Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:16

Кыргызстан-Малайзия: адал индустрия, туризм, ажылык


Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров жана Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим. 15-май, 2024-жыл
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров жана Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим. 15-май, 2024-жыл

Кыргызстан менен Малайзия кайсыл багыттар боюнча кызматташа алат? Куала-Лумпур Бишкек үчүн эмнеси менен баалуу?

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Азияда тез өнүккөн бул өлкө менен Кыргызстандын соода-экономикалык байланышты күчөтүү ниети айтылып келет.

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим Бишкектеги сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушту.

Тараптар кызматташуунун жаңы багыттарын талкуулашты. Айыл чарба, туризм, энергетика, энергиянын кайра жаралуучу булактары, тоо-кен, инфратүзүм, маалымат технологиялары, адал индустрия жана экономиканы өнүктүрүү жөнүндө сүйлөшүүлөр болду.

Садыр Жапаров Кыргызстанга малайзиялык бизнестин келишине кызыкдарлыгын билдирди. Эркин экономикалык аймактарда малайзиялык ири ишканаларды тартуу менен инвестициялык аймактарды түзүү мүмкүнчүлүгүн сунуштады.

“Учурда заманбап санариптик технологияларды киргизүү, социалдык маанидеги объектилерди куруу жана модернизациялоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ушул багыттарда Кыргызстан үчүн жаңы технологиялар, жаңы билим, жаңы инвестициялар керек болууда. Бул үчүн менин жеке көзөмөлүм менен жагымдуу инвестициялык климатты түзүү боюнча бардык чаралар көрүлүп, чет элдик инвесторлорго зарыл кепилдиктер жана артыкчылыктар берилүүдө. Малайзия экономикасынын өнүгүү модели жана ар тараптуу социалдык-экономикалык жетишкендиктери менен "Азия жолборсу" наамына татыктуу болгонун баарыбыз жакшы билебиз. Малайзиянын өнүгүү модели башка өлкөлөр үчүн, биздин аймак үчүн көрүнүктүү үлгү катары болуп саналат. Өз кезегинде Кыргызстан да келечекте өзүнүн өнүгүү жолунда "Борбордук Азиянын илбирси" болушун каалайм”, - деп сүйлөдү президент Жапаров.

Президент муну менен катар диний билим берүү жаатында жана ажылык сапарларын уюштурууда Малайзиянын тажрыйбасын өздөштүрүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Жолугушууда айтылган маалыматтарга ылайык, туризм, соода-экономикалык, транспорттук жана логистикалык өнөктөштүктү жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн Бишкек - Куала-Лумпур авиакаттамын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим өкмөтүнүн негизги министрлерин ээрчите келгенин, муну менен чөлкөмдөгү өлкөлөр менен кызматташууга өзгөчө маани бере турганын билдирди:

“Экономикалык кызматташууда биз эң төмөнкү деңгээлден баштаганбыз. Бирок өз ара соодада бир жыл ичинде 300% өсүшкө жетише алдык. Бул өсүүгө мүмкүнчүлүк бар дегенди билдирет. Өнүгүүнүн жаңы жолдору бар, мисалы, санарип тармагында. Экономикабыз бай өлкөлөрдөн гана көз каранды болбой, бири-бирибиз менен тыгыз иштешибиз зарыл. Биз иштеше турган дагы бир жаат – бул адал өндүрүшү. Бул жаатты терең изилдешибиз керек”.

Расмий маалымдалгандай, жолугушуулардын жыйынтыгында "Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы кызматташтыкты ар тараптуу активдештирүү жөнүндө Биргелешкен билдирүүгө" кол коюлду.

Ошону менен катар, Кыргызстан-Малайзия кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн биргелешкен комиссиянын ишин жандандыруу да талкууланды.

Турист келсе, инвестиция да келет

Экономика жана коммерция министринин Адал индустрияны өнүктүрүү борборунун директору Алмаз Кайырбеков делегациялардын жолугушуусуна катышып чыккандан кийин, эки тараптуу кызматташууда Бишкек артыкчылык берген багыттарга кыскача токтолду:

“Биздин соода жүгүртүүбүз дагы деле 20 млн доллардан аша элек. Азыр жаңы катташуулар болуп жатат. Президентибиз жакын арада өнүккөн мамлекеттер менен жакшы иш алып барууга көңүл буруп жатат. Жаңы багыттарда санариптештирүү, курулуш жагынан, Кыргызстанга заманбап технологиялар алып келинүүдө. Малайзия - Жапония менен көп жыл чогуу иштешкен мамлекет. Азык-түлүк чыгаруу багытында булардын лабораториялары аябай өнүккөн. Андан тышкары, булардын эли туризмди жакшы көрүшөт. Негизи туризмдин артынан инвестиция келет. Авиакаттамдар боюнча дагы сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Экономикалык жактан Малайзия менен Кыргызстандын ортосу алыс болуп жатпайбы. Бирок ошого карабастан, логистикалык жактан биз утабыз. Эгерде Малайзия менен жаңы авиакаттамдар ачылса, туризмде жакшы мүмкүнчүлүктөр ачылмак. Ушул маселелердин баарында тең Малайзия менен иштешкенге президентибиз азыр жакшы багыт берип жатат”.

Соңку мезгилде эки тараптуу кызматташтык ыкчам жанданып баратат. Мындан бир жыл мурун Малайзиянын тышкы иштер министри Бишкекке расмий сапар менен келип кеткен. Быйыл январь айында Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана апрелде тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Куала-Лумпурга сапар менен барышкан.

Байсалов үч күндүк сапарында Малайзиянын билим берүү системасын жана тармакты реформалоо жолдорун үйрөнүүгө басым жасаганы маалымдалган.

Жээнбек Кулубаевдин сапарында Кыргызстандан органикалык айыл чарба азыктарын экспорттоо, Малайзиядан инвестиция тартуу, ошондой эле адал индустрия, кен байлыктар, туризм жана энергетикалык тармакта кызматташуу маселелери талкууланган.

"Малайзиянын реформалык тажрыйбалары баалуу"

Малайзияда жогорку технологиялуу жабдыктарды өндүрүү бир кыйла алдыга озгон. Жарым өткөргүчтөрдүн, башкача айтканда, микрочиптердин экспорту боюнча дүйнөдө алтынчы орунду ээлейт. Малай өкмөтү микросхема өндүрүшүндөгү бараанын мындан да чоңойтуу камын көрүп келет.

Инвестиция боюнча эксперт Шумкарбек Адилбек уулу мамлекеттик башкарууда натыйжалуу реформаларды жасай алган Малайзиядан көп тажрыйба алууга болорун айтат. Ошону менен катар, жогорку технология өндүрүшү таанымал өлкөдөн Кыргызстандын экономикасына инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү да жогору деп эсептейт:

“Малайзия аркылуу биз дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө чыксак болот. Себеби, Малайзиянын океанга, англис тилдүү өлкөлөргө да чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Негизи эле, Түштүк-Чыгыш Азия чөлкөмүндөгү эн биринчи дипломатиялык көз карандысыздыкты тааныган өлкө катары жакшы өнөктөш боло алат. Андан сырткары, Малайзия бир топ жыйынтыктуу реформаларды жасаган өлкө катары белгилүү. Ошол тажрыйбаны алып, үйрөнсөк, жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Башкаруу системасынын жыйынтыгы катары ушундай жогорку технологиядагы, кошумча наркы жогору тармактарга басым жасаган. Ошолорду жана биздеги кемчиликтерди эске алып, Малайзиянын тажрыйбасын алып үйрөнсөк болот. Мен билгенден, туруктуу түрдө Кыргызстандын рыногунда иштеп жатат деген компанияны көрө же уга элекмин. Бирок кызыгуу бар. Кызыгуунун дагы себептери эң биринчи тоо-кен тармагына, чийки зат базасына байланыштуу болушу мүмкүн. Жогорку технологияда сөзсүз түрдө ар кандай сейрек кездешүүчү металлдарды сатып алуу, чыгаруу дагы абдан маанилүү. Ошондуктан бул тармактарда кызыгуу болушу мүмкүн”.

Малайзия Түштүк-Чыгыш Азия чөлкөмүндөгү алдыңкы өнүккөн өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Эл аралык валюта корунун 2023-жылдагы эсеби боюнча, ички дүң өндүрүмү 414 млрд долларга жеткен жана ар бир жаранына 37 миң доллардан туура келет. Ал эми Кыргызстандын ички дүң өндүрүмү 13 млрд доллардан ашуун, бул 7 млн калктын жан башына 1970 доллардан тийет.

Азыркы учурда Кыргызстан менен Малайзиянын экономикалык алакасы тыгыз деп айтуу кыйын. Малайзиянын үлүшүнө Бишкектин жалпы соода жүгүртүүсүнүн 0,1% гана туура келет. Эки өлкөнүн 2023-жылдагы товар жүгүртүүсү 18 млн доллардан бир аз ашат. Анын 99,9% импорттон турат. Импорттук товарлардын 46% компьютердик техникалар жана 17% уюлдук телефондор түзөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG