Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:05

Эл үнү: Оренбургда ай талаада жаткан мигранттар


Коронавируска байланыштуу карантин.
Коронавируска байланыштуу карантин.

“Эл үнүнө” дарыгерлер COVID-19 дарты менен күрөштө “өмүрдү тобокелге салып иштеген менен кошумча акчаны көргөн жерибиз жок” деп кайрылышты.

Аты-жөнүн жашыруун бойдон калтыргысы келген дарыгерлердин айтымында, медайымдардын айлыгы толук берилбей, мобилдик топто иштегендерге 1500 сомдук гана кошумча төлөнгөн экен.

Саламаттык сактоо министрлигинин ички аудит бөлүмүнүн адиси Акылбек Жолочиев мындайча түшүндүрмө берди:

- Мобилдик топторго апрель айы үчүн төлөнчү акча толугу менен которулуп бүтө элек. Март айыныкы гана которулду. Апрель айынын төлөө процедурасын өзгөрттүк. Март айында Саламаттык сактоо министрлиги төлөсө, апрелдикин Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору ар бир догдурга, медайымга канча сом чыгарын эсептеп, бизге ошого жараша талап коёт. Ошонун негизинде Саламаттык сактоо министрлигинен алардын депозиттик эсебине акча которулат. Азыркы тапта мобилдик топто иштегендерге компенсация которула элек.

Март айы үчүн которулду. Орточо айлыгы буга чейин кандай болсо ошону алышат. Ага кепилдик берилет. Ага кошумча эмгек катыштык коэффициентин мекеменин өзүнөн эсептеп, кошуп беришет. Эпидемияга каршы күрөшүп жаткандардын орточо айлык акысы сакталат. Ага кошумча иштеген саатына жараша компенсация төлөнөт. Канча саат иштесе ошончо саатка төлөнөт. Апрель айында врачка бир саат иштесе 100 сом, орто катардагы кызматкерге 90 сом, кенже кызматкерлерге 80 сомдон төлөнөт.

Орус-казак чек арасына жөө жөнөгөн мигранттар

6-апрелде Москвада турган жүзгө жакын жаран автобус жалдап жолго чыккан, бирок автобуста жүрүүгө уруксат берилбегендиктен, орус-казак чек арасына чейин жөө жөнөшкөн.

Аты-жөнүн айтпаган мигрант:

- Мамлекеттен бир сом сурабай элебиз. Өзүбүз автобус жалдап, эми коридор ачып бергиле десек, ошого мүмкүнчүлүгүңөр жетпей жатабы? Баарынын абалы оор. Кош бойлуу, балдакчан жүргөн туугандар бар. Ачка-ток болуп, талаада калдык. Бизге жол тосулуп жатат.

Аял мигрант:

- Жол ачып беришсин. Эки айдан бери жаттык. Аэропортто колубузда билетибиз менен турдук. Жолду ачып берсин. Тамак да жок, эч нерсе калбады.

Эркек мигрант:

- Бүгүн 7-май. Орусиянын Оренбург облусу. Эртең мененки саат беш жарым. Ушинтип элдин баары жөө жүрүштү башташты. Кыргызстанга мекенге жол тартышты. Оренбурдун Бозулук деген жеринде блокпост коюшуп, ошол жерден өткөрбөй жатышат. Кыргызстандын чоңдору, бир жардам кылып койсоңор. Силерден сураныч.

Оренбургда ай талаада калган мигранттар
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:47 0:00

Аты-жөнүн айтпаган мигрант:

- Мына мен элчиликтин алдына келип, бул документти берип коёюн деп өтүнсөм, кызматкери чыкты дагы тизмени ала албай койду. Себебин сурасам, ал мынча кишинин жоопкерчилигин мойнуна алгысы келген жок. Мынакай 1160 кишинин тизмеси.

Мигрант аял:

- Кыргызстандын Москвадагы элчилиги мигранттарга бөлүнгөн акчаны каякка кетирип жатат? Телефон чалсаң алышпайт, кат жазсаң жооп беришпейт. Барсаң “элчилик жакка келбегиле” деп кубалайт. Анан кантип элге жардам берип жатышат? Мигранттарга ошол да кызык. “Элчиликтен жардам алдык” деген бир сөз уккан да, көргөн да жокпуз.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетованын жообу:

- Ал тизме жардамга муктаждардыкы эмес, “учак уюштуруп бергиле” дегендердики экен. Элчиликте элди учакка отургузуу боюнча тизме түзгөн жокпуз. Ошондуктан ал тизмени алган эмеспиз. Эгерге жардамга, тамак-ашка муктаждардын тизмеси болсо ошол жерден эле алмакпыз. Биздин кызматкер “учакка билетке тизме түзгөн жокпуз. Биз силердин тизмени албайбыз” деп жооп берди.

Соль-Илецк: “Бишкек” кафесин байырлаган мигранттар

Аты-жөнүн айтпаган жаран:

- Соль-Илецке келгенбиз. 400дөй адам кетип калган. Биз 60тай кыргыз калдык. Азыр бизге чек араны ачпай, артка же алдыга да кетирбей, камап турган кези. Анан “биздин арабызда вирус жуккандар бар” деген имиштер чыгып жатат. Азыр биз билбей жатабыз. Бизди каякка алып барат, обсервацияга алып барабы же артка Москвага кайтарабы – белгисиз. Кыскасы “Бишкек” деген кафеде 100дөй адам калып калдык. Биздегилерди текшерди, баарыбыз таза чыктык.

Расул Исмаилов, Азербайжанда калган жаран:

- Биз Кыргызстандын жараныбыз. 1-мартта Азербайжанга келгенбиз, 19-мартка артка кеткенге билетибиз бар эле. Жол жабылып калып, кете албай калдык. Биз Ошко кетишибиз керек. Төрт адамбыз. Паром менен Казакстанга Актауга барсак, бизге жардам берип койсоңуздар.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги пандемияга байланыштуу дүйнө жүзүндө түзүлгөн өзгөчө кырдаалдан улам чет жердеги жарандардын баарын алып келүүгө мүмкүнчүлүк жок экендигин эскерткен. Ал эң ириде эл аралык абалга байланыштуу экендигин расмий кабарлап, чет жердеги мигранттарды жол ачылганга чейин турган жеринде чыдоого чакырган эле.

Карапайым элдин муктаждыгы менен санаасы

Аты-жөнүн айтпаган ата:

- Балам төрт жашта, оорулуу. Башынан операция жасатып, өскөн этти, сууну алдырыш керек. Акча каражат жетишпей жатат. Батирде турабыз, үйүбүз жок. Кожоюн да тынымсыз батир акысын доолап жатат. Күнүгө 300-400 сомдон иштеп келчү элек. Силерден сураныч – акча жагынан жардам берип койсоңуздар. Биздин дарек: Бишкек шаары, Заводский переулок, 690 телефон: 0508-051 282; 0775-061 632

Аты-жөнүн айтпаган аял:

- Карантин башталганда жарык үч айга чейин өчпөйт деп айтылган эле. Пения кошулбайт, айып пулу жок төлөнөт деп айтылган. Март айында акча жок, жарыкка төгө алган эмеспиз. Экинчи айдыкы менен кошо, пениясы кошулуп, 1200 сом болуп келиптир. Пения кошулбайт, айып пул салынбай деп айтылган да.

Алтынай Кенжекулова:

- 2010-жылдан бери гемодиализ аппараты менен жашап жүрөм. Колуңуздардан келгенче жардам берип койсоңуздар. “Көп түкүрсө көл болот” көпчүлүктүн жардамы менен бөйрөгүмдү алмаштырып алсам дейм.

Аты-жөнүн айтпаган тургун:

- Биздин үнүбүздү Ош шаарынын мэриясына жеткирип койсоңуздар. Ош шаарынын Салиев көчөсүндөгү 48-үйдө жашайбыз. Азыр батирде турабыз. Күнүмдүк жумушта иштечү элек. Эми карантинге байланыштуу жумуш жок. Паспортубуз жумушта элек. Эми айылга да кете албай жатабыз. Апрель айында гумжардамга 3 кг. ун келген, ошол бойдон жардам жок. Оштун мэриясы бизди деле карап койгулачы. Ачка отурабыз, жегенге эч нерсе жок. Айылга кетели десек паспортубуз жок.

Аты-жөнүн айтпаган аял:

Урматтуу Сооронбай Шарипович жана биздин депутаттар,

Сиздерге айыл тургундары, карапайым калк кайрылабыз. Биз айыл жергесинде “отур” деп айтылгандан кийин үйдөн чыкпай, мыйзамды сыйлап отурабыз. Айыл жеринде караганыбыз жалгыз кара уйдун сүтү эле. Саап, сүтүн өткөрөм. Шаардагы уулум бир литр сүттү 45-50 сомдон сатып ичип жатат. Бул жерден менден сүттүн литрин 16 сомдон алат. Биз суунун бир бөтөлкөсүн 16 сомго сатып иче албайбыз. Уйга жайлата чөп оробуз, жем сатып алабыз. Уйду багабыз, ошондон бир аз сүт саап, аны менен жан сактап келатабыз. Ошол сүттүн литрин эми уялбай 16 сомго түшүрдү. Сүттүн баасын туура чечип бербейсиңерби? Ортодогу сүт алгандар 16 сомдон алып, кайра 45 сомдон сатса, канча эсе пайда көрүп жатат? Өкмөткө ошончо салык төлөп жатыптырбы? Каржы полициясы, Монополияга каршы кызмат, Эсеп палатасы, прокуратура каякты карайт? Сиздерден жардам сурайбыз.

Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын тургуну:

- Жолдошум экөөбүз тең иштебейбиз. Жети балабыз бар. Анын бешөө окуйт. Онлайн сабак болгондуктан, балдарга телефон жетишпей жатат. Телефонубуз бар эле, бирок ал иштебей калды. Башкасын алганга азыр мүмкүнчүлүк жок. Эгер онлайн сабак болбосо бизге телефондун деле кереги жок эле.

Анара Көкүмова:

- Жабылган жолдор бизди өтө кыйнап жатат. Азыр жерге бир дан таштасаң, миң дан чыкчу маал эмеспи. Быйылкы жылдын эсебинен эмдиги жылы жашайбыз да. Ушундай өнөктүк мезгилде эч кандай иш кылбай отура берсек, биздин эртеңки күн кандай болот? Бала-чака менен тартыш заманда жашап калабыз, келерки күздө мындан да оор акыбалга туш болобуз. Биз өзүбүз жылда Токтогулга барып, жер иштетчүбүз. Мына азыр таптакыр эч жакка жыла албай жатабыз. Алдыда эмне деген шумдук болот? Биз барып, картошка айдап, эгин эгип, кыштын камын көрмөкпүз. Анан жолду жаап, адамдарды таптакыр жылдырбай койгон мындан да кедейчилик менен ачарчылыкка кептеген жатпайбы. Ушуну кандай чечерди билбей, байланып отурабыз. Эртең биз көп нерседен куру калмай болдук.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG