Бир айдын ичинде атайын түзүлгөн комиссия аткаруу бийлигинин ишин талдап, реформалоо боюнча план иштеп чыгат. Айрым серепчилер өкмөттүн демилгесин "популисттик" деп баалап, аткаруу бийлигин реформалоонун жыйынтыгынан күмөн санап турушат.
Азырынча айрым мамлекеттик түзүмдөр кандай өзгөртүлөрү, канча кызмат орду жоюлуп, мамлекет казынасынан канча каражат үнөмдөлөрү боюнча так сандар айтыла элек. Алдын ала маалыматтарга караганда, кеминде штаттык орундарды 10 пайызга кыскартуу каралып, айрым агенттик, департаменттердин түзүмү өзгөртүлөт.
- Комиссия өкмөткө караштуу мамлекеттик органдардын түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштыруу, функциясын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында түзүлдү, - деди “Азаттык” радиосуна кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынын башчысы Чыңгыз Эсенгулов.
Бул реформа өкмөттүн “Жаңы доорго 40 кадам” программасынын алкагында жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле комиссиянын иши аяктаганча бош кызмат орундарына жаңы кызматкерлер кабыл алынбайт.
2016-жылдын май айында ишке кирген жаңы мыйзам боюнча муниципалдык кызматтагылар да мамлекеттик кызматкер болуп саналат. Ага ылайык, Кыргызстанда жалпы 27 миңдей мамлекеттик кызматкер эмгектенет. Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Акрам Мадумаров айрым министрликтердеги бири-бирин кайталган, артык баш саналган кызмат орундары жоюларын билдирди.
- Кээ бир мамлекеттик органдарда бири-бирин кайталаган функциялар бар. Ошолорду караштырыш керек. Бирок механикалык кыскартуу менен эмес, ар бир кызматты талдап, тактап, кызматкерлердин ишин эсептеп чечим чыгарышыбыз керек. Анткени бул жерде ар бир адамдын тагдыры турат.
Мамлекеттик кызматтардын ишинин натыйжалуулугун арттыруу, чыгымдарды азайтуу боюнча өкмөттүн бул аракетин сындагандар чыкты.
Мурдагы депутат Равшан Жээнбеков өкмөттүн демилгесин "кагазда калчу кезектеги программа" деп баалады. Жээнбековдун айтымында, өкмөт кыскартууну ишке ашыруунун механизмдерин так көрсөткөн эмес:
- Эч кандай, эч нерсе кыскарбайт. Биздин тарыхыбызда мен жаңылбасам жети жолу ушундай он, жети, беш пайыз деген кыскартууларды көргөм. Токтом чыгат, андан ары ишке ашпай калат. Болгону министр, өкмөт башчы, президентке жакпаган айрым жетекчилерди шылтоо менен кызматтан алышат.
Экономика боюнча адис Искендер Шаршеев мамлекеттик бюджеттин кошумча чыгымдарын, штаттык орундарды азайтуу менен чакан өкмөт түзүү заман талабы экенин белгиледи. Анын пикиринде, мындай дымактуу демилгелерди ишке ашырыш үчүн бир топ мыйзамдарды өзгөртүү зарыл жана ага саясий эрк керек.
- Элестеткиле, 5 млн эли бар Норвегияда бир облусун 12дей адам башкарат, ал эми башкы аппаратында 500дөй кызматкер бар. Бизде 6 млн элге 19 миңдей мамлекеттик кызматкер туура келет. Саясий эрк менен мыйзамдарды өзгөртүш керек. Союз учурунан, андан кийин мамлекеттик кызматтагы эксперттер өзүнүн анализин кошуп атып кабыл алынган мыйзамдар бар. Ал мыйзамдар менен мамлекеттик кызматкерлерди жумуштан алуу оңой эмес. Анан эң негизгиси - өкмөттүн кагаз иштери электрондук түргө өтсө, бир топ адамдын кереги жок болуп калат.
Өлкөдө жарандык коомдун өкүлдөрү "калкынын саны аз, бюджети тартыш Кыргызстанга чакан өкмөт керек" деген сунуштарын айтып жүрүшөт.
Эгемендик алган жылдардан тартып кыргыз өкмөтү бир нече жолу мамлекеттик мекемелер менен кызматкерлерди азайтып, чакан өкмөт түзүүгө аракет кылган. 2012-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин тушунда бийлик бири-бирин кайталаган бир нече түзүмдөрдү, мамлекеттик кызматкерлерди жоё баштаган. Ал учурда 18 миңге жакын мамлекеттик кызматкердин үч миңден ашууну кыскартылары, андан башкаруу системасына кеткен чыгымдан 1 миллиард сом үнөмдөлөрү айтылган болчу.