Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:41

Чамасы чак медицина, чарчаган дарыгерлер

Оорукананын алдында эс алып отурган дарыгерлер. 28-май, 2020-жыл.
Оорукананын алдында эс алып отурган дарыгерлер. 28-май, 2020-жыл.

Өкмөт оору менен күрөшкөн дарыгерлер чарчап, медицина тармагына күч келип турганын айтты. Мындан улам кадр резервин түзүп, аларды окутуу маселеси көтөрүлүүдө.

Акыркы күндөрү Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар көбөйүп, бейтаптардын сакайып кетүүсү боюнча көрсөткүч күндөн-күнгө начарлап жатат.

Саламаттык сактоо министрли​ги жаш дарыгерлерден медицина кызматкерлеринин кадр резервин түзүүнү пландап жатат.

Чарчаса да жумуштан качпаган дарыгерлер

Бишкектеги №6 клиникалык ооруканада иштеп жаткан инфекционист Марлен Беделбаев акыркы жумада вирус жугузуп, оор абалда түшкөндөр көбөйүп, орун жок калганын айтып берди. Дарыгер интервью бергенге эки мүнөткө жетпеген убактысы бар экенин айтып, буларга токтолду:

Марлен Беделбаев жумуш учурунда.
Марлен Беделбаев жумуш учурунда.

«Бизде ар бир палатада үчтөн бейтап жата турган 60 койка бар болчу. Азыр 62 бейтап бар. Эки бейтапты да эки палатага кошумча керебет коюп жаткырууга туура келди. Аларды сыртта калтыра албайбыз да. Оорукана толуп калды, - деди Марлен Беделбаев. - Биз коронавирус менен келгендерди гана эмес, жүрөгү, өпкөсү ооругандарды да дарылайбыз. Анткени бизге кант диабети барлар, өпкөсү ооруган, кан-тамыр оорулары бар бейтаптар түшөт. Аларга комплекстүү дарылоо курсу болбосо организми вирусту жеңе албайт».

Кыргызстанда коронавирус катталгандан бери үч айдан ашты. Беделбаев бул аралыкта үйүндө тогуз күн эле болгон. Дарыгер күнүнө 12 сааттан иштеп, эртеден кечке бир форманы кийип жүрүү өтө оор экенин, ысыкта тердей берип колу, буту көөп кеткенин айтты:

«Биз өтө чарчадык. Бирок оптимист болуп, маанайды көтөрүп жүрбөсөк, оорулууларды ким дарылап, айыктырат? Ошондуктан баарына чыдап иштеп жатабыз. Албетте, ысыкта форма кийип жүрүү өтө кыйын. Дене-боюңдан шорголоп тер кетет. 60 бейтаптын баарын карап чыкканга бир күн кетет. Ар бир бейтап ага көңүл буруп, дарыгер 24 саат боюнча жанында болушун талап кылат. Бирок биз баарына жетишпейбиз да, - деди дарыгер. - Жумуш өтө оор. Биз моралдык жактан да, физикалык жактан да чарчадык. Анын үстүнө ар бир бригада кезек-кезек менен иштеп жатабыз. Баарыбыз кирип алсак бейтаптарды бир бирден караганга жакшы болмок. Бирок бизди алмаштыра турган дарыгерлер жок болуп калат. Ошондуктан аз сандагы команда менен кезектешип иштегенибиз туура болуп жатат».

Коронавирус менен кармашкан ак халатчандар

Үй карантиндеги тургундардын акыбалына байкоо салган дарыгер. Өзгөн району.&nbsp;<br />
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө 29 миңге жакын жаран үй карантинге алынган.&nbsp;
1/26 Үй карантиндеги тургундардын акыбалына байкоо салган дарыгер. Өзгөн району. 
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө 29 миңге жакын жаран үй карантинге алынган. 
Кыргызстанда өмүр сакчылары коронавирус менен күрөшүүсүн улантууда.
Коронавирус жугузуп алгандар менен байланышта болуп, учурда үй карантинде отурган карыянын акыбалын сурап жаткан дарыгерлер. Кара-Суу району.&nbsp;
2/26 Коронавирус жугузуп алгандар менен байланышта болуп, учурда үй карантинде отурган карыянын акыбалын сурап жаткан дарыгерлер. Кара-Суу району. 
Кыргызстанда өмүр сакчылары коронавирус менен күрөшүүсүн улантууда.
Өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратта жаткан бейтапты дарылап жаткан Ноокат аймактык ооруканасынын дарыгерлери.
3/26 Өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратта жаткан бейтапты дарылап жаткан Ноокат аймактык ооруканасынын дарыгерлери.
Кыргызстанда өмүр сакчылары коронавирус менен күрөшүүсүн улантууда.
Коронавирус жугузуп алгандар менен байланышта болгон жарандан тест алып жаткан дарыгер. Кара-Суу району, Ош облусу.&nbsp;
4/26 Коронавирус жугузуп алгандар менен байланышта болгон жарандан тест алып жаткан дарыгер. Кара-Суу району, Ош облусу. 
Кыргызстанда өмүр сакчылары коронавирус менен күрөшүүсүн улантууда.
Бишкек шаарындагы республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында иштеген кыргыз дарыгерлерине кеңеш берип жаткан польшалык адистер. Бишкек шаары.&nbsp;
5/26 Бишкек шаарындагы республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында иштеген кыргыз дарыгерлерине кеңеш берип жаткан польшалык адистер. Бишкек шаары. 
Кыргызстанда өмүр сакчылары коронавирус менен күрөшүүсүн улантууда.
Чет жерден келген кыргызстандыктарды &quot;Манас&quot; аба майданынан медицина кызматкерлери тосуп алууда.&nbsp;
6/26 Чет жерден келген кыргызстандыктарды "Манас" аба майданынан медицина кызматкерлери тосуп алууда. 
Кыргызстанда өмүр сакчылары коронавирус менен күрөшүүсүн улантууда.
Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Кадырбек Атабиев COVID-19га чалдыккандарды вируска каршы дарылар менен, өпкөсү сезгенген учурда (пневмония) <a href="https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan-coronavirus-interview-doctor/30579127.html" target="_blank">антибиотиктер менен дарылап жатканын</a>&nbsp;&quot;Азаттыкка&quot; айтып берди.&nbsp;
7/26 Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Кадырбек Атабиев COVID-19га чалдыккандарды вируска каршы дарылар менен, өпкөсү сезгенген учурда (пневмония) антибиотиктер менен дарылап жатканын "Азаттыкка" айтып берди. 
Кыргызстанда өмүр сакчылары коронавирус менен күрөшүүсүн улантууда.
Үймө-үй кыдырып, жарандарды текшерип жүргөн дарыгерлер.&nbsp;Кара-Суу району.
