Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:21

Тажикстанда азык-түлүк кымбаттады


Кыргызстанга жакын Хожент шаарындагы "Сомон" базары.
Кыргызстанга жакын Хожент шаарындагы "Сомон" базары.

Кыргыз-тажик чек арасы жабылышы Баткен облусуна чектеш Тажикстандын түндүк аймактарына кымбатчылык алып келди.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы бүт чек ара посттору 11-январдагы чек арачылардын атышуусунан бери жабык турат. Эки өлкөнүн бийликтери качан тикелей сүйлөшүүлөрдү өткөрөөрү, качан чек ара ачылаары азырынча белгисиз. Ал арада чек аранын толук жабылышы буга чейин соода-сатык алакалары тыгыз болгон чек аралаш райондордун элинин турмушун татаалдантты.

“Азаттык” буга чейин чек аранын жабыктыгы Баткендин Лейлек районундагы тургундардын күнүмдүк турмушуна кандай терс таасирин тийгизип жатканын кабарлаган эле.

Аймакта эки өлкөнүн чектеш райондорунун эли узактан бери алыш-бериши мыкты болуп келгендиктен, чек ара кокус эле жабылып калышы эки тарапка бирдей зыянга турууда.

Айрым тамак-аш азыктарынын кымбатташы Тажикстандын Согди облусундагы базарларда да байкалды.

Шахло Тажикстандын Баткенге чектеш Исфара шаарындагы борбордук базарда күрүч сатат. Бул аймакта өзгөчө көп даярдалчу палоо үчүн ал сапаттуу күрүчтү Баткенден сатып барчу. Азыр эми чек ара жабылгандан бери Баткендеги базарга жете албай калды: "Күрүчтүн килограммын буга чейин 6,5 – 7 сомониден (1,5 доллар) сатчубуз. Азыр 8-9 сомониге чыкты, баалар дагы эле өсүп жатат. Бир аптадан ашты – бир да кило күрүч базарга келе элек", - дейт Шахло.

Баткендиктер Исфаранын базарына кургатылган өрүк, жаңгак, данектеринен тарта нокот, төө буурчагына чейин алып барышчу. Бул аймакта негизги соода-сатык базар күндөрү болот. Бирок өткөн жекшембиде ал жактагылар кыргыз сатуучуларды көрүшпөдү. Тажикстандыктар азыр Кыргызстандын ири базарларына да кире алышпайт. Маселен, Исфаранын өзүнө жакын жердеги Самаркандек базарына же Лейлектин Арка айылындагы ири мал базарга жол жабык.

Арка менен чектешкен Тажикстандын Гафуров районунун тургуну Махмуд Бобожонов аймакта буга чейин жайнап кеткен бензин куючу жайлардын баары жабылганын, анткени Кыргызстандан ташылчу күйүүчү май да өткөрүлбөй жатканын айтат.

"Мындай абал эч кимге жакпайт. Биз кыргыздар менен бирге колдонгон базарларыбыз бар эле, туугандашып да калганбыз, - дейт Бобожонов. - Азыркыдай акыбал көпкө созулбашы керек. Азыр эч ким чек араны ашып өтө албайт. Кыргыздар кыргыздар менен, тажиктер тажиктер менен гана соода кылып калдык".

Айрым тамак-аш азыктары кымбаттаганы Лейлек районунун борбору - Исфана шаарындагы базарда да байкалган. Ал жакка чөп-чар, жашылча-жемиш, помидор, бадырың, андан сырткары, шекер, ак май, колбаса жана бир топ башка азыктар Хоженттен келчү. Азыр эми алардын ордун Бишкектен ташылып келчү товарлар ээледи, баа да кеминде 4-5 сомго өстү.

Мындан сырткары, өндүргөн көмүрүнүн жарымынан көбүн Тажикстанга саткан Сүлүктү шахтасында иш кескин басаңдап кеткени айтылды.

Эки жактын жетекчиликтеринин бул маселеде кандай пикирде экени же качан сүйлөшүүлөр болоору белгисиз. 24-январда кыргыз-тажик жумушчу топторунун жолугушуусу Бишкекте өтмөк. Азырынча маалым болгону – ал жолугушууга тажик тарап келбейт экен. Ошон үчүн азырынча сүйлөшүү кандай форматта, качан улантылаары белгисиз.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG