Эки тараптан чек арачылар жана райондук деңгээлде сүйлөшүүлөр уланууда. Азырынча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат жок.
16-сентябрда Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдарынын жана Лейлек районунун Лейлек айыл аймактарынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары менен облус жетекчиси Акрам Мадумаров жолугушту. Депутаттар облус башчысынан такталбаган аймакта мыйзамсыз курулуш иштерин токтотууну, эки тараптуу макулдашууну аткарууну талап кылышты. Чек арада топтолгон эл жок.
Чек аралаш аймактарда тургундардын арасында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, маселени талаш-тартыш, жаңжал менен эмес, сүйлөшүү жолу менен чечүүгө үндөп жатышат.
Тажик тараптын версиясы
Ал арада Тажикстан Исфара менен Ворухту бөлүп турган жолго, талаштуу аймакка көзөмөл-өткөрмө бекетин салууга ниеттенип жатканын билдирди. Тажик тараптын маалыматына караганда, расмий Бишкек өз аракеттери боюнча эч кандай комментарий бере элек.
Ушу тапта Исфара менен Ворухтагы тажик айылынын ортосунда өзүнчө жол жок. Азыркы жол Кыргызстандын Баткен облусунун Ак-Сай айылы аркылуу өтөт. Мурда тажик тарап Бишкек бул жолду бир тараптуу жаап салганын билдирген учурлар болгон. Кыргызстан бул темага комментарий берген эмес.
Исфара шаар администрациясынын басма сөз катчысы Икбол Илёсзода 15-сентябрда «Озоди» радиосу менен болгон маекте андагы маалымат боюнча кыргыз тарап көзөмөл-өткөрмө бекетин салыш үчүн төрт вагон жана курулуш материалдарын алып келгенин кабарлады.
Исфарадагы атын атагысы келбеген башка бир маалымат булагы ал бекет Исфара менен Ворухтун ортосундагы жолго салынарын, ал ортодогу кыймылга жолтоо болорун билдирди.
«Кыргыз тараптын аракеттери талаш тилкелерде кандай гана болбосун курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салган 2014-жылдагы протоколго каршы келет. Тараптар өз ара макулдашууга келүүгө тийиш», - деди маалымат булагы.
Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков 15-сентябрда «Азаттыктагы» маегинде Ворух жамаатын Баткен облусундагы анклав деп атаган. Бирок тажик бийлиги Ворух эч качан анклав болбогонун билдирүүдө.
Разаковдун айтымында, Тажикстан Ворух анклавына коридор алууга аракет кылып жатат. «Бирок биз аны бере албайбыз, анткени ал жакта биздин Ак-Сай айылыбыз бар», - деп түшүндүрдү Разаков. Ал эгерде Ворухка коридор ачылса, бул Кыргызстанда жаңы анклавдын пайда болушуна алып келиши мүмкүн.
Ал эми Икбол Илёсзоданын айтымында, Тажикстан коридор алуу ниети жок, анткени ошол эле 2014-жылдагы өкмөт аралык протоколго ылайык тажик тарап өзүнчө Исфара-Ворух жолун салууга укугу бар. «Азаттыктын» тажик кызматы жолдун курулушу азырынча баштала элек экенин кабарлады.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссия чек ара сызыгын так аныктоо боюнча бир пикирге келе элек. Анткени Тажикстан 1924-1927-жылдардагы документтер жана карталар менен иштөөнү сунуш кылса, Кыргызстан 1958—1959-жылдары жана 1989-жылы түзүлгөн карталар менен иштөөнү туура көрөт. 1920-жылдардын башында чийилген карталарда Ворух Тажик ССРинин ичинде турат, ал эми 1950-жылдардагы карталарда Ворух Кыргызстандагы анклав болуп эсептелет.
Расмий Дүйшөмбүдөгү сүйлөшүү топторуна жакын маалымат булактарынын айтымында Кыргызстан азыркы Тажикстандын аймагындагы 2,5 миң гектар жерди өзүнүкү деп эсептейт. Тажик бийлиги өз кезегинде совет мезгилинде Тажикстандын жерлери менен жайыттары кыргыздарга берилгенин, анын эсебинен Дүйшөмбү өзүнө таандык деп санаган 143 миң гектар жерди Бишкек өзүнүкү деп эсептей турганын билдирүүдө.
Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы тараткан маалыматка ылайык, учурда Ош-Баткен-Исфана жолу ачык жана кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал туруктуу.
Кыргыз тарап Көк-Таш – Аксай жолуна асфальт төшөө иштерин улантууда. Баткен районунун Аксай айылынын Дача жергесинде, Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы чек ара бекетин куруп жатат.
Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде, чек ара тарамдарынын жана башка мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин координациялоодо.
14-сентябрда Тажикстандын жарандары Лейлек районунун Максат айылы менен чектешкен Баткен районунун Жака-Өрүк участогуна, тактала элек аймакта курулуш ишин баштаган. Буга нааразы болгон кыргыз жарандары ошол аймакка чогулушкан. Чатактын алдын алуу максатында эки мамлекет ортосундагы чек араны кайтаруу күчөтүлгөн тартипке өткөн.