8/26 Үймө-үй кыдырып, жарандарды текшерип жүргөн дарыгерлер. Кара-Суу району.
Кыргызстанда өмүр сакчылары коронавирус менен күрөшүүсүн улантууда.
Ноокат аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жетекчиси Дилшат Мамажанов 12 сааттык нөөмөттөн кийин.
9/26 Ноокат аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жетекчиси Дилшат Мамажанов 12 сааттык нөөмөттөн кийин.
Кыргызстанда өмүр сакчылары коронавирус менен күрөшүүсүн улантууда.
Өзгөн районунун тургунуна кеңеш берип жаткан дарыгер.&nbsp;
10/26 Өзгөн районунун тургунуна кеңеш берип жаткан дарыгер. 
Кыргызстанда өмүр сакчылары коронавирус менен күрөшүүсүн улантууда.
Коронавируска тест алып жаткан дарыгер. Бишкек шаары.
11/26 Коронавируска тест алып жаткан дарыгер. Бишкек шаары.
Кыргызстанда өмүр сакчылары коронавирус менен күрөшүүсүн улантууда.
Кара-Суу районундагы дарыгерлерден түзүлгөн мобилдик топ ишке киришер алдында.
12/26 Кара-Суу районундагы дарыгерлерден түзүлгөн мобилдик топ ишке киришер алдында.
Кыргызстанда өмүр сакчылары коронавирус менен күрөшүүсүн улантууда.
Карантинге алынган үйлөрдү дезинфекциялап жаткан медицина кызматкери. Өзгөн району.&nbsp;
13/26 Карантинге алынган үйлөрдү дезинфекциялап жаткан медицина кызматкери. Өзгөн району. 
Кыргызстанда өмүр сакчылары коронавирус менен күрөшүүсүн улантууда.
Коронавирустан айыгып чыккан бейтаптарды үйүнө узатып жаткан ноокаттык дарыгерлер.&nbsp;
14/26 Коронавирустан айыгып чыккан бейтаптарды үйүнө узатып жаткан ноокаттык дарыгерлер. 
Кыргызстанда өмүр сакчылары коронавирус менен күрөшүүсүн улантууда.
Ноокат аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүндө иштеп жаткан врач-реаниматолог Улукбек Урулбаев &quot;Азаттык&quot; радиосуна берген маегинде <a href="https://www.azattyk.org/a/covid-nookat-ulukbek/30571965.htmlhttps://www.azattyk.org/a/covid-nookat-ulukbek/30571965.html" target="_blank">бир айдан бери үйүнө барбай иштеп</a> жатканын айткан.&nbsp;
15/26 Ноокат аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүндө иштеп жаткан врач-реаниматолог Улукбек Урулбаев "Азаттык" радиосуна берген маегинде бир айдан бери үйүнө барбай иштеп жатканын айткан. 
Кыргызстанда өмүр сакчылары коронавирус менен күрөшүүсүн улантууда.
Учурда өлкөдөгү абалга байланыштуу дарыгерлер күнү-түнү иштеп жатышат. Сүрөт &quot;Манас&quot; аба майданында тартылган.&nbsp;
16/26 Учурда өлкөдөгү абалга байланыштуу дарыгерлер күнү-түнү иштеп жатышат. Сүрөт "Манас" аба майданында тартылган. 
Кыргызстанда өмүр сакчылары коронавирус менен күрөшүүсүн улантууда.
Оштогу облустар аралык клиникалык ооруканасынын дарыгерлери. Бул ооруканада эки инфекциялык бөлүм бар.&nbsp;
17/26 Оштогу облустар аралык клиникалык ооруканасынын дарыгерлери. Бул ооруканада эки инфекциялык бөлүм бар. 
Кыргызстанда өмүр сакчылары коронавирус менен күрөшүүсүн улантууда.
Дарыгерлерден түзүлгөн мобилдик топ Кара-Суу районунун тургунунун дене табын текшерип, кеңеш берип жатышат.
18/26 Дарыгерлерден түзүлгөн мобилдик топ Кара-Суу районунун тургунунун дене табын текшерип, кеңеш берип жатышат.
Кыргызстанда өмүр сакчылары коронавирус менен күрөшүүсүн улантууда.
Коронавирус жугузган жарандар менен байланышта болгондордун короо-жайын, үйүн дезинфекциялап жаткан медицина кызматкери. Ноокат району.
19/26 Коронавирус жугузган жарандар менен байланышта болгондордун короо-жайын, үйүн дезинфекциялап жаткан медицина кызматкери. Ноокат району.
Кыргызстанда өмүр сакчылары коронавирус менен күрөшүүсүн улантууда.
Дарыгерлерден түзүлгөн мобилдик топ тургундардын дене табын текшерип, ПЦР анализдерин алат. Ага кошумча коронавирус жугузган жарандар менен байланышта болгондордун короо-жайын, үйүн дезинфекциялайт. Ноокат району.&nbsp;
20/26 Дарыгерлерден түзүлгөн мобилдик топ тургундардын дене табын текшерип, ПЦР анализдерин алат. Ага кошумча коронавирус жугузган жарандар менен байланышта болгондордун короо-жайын, үйүн дезинфекциялайт. Ноокат району. 
Кыргызстанда өмүр сакчылары коронавирус менен күрөшүүсүн улантууда.
Кыргызстандык дарыгерлерге кеңеш берип жаткан польшалык адистер. Оштогу облустар аралык клиникалык ооруканасы. 25-апрель, 2020-жыл.
21/26 Кыргызстандык дарыгерлерге кеңеш берип жаткан польшалык адистер. Оштогу облустар аралык клиникалык ооруканасы. 25-апрель, 2020-жыл.
Кыргызстанда өмүр сакчылары коронавирус менен күрөшүүсүн улантууда.
Лабораторияда иштеп жаткан медицина кызматкерлери. Бишкек шаары.&nbsp;&nbsp;
22/26 Лабораторияда иштеп жаткан медицина кызматкерлери. Бишкек шаары.  
Кыргызстанда өмүр сакчылары коронавирус менен күрөшүүсүн улантууда.
Польшалык адистер менен кеңешип жаткан кыргыз дарыгери.&nbsp;
23/26 Польшалык адистер менен кеңешип жаткан кыргыз дарыгери. 
Кыргызстанда өмүр сакчылары коронавирус менен күрөшүүсүн улантууда.
Саламаттык сактоо министрлиги аймактардагы дарыгерлерге жардам берүү максатында атайын консультант-дарыгерлер тобун түзгөн. Алар райондордогу догдурларга онлайн байланышта кеңештерди берүүдө.&nbsp;
24/26 Саламаттык сактоо министрлиги аймактардагы дарыгерлерге жардам берүү максатында атайын консультант-дарыгерлер тобун түзгөн. Алар райондордогу догдурларга онлайн байланышта кеңештерди берүүдө. 
Кыргызстанда өмүр сакчылары коронавирус менен күрөшүүсүн улантууда.
Дарыгерлер аймактардагы кесиптештери менен аралыктан байланышып жаткан кези. Чүй облусу. 27-апрель, 2020-жыл.
25/26 Дарыгерлер аймактардагы кесиптештери менен аралыктан байланышып жаткан кези. Чүй облусу. 27-апрель, 2020-жыл.
Кыргызстанда өмүр сакчылары коронавирус менен күрөшүүсүн улантууда.
Обсервациядан чыккан 24 медицина кызматкери. Ысык-Көл облусу. 28-апрель, 2020-жыл. Дарыгерлер&nbsp;коронавирус аныкталган бейтаптар менен 6-апрелден тарта иштеп, күнү-түнү жанында болушкан.&nbsp;
26/26 Обсервациядан чыккан 24 медицина кызматкери. Ысык-Көл облусу. 28-апрель, 2020-жыл. Дарыгерлер коронавирус аныкталган бейтаптар менен 6-апрелден тарта иштеп, күнү-түнү жанында болушкан. 
Кыргызстанда өмүр сакчылары коронавирус менен күрөшүүсүн улантууда.
Артка
Алдыга

Учурда дарыгерлер күнү-түнү шайы кеткиче иштеп, ооруга өздөрү да көп чалдыга баштаганы жалпы саламаттык сактоо системасынын ишине залакасын тийгизүүдө. Мындан улам премьер-министр Кубатбек Боронов медицина кызматкерлеринин кадр резервин түзүүнү Саламаттык сактоо министрлигине тапшырды.

Учурда ординатурада окуп жаткан 30 дарыгер атайын даярдыктан өткөн. Андан сырткары мобилдик бригадалардын санын да көбөйтүү чаралары көрүлүп жатканын саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев «Азаттыкка» билдирди:

Мадамин Каратаев.
Мадамин Каратаев.

«Тез жардам боюнча бригадалар жетишпей жатат. Бул боюнча биз азыр жерине барып көрүп, канча бригада түзүү керек экенин аныктайбыз, - деп айтты Мадамин Каратаев. - Андан сырткары мобилдик топторду көбөйтүп жатабыз. Республика боюнча 649 мобилдик топ бар. Азыр аларга да кайрылуу көп болууда. Кечээ бир күндө эле жарандардан 3954 чалуу түшкөн. Жаш дарыгерлерди кыска убакыт окутуп, андан сырткары кафедралардын мугалимдерин да тартып жатабыз. Канча дарыгер керек болсо, ошонун баарын тартканга даярбыз».

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда мамлекеттик бейтапканаларда 13,6 миңден ашык дарыгер, 33 миңден ашык орто медицина кызматкери иштеп жатат.

Буга чейин адистер өлкөдө вирус катталгандан тартып эле медицинаны күчтөндүрүп, дарыгерлерге колдоо көрсөтүү керектигин байма-бай айтып келишүүдө.

Өлкөдө коронавирус 18-мартта катталса, 28-июнга карата Кыргызстанда 712 дарыгер СOVID-19 инфекциясын жугузуп алган. Алардын 414ү айыгып чыкса, эки дарыгер илдеттен каза тапты.

Оору жугуп каза болгон дарыгердин бири Бишкектеги №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева 2-майда, Ош облусунун Кара-Кулжа райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарылоо-кеңеш берүү бөлүмүндө фтизиатр болуп эмгектенип келген дарыгер Альберт Исмаилов 2-июнда кайтыш болушту.

Өкмөттүн суз мамилеси

Апрель айынын башында медицина кызматкерлеринин жеке коргонуу каражаттары жетишсиз экени, транспорт менен камсыздалбаганы байма-бай айтылган. Мындан улам бир катар дарыгерлер короновирусту жугузуп алган.

Бирок өкмөт айрым медициналык кызматкерлер ооруну иш үстүндө эмес, сырттан жугузганы да аныкталганын айткан. 8-апрелде ошол кезде биринчи вице-премьер-министр болуп турган Кубатбек Боронов дарыгерлердин бири умрага барып келген кошунасынын үйүндө болуп, ошол жактан жугузуп алганын айткан эле. Өкмөттүн бул билдирүүсү дарыгерлердин нааразылыгын жараткан.

Өкмөт вирус жуккандар менен иштөөгө мажбур болгон медицина кызматкерлерине айлыгына кошумча акы төлөп берүүнү убада кылып, коронавирус жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми каза болгондордун үй-бүлөсүнө 1 миллион сом жөлөкпул төлөнүп берилерин айткан.

Эксперт Айбар Султангазиев өкмөт убада кылган кошумча акыны ушул күнгө чейин 41 дарыгер алганын айтып, өкмөттүн дарыгерлерге карата суз мамилесин сындады. ​

Айбар Султангазиев.
Айбар Султангазиев.

Адис өкмөт медицина кызматкерлеринин кадр резервин түзүүнү үч ай кечеңдеткенин белгилейт.

«Биринчиден, бул жумушту бир ай мурун жасашы керек болчу. Оору күчөй турганы башынан эле белгилүү болгон. Азыр кошумча резервди даярдоо үчүн да убакыт кетет. Эми инфекционист, пульмонолог деп бир багытта иштеген дарыгерлерди гана эмес, жалпы дарыгелерди, айрыкча жаштарды, жеке менчик ооруканалардагы дарыгерлерди да тартуу керек, - деп айтты Айбар Султангазиев. - Азыр көп дарыгерлер жумуштан кетем деп арыз жазганын угуп эле жатабыз. Бирок алардын жекетчилери арыздарына кол койбой жатканын да билебиз. Мына, өкмөт убада кылган кошумча 200 миң сомду 200 дарыгердин ичинен 41 дарыгер эле алыптыр. Башынан эле айтып келе жатабыз. Оорудан кача албайбыз, дарыгерлерге гана күч келет. Андыктан өкмөт дарыгерлерди алдабай, күнөөлөбөй, өз убагында шартын түзүп, жакшы акча төлөп бериши керек. Анткени алар 2-3 айлап үйүн, жакындарын көрбөй иштеп жатышат».

23-июнда коронавирус жуккан бейтаптар менен иштеген медицина кызматкерлерине кошумча айлык акы үч ай үчүн төлөнүп берилгенин жана кайсы бир кызматкерге кошумча акча тийбесе, буга ошол медициналык жайдын жетекчиси жооптуу экенин вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирген.

Кечирим сураган дарыгер

Апрель айы ортолоп калган кезде үй-бүлөлүк дарыгер Бектур Апышев «Твиттерде» жетекчилиги берген сапатсыз беткаптын сүрөтүн жарыялаган. Көп өтпөй анын «Твиттер» аккаунту өчүрүлүп, 12-апрелде Бектурдун «жалган айтып койгом» деген видео кайрылуусу тараганы Интернетте кызуу талкуу жараткан.

#БекТур - кечирим сураган дарыгер
#БекТур - кечирим сураган дарыгер
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:35 0:00

Адистер мындай окуялар оору күчөп турган чакта дарыгерлерди чочулатканын айтышат.

Бишкектеги ооруканалардын биринде реанимация бөлүмүндө иштеген дарыгер, учурда жумушунан сырткары өз каалоосу менен пандемия маалында жарандарга кеңеш берип жаткан Эрмек Исмаилов өкмөт азыр дарыгерлердин ишенимине кирип, колдоо көрсөтүшү керек деп эсептейт.

Эрмек Исмаилов.
Эрмек Исмаилов.

«Дарыгерлер элибиз үчүн, мекен үчүн иштегенге даяр. Эң башкысы мамлекет жана өкмөт моралдык жана финансылык жактан колдоо көрсөтүп, ишеним жаратышы керек. «Жеке коргонуучу каражаттарды толуктап, коопсуздугуңарды 100 пайызга камсыздап беребиз» десе, дарыгерлер иштешет. Айрыкча жаштар иштегенге даяр. Бирок буга чейин ооруну өздөрү жуктуруп алды деп күнөөлөп, кечирим сураткан учурлар болгондуктан азыр баары эле шек санап турат, - деп айтты Эрмек Исмаилов. - Ооруну дарыгерлер туура эмес кийинип же башка себептен жуктуруп алды деген туура эмес. Анткени кызыл зонада вирустун көлөмү абдан көп. Ал жерде канчалык жакшы коргонсоң да баары бир вирус жугуу коркунучу бар. Дүйнөдө деле дарыгерлер вирусту көп жуктуруп жаткан учурлар болуп жатат. Башында коргонуучу каражаттар жетишсиз болуп же алар талапка жооп бербей калган учурда вирусту жуктуруп алышкан. Азыр дарыгерлерди кысымга албай, тескерисинче, колдош керек».

Буга чейин коронавирус шартында иштеп жаткан медицина кызматкерлеринин көйгөйү Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүлүп, депутат Дастан Бекешев дарыгерлердин маянасы өтө аз болуп жатканын белгилеп, алардан мамлекеттик сыйлыктарды аябоого чакырган:

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

«Кээ бир кызматкерлер үй-бүлөсүн көрбөй, күнү-түнү иштеп жатышат. Ошондуктан президентке, парламент төрагасына жана премьер-министрге бир өтүнүч бар – медицина кызматкерлеринен быйыл Ардак грамота, Эмгеги сиңген дарыгер деген жана башка сыйлыктарды аябасак. Бюджетте акча болсо акчалай сыйлык бериш керек. Экинчиден, өкмөт медицина кызматкерлеринин айлыгын карап чыгышы зарыл. 2021-жылы болобу, айлыгын көбөйтпөсөк, бизди эч ким түшүнбөйт. Өткөн жумада бир дарыгер өзүнүн маянасын көрсөттү – 3 900 сом. Бул өтө аз».

Өлкөдө COVID-19 илдети алгач 18-мартта катталган. Ошондон бери бул инфекция 4 миңден ашуун адамга жугуп, 47 адам каза болду. Пандемия башталгандан бери оорудан 2212 адам сакайган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Гүлжан Турдубаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG