7-июнда Бишкекте Катар менен Кыргызстандын ортосунда мамлекеттер жана өкмөттөр аралык 13 документке кол коюлду. Өлкө башчылары кыргыз-катар экономикалык кызматташтыгы гидроэнергетика, туризм жана инфратүзүм тармактарында жүрөрүн белгилешти.
Жетишилген келишимдерди алдыга жылдыруу үчүн өкмөттөр аралык иш-чаралар өткөрүлөрү айтылды. Талдоочулар алдыда Кыргызстан үчүн төлөө жөндөмү өтө жогору жаңы рынок ачылганы турганын айтышууда.
Экономикалык кызматташтыкка өзгөчө маани берилди
Мунайга бай өлкөнүн эмири Тамим бин Хамад Аль Танинин сапарынан Кыргызстан ири инвестицияларды күтүп жаткан. Араб өлкөлөрүнүн падышаларынан алгачкы жолу Кыргызстанга келген эмирдин сапары учурунда дал ушул экономикалык кызматташтыкка өзгөчө маани берилгени байкалды.
Бишкекте өткөн жолугушуу учурунда кыргыз президенти Садыр Жапаров дагы бул маселеге көңүл буруп, Аль-Танинин мамлекеттик сапары эки тараптуу мамилени өнүктүрүүгө олуттуу түрткү берерин айтып өттү.
“Улуу даражалуу бир тууганым, сиздин Кыргыз Республикасында өтүп жаткан мамлекеттик сапарыңыз чоң тарыхый мааниге ээ. Анткени, 30 жылдык тарыхта Катар менен Кыргызстандын кызматташтыгында эле эмес, жалпы араб дүйнөсү менен болгон карым-катнашта алгачкылардан болуп сиздин сапарыңыз жасалып жатат. Албетте, бул сапарыңыз өз ара ишенимге негизделген кыргыз-катар бир туугандык мамилелеринин жаңы барагын ачат деп терең ишенемин. Улуу даражалуу, бүгүн биздин өлкөлөрдүн ортосунда ар түрдүү тармактарда эки тараптуу документтерге кол коюлуп жатканын кубануу менен белгилеймин. Ошондой эле сиздин бүгүнкү Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарыңыз кыргыз-катар кызматташтыгын ар түрдүү багыттарда мындан ары өнүктүрүүгө чоң түрткү берет деп терең ишенемин”.
Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани анын Бишкекке жасаган сапары эки өлкөнүн кызматташтыгын бир кыйла кеңейтерин белгиледи. Өзгөчө соода-экономикалык чөйрөдө, инфратүзүм, туризм, айыл-чарба тармактарында жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылары айтылды. Ал эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты алдыга сүрөө үчүн алдыда өкмөттүк деңгээлдеги иш-чаралар өткөрүлөрүн билдирди.
“Биринчиден, урматтуу президент, сиздин чакырууңузга жана меймандостугуңуздарга терең ыраазылык билдирем. Азыр айтып кеткениңиздей, бул жылы эки өлкө ортосундагы мамилелердин башталганына 25 жыл толуп отурат. Менин бул сапарым жана сиздин былтыркы мундиалдагы (Катарда өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионаты) сапарыңыз кызматташтыкта чоң мааниге ээ. Өзгөчө экономикалык жана инвестициялык тармактарда. Азыр сиз дагы атап кеткендей, гидроэнергетика, туризм жана инфратүзүм тармактарында кызматташтыкты жакынкы убакытта карап чыгабыз. Ошондой эле өкмөттүк жыйындарды жана министрликтердин ортосундагы жолугушууларды өткөрүүгө аракет кылабыз”.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кыргыз-катар кызматташтыгынын негизги багыттарын аныктаган 13 документке кол коюлду. Алар экономикалык, социалдык, маданий, укуктук жана аскердик багыттагы кызматташтык жөнүндө келишимдер жана түшүнүшүү меморандумдары.
- Кыргызстан менен Катарда маданий борборлорду түзүү жана иштетүү жөнүндө макулдашуу;
- Спорт жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
- Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Бажы мыйзамдарын колдонуу жана бажы укук бузууларынын алдын алуу жаатында өз ара жардам көрсөтүү тармагында макулдашуу;
- Кыргызстан менен Катардын финансы министрликтеринин ортосундагы биргелешкен кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
- Аскер тармагындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Ветеринария тармагындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Өсүмдүктөрдүн карантини тармагындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Айыл-чарба жана азык-түлүк коопсуздугу тармагындагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу меморандуму;
- Кыргыз-катар юстиция министрликтеринин ортосундагы укуктук тармакта кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
- Табигый кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
- Кыргызстан менен Катардын Улуттук банктарынын ортосундагы кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
- И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту менен Катар авиациялык колледжи ортосунда адистерди даярдоо жаатында өз ара түшүнүшүү меморандуму.
Ал эми конкреттүү инвестициялар жана алардын суммасы жөнүндө так маалымат айтылган жок.
Катар эмиринин Бишкектеги мамлекеттик сапары түшкө маал жыйынтыкталып, делегация андан ары Дүйшөмбүгө карай расмий сапары менен жол тартты.
Кызыкчылыктар төп келеби?
1998-жылдын мартында Кыргызстан менен Катардын ортосунда дипломатиялык алака түзүү боюнча келишим түзүлгөн. Кыргызстан менен Катардын дипломатиялык алакасы 2010-жылдан кийин аз-аздан жандануу жолуна түшкөн.
2012-жылы Катар мамлекети Бишкекте өз элчилигин ачкан. Эки жыл өткөн соң, 2014-жылы Дохада кыргыз элчилиги ачылган.
Кыргыз өкмөтүнүн 2012-жылы кабыл алган мыйзамына ылайык, 61 мамлекеттин жарандары үчүн Кыргызстанда 60 күн визасыз жүрүүгө уруксат берилген, алардын ичинде Катар мамлекети да бар.
Саясий кызматташтык жылуу маанайда уланып жатканы менен эки өлкөнүн экономикалык алакасы жандана албай келет. Кыргызстандын рыногунда буга чейин бир дагы катарлык олуттуу компания иш жүргүзгөн эмес.
Кыргыз-катар соода жүгүртүүсү 2021-жылы 103 миң доллар болсо, 2022-жылы ал көрсөткүч да 48% азайып кеткен. Анын баарын тең кыргыз экспорту түзөт.
2017-жылы Бишкекте Qatar charity кайрымдуулук фондунун кеңсеси ачылган. Фонддун расмий маалыматына ылайык, уюм 5 жыл аралыгында 30 млн. долларлык ар түрдүү социалдык долбоорлорду ишке ашырган жана муктаж жарандарга жардамдарды уюштурган.
Катар өлкөсү аянты боюнча Кыргызстандан 17 эсе кичине, калкы 2,5 эсе аз мамлекет. Бирок, экономикасы дүйнөдөгү эң кубаттуу мамлекеттердин катарында – ички дүң өндүрүмү жан башына 105 миң долларды түзүп, дүйнөдө 4-орунда турат.
Катардын экономикасы соңку 20 жылда эбегейсиз секирик жасай алды. Эл аралык валюта корунун 2022-жылдагы баалоосу боюнча ал дүйнөдөгү эң бай өлкөлөрдүн бештигине кирет. Катардын экономикасынын өзөгүн мунай жана газ тармагы түзөт жана газ-мунай кору боюнча дүйнөдө 3-4-орундарда турат. Ал тармак өлкөнүн ички дүң өндүрүмүнүн 55%, экспортунун 85% жана мамлекеттик кирешесинин 70% камсыздайт.
Катар чөлдүү аймкта жайгашкандыктан, айыл-чарбасы жакшы өнүккөн эмес, өзүнүн керектөөсүнүн 10% гана камсыздай алат.
Эл аралык саясат боюнча талдоочу Марс Сариев Кыргызстан Катарга айыл чарба азыктарын жана туризм тармагындагы долбоорлорду сунушташы керек деп эсептейт.
“Биз азыр Кыргызстанда бизнес курууга кызыкдар болуп турган Катарга абдан мыкты долбоорлорду сунушташыбыз керек. Айыл чарба тармагында экологиялык таза өндүрүмдөрдү, эт азыктарын, керек болсо минералдык сууларды да сатсак болот. Пайдалана турган абдан көп факторлор бар. Анткени, арабдарда азыр акча бар, бирок дүйнөлүк деңгээлде адал туризмди өнүктүрө турган мейкиндик жок. Ошондуктан, бул жерде элиталык туризм үчүн шарттарды түзүү зарыл. Экологияны талкалаган жана мөңгүлөрдү жок кылган “Кумтөр” сыяктуу тоо-кен тармактарын иштеткендин ордуна туризмге басым жасашыбыз керек болуп турат. Швейцариядагыдай, Франциянын Канн, Ницце аймактарындагыдай элиталык туризмди, бальнеологиялык дарылоо жайларын жана курорттук аймактарды өнүктүрүүбүз керек”.
Бишкектеги жолугушууларда кандай инвестициялык долбоорлор талкууланганы тууралуу конкреттүү маалыматтар жарыяланган жок.
Катар делегациясы бир күн мурда Ташкенттеги мамлекеттик сапарында 12 млрд. долларлык инвестициялык келишимдерди түзүшкөнү кабарланган. Алар энергетика, газохимиялык өндүрүш, айыл-чарба, логистика, туризм жана башка тармактарын камтыйт.