Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:48

Түркиядан дагы бир учак толо мигрант кайтат


Стамбул аэропорту. 14-май, 2020-жыл.
Стамбул аэропорту. 14-май, 2020-жыл.

15-майда Стамбул-Бишкек каттамы менен мигранттардын дагы бир тобу мекенге кайтат.

Элчилик жана консулдук атайын түзгөн тизмедеги кыргызстандыктардын айрымдары Кыргызстанга кайтуудан баш тартышкан. Ошол эле учурда тизмеде болуп туруп учакка илинбей калган мигранттар да бар.

Нурсултан - Түркиянын Кония шаарындагы Селчук университетинин магистранты. Ал өзү окуган шаардан Стамбул аэропортун көздөй жол тартып, Бишкекке атайын каттам менен кеткени турат. Нурсултан аэропортко чейин 600 чакырымдык жолду кандай шарттарда өтүп келе жатканын айтып берди:

«Шартка байланыштуу Кыргызстанга кеткенге туура келди. Элчилик мен турган шаардан аэропортко атайын автобус уюштуруптур. Бирок биз кете тургандар алдын-ала студенттерди колдоо фонддоруна кайрылып жардам алганбыз. Азыр Кониядан Стамбулдун аэропортун көздөй автобус менен кетип баратабыз. Бизден кийин калгандарга да элчилик жардам берет деген ойдобуз».

Түркияда билим алып жаткан дагы бир студент Тимур да Стамбул аэропортуна бет алгандардын бири. Ал Анталия шаарында окуп жана иштейт. Коронавирус пандемиясы башталардан мурун Тимурга Кыргызстандан апасы келип аба каттамдары жабылгандыктан кайта албай калган. Тимур кант диабети менен ооруган апасын 15-майда уча турган рейске өзү коштоп узатып баратканын айтты:

«Биз 17-апрелдеги атайын каттамга жазылганга жетишпей калдык. Кийинки каттамдарга да жазылууга аракет кылдым, бирок эмнегедир элчиликтен жооп келген эмес. 15-майда учак бар экенин угуп, мен дароо элчиликке чалдым. Апамдын оор абалда ооруп жатканын, аны чукул арада Кыргызстанга жөнөтүш керек экенимди айтып жардам сурадым. Стамбулдагы консулдуктун кызматкерлери мага кайра чалып, апам тизмеге киргенин айтышты. Азыр эми Анталия губернаторлугунан уруксат кагаз алып аэропортту көздөй апамды узатып баратам. Буюрса апамды учакка салып коюп өзүм кайра Анталияга келип иштей баштайм».

Анкарадагы элчилик жана Стамбулдагы башкы консулдук расмий сайтында 15-майдагы рейс менен биринчи кезекте дарыланыш үчүн келгендер, балалуу аялдар, улгайган адамдар, хронологиялык тартипке ылайык элчиликке жана башкы консулдукка расмий түрдө кайрылгандар кетерин маалымдаган. Түркиянын Алания шаарында жашап жаткан Айжамал буга чейин элчиликтин тизмесинде турганын, бирок кезек улам жетпей жатканын айтып кейиди:

«Мен рейс болорун укканда эле элчиликке чалдым. «Эмнеге бизге эч ким чалган жок, биз эмне кылабыз?» - дедим. Алар болсо: «Канчанчы кезекте экенсиз?» - дешти. Мен Интернеттен караганда 380-кезекте элем. Анда элчиликтегилер «сизге кезек жетпей калышы мүмкүн, Аланиядан Стамбулга чыкпай эле коюңуз» дешти. Биз эки айдан бери жумушсуз карантинде отурдук. Эми айла жок кетпей калгандыктан сезон ачылса иштей баштайбыз».

Ал эми Анкара шаарында тигүүчү болуп иштеген Айнура да алдын-ала элчиликтин тизмесине тургандардын бири. Ал эки жылдан бери паспортунун мөөнөтү бүткөндүктөн Кыргызстанга барып, аны алмаштырууга милдеттүү экенин билерин, бирок Түркияда мыйзамсыз жүрсө да азыркы жумушун таштап Кыргызстанга кетүүдөн баш тартканын айтып берди:

«Менин эки жылдан бери паспортумдун мөөнөтү бүтүп калган. Ошол паспортумду алмаштырууга Кыргызстанга 1-2 жумага барып келейин дегем. Бирок азыркы чартердик рейс менен учсам обсервацияга жатууга милдеттүүмүн. Андыктан азырынча жумушум болуп тургандыктан аба каттамдарынын ачылышын күтөйүн деп чечтим. Элчилике «кетпейм» деп билдирип койдум».

Буга чейин Түркиядан Кыргызстанга кетиш үчүн атайын чартердик каттамды күткөн 629 кыргызстандык жаран тизмеде турганы кабарланган. Тизмедегилердин дээрлик көпчүлүгү - Стамбул, Анкара жана Анталия шаарында жашап, иштеп жаткан кыргызстандык мигранттар болгон.

Кыргызстандын Анкарадагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев 15-майдагы учак тизмесинде турган кыргызстандыктардын айрымдары Бишкекке кетүүдөн баш тартышканын баса белгиледи:

Кубанычбек Өмүралиев.
Кубанычбек Өмүралиев.

«10-майга чейин элчилик менен консулдуктун тизмесинде тургандардын саны 600дөн ашкан. Бирок биз 349 жарандын тизмесин «Түрк аба жолдоруна» жөнөттүк. Башкача айтканда тизмеде турган жарандардын 50% «кетпейбиз» деп жооп беришти. Мунун себеби - Түркияда акырындап экономиканын өсүшү байкалып, иш орундары ачыла баштаганы деп ойлойм. Ал эми Кыргызстанга кайткысы келген жарандардын тизмесин уланта беребиз. Эгер бир учак толо тургандай тизме чогулса, дагы бир учак уюштурууга мүмкүнчүлүгүбүз бар».

Буга чейин коронавирус пандемиясынан улам аба каттамдары жабылгандыктан Түркиядагы жүздөгөн кыргызстандыктар 24-мартта, 17-апрелде жана 24-апрелде атайын уюштурулган чартердик каттам менен Кыргызстанга кайтышкан. Ал эми 12-майда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков бүгүнкү күнгө карата дүйнөнүн 58 өлкөсүндө 8712 кыргызстандык жаран кыргыз өкмөтүнөн мекенине кайтууга жардам күтүп жатканын билдирген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG