагында 52 уюм бар. 42 уюм - жеке менчик мергенчилик чарбалар. Алар негизинен чет өлкөлүк жарандарга аңчылык уюштуруп беришет.

Тиешелүү мыйзамга ылайык, бир уюм жылына 40 баштан ашык кийик ата албайт. Бирок кагазда ушундай көрсөтүлгөнү менен, иш жүзүндө келгенде мергенчилер каалаганын кылып жатат деп тоолуктар нааразы.

Нарын облусунун Ак-Сай өрөөнүндөгү малчы Жаркынбек Майлыбашов үч жыл турган чет өлкөлүк аңчылардын базасы коктудагы болгон кайберенди кырып кеткенин айтууда.

- Биз ушул Шырыкты деген жайлоодо турабыз. Мен бала кезде бул жерде кийик толтура болчу. Анан чет элдик мергенчилик базасы келип, үч-төрт жыл ушул жерде турду. Аларды көзөмөлдөгөн деле киши болгон жок. Бир нерсе десең “алардын уруксат кагазы бар” деп коюшат. Аябай эле кырып кетишти. Азыр кийик көргөнгө зарбыз. Негизи бул кокту тоо-таштуу келгендиктен кийик байырлаганга ылайыктуу.

Кулжа атуу элиталык аңчылык катары саналат. Мындан улам Кыргызстанга чет өлкөдөн келип, мергенчилик кылгандар арбын.

Чет элдиктер аркар-кулжанын картаңын же мүйүзүнүн мүмкүн болушунча узунун жана адырлуусун атканга аракет кылышат. Кыргызстандагы кулжалардын адырлуу мүйүзүнүн узундугу 1,5 метрге чейин жетет.

Жанар Акаев
Жанар Акаев

Депутат Жанар Акаев чет өлкөдө кулжанын куну жогору бааланып жатканын айтты. Бирок ошол эле убакта Кыргызстан башка өлкөлөргө чаржайыт аңчылыктын чордону катары таанылып жатат дейт:

- Мына өкмөт мүчөлөрү өздөрү деле моюнга алышат. Буга чейин канадалык мергенчилер өзгөчө кайтаруудагы коруктарга чейин келип, “снайперлери” менен кайберендерди атышты. Анан ошол жерди видеого тартып, Интернет аркылуу миллиондогон чет өлкөлүктөрдү Кыргызстанга чакырды. “Урматтуу дүйнөдөгү аңчылыкка кызыккан мергенчилер, мен силерди Кыргызстанга чакырам. Бул жерде кайберендерди кырса боло берет экен, оңой экен, мен мына бул аркарды аттым” деп бүт дүйнөгө чакырык салды. Биз ушундай жол менен таанылбашыбыз керек. Бул окуя мамлекеттик Сары-Чат – Ээр-Таш коругунда болуп жатат. Ошондуктан ушуга окшогон мыйзамдарды алып чыгып, коомго коңгуроо кагып, элге өкмөткө айтып турбасак болбойт.

Кайберенге аңчылык кылууга чектөө киргизүү үчүн Жогорку Кеңештин кыркка жакын депутаты мыйзам долбоорун алып чыгышты. Ал мыйзам долбоору аркылуу 2020-жылдан 2030-жылга чейин Кыргызстандын бардык аймагындагы жапайы жаныбарлардын айрым түрлөрүнө – аркар-кулжага, тоо эчкисине, эликке, маралга жана каманга аңчылык кылууга мораторий киргизүү сунушталды.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Азамат Арапбаев жергиликтүү аткаминерлер башкаларга салыштырмалуу аркар-куржаларды 10 эселеп көп атышарын айтты:

- Сөзсүз түрдө милициянын башчысынын үйүндө аркар, прокурордун үйүндө текенин эти турган адат болуп калган. Аларга кошоматчылар “чай ичип коюңуз” деп алып келип беришет. Ошондуктан биз жоопкерчиликти күчөтүшүбүз керек.

Бул мыйзам долбоору парламентте эки ача пикир жаратты. Демилгечилер кайберенди чаржайыт кырбай сактап калуу маселесин көтөрүшсө, айрым депутаттар тур фирмалардан акча түшпөй, токойчулардын айлыгы төлөнбөй калат деп тынчсызданып жатышат.

Себеби чет өлкөлүк жарандарга жапайы жаныбарларга ууга чыгып, аңчылык кылууга уруксат берүү - Кыргызстан үчүн киреше булагы болуп саналат.

Жаратылыш байлыктарын коргоо жана пайдалануу департаментинин директору Алмаз Мусаев буларды айтты:

- Сырттан келген мергенчилерге аңчылыкка уруксат берүүдөн былтыр жаратылышты коргоого 58 миллион сом түштү. Быйыл мындан көбүрөөк түшөт, себеби төлөмдөр көбөйтүлгөн. 87 миллион сом болот деп божомолдоп атабыз. Мындан тышкары, келген туристтерди, мергенчилерге кызмат көрсөтүүдөн эле 60 миллион сомдой Кыргызстанга пайда түшөт.

Жыйынтыгында бул мыйзам долбоору парламенттин колдоосун тапкан жок. Ага 109 депутаттын 82си четке кагылсын деген добуш беришти.

Деген менен экология тармагында көп жылдардан бери иштеген Рудбек Абдраев аталган мыйзам колдоо таппаганына кейиди:

- Мамлекет адегенде чек араны, анан жаратылышын коргошу керек. Тилекке каршы андай болбой жатпайбы. Эгер мамлекет кайберендерди коргоого алы жетпей жатса анда жергиликтүү элди көзөмөлдөтүп койсун. Эл өзү коргоп алат.

Кыргызстанда учурда аркар-кулжанын болжолдуу саны 20 миңге жакын. Ага аңчылык кылууга уруксат берилген. Бул жаныбар дүйнөдө Марко Поло деген ат менен белгилүү. Аларды атууга уруксат 700 миң сомду түзөт. Ал эми тоо текелерге мергенчилик кылууга уруксат алуунун баасы 100 миң сом. Мунун аркасынан өкмөт 2018 жылы 80 кулжа 320 тоо теке атууга уруксат берген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG