Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:57

Курултай: Туунун тагдыры, абактан кайрылуу, кадр саясатына сын


Жогорку Кеңештин депутаттары.
Жогорку Кеңештин депутаттары.

Бишкекте экинчи Элдик курултай жыйынтыкталып, жалпы жонунан 128 делегатка сөз берилди.

Анда сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү аймактардагы бала бакча, мектеп жетишсиздиги сыяктуу социалдык маселелерди көтөрүштү.

Ошол эле учурда курултайга көз салып жаткандар жыйында бийликти мактоо, алкоо сөздөрү көп болгонун белгилешти.

Президент Садыр Жапаров жыйын соңунда суроолорго жооп берип, туу жана Кемпир-Абад иши боюнча камакта отургандардын маселесине да токтолду.

Каршы чыкканга да, колдогонго да кол чапкан делегаттар

Экинчи Элдик курултайдын жүрүшүндө тууну өзгөртүү демилгесине каршы маанай байкалып, сөз алган делегаттардын бир нечеси бул демилгени колдобой турганын билдирген.

Баткен шаарынан келген делегат Жумабек Абдипатта уулу коомчулукта тууну өзгөртүү демилгеси боюнча кызуу талкуу уланып жатканын, президент Садыр Жапаров бул боюнча өз позициясын билдириши керек экенин айтты. Мындай билдирүүнү Элдик курултайдын башка катышуучулары дуулдап колдоого алышкан.

16-декабрда Садыр Жапаров суроолорго жооп берип жатып тууну өзгөртүү анын демилгеси экенин айтты.

Ал президенттик кызматтагы үч жыл ичинде эки тараптуу жолугушууларга жана ар кандай саммиттерге катышуу үчүн 30дан ашык өлкөлөргө барганын, айрым жолугушууларда “силер чемичке өндүрүп, май чыгарасыңарбы?” деген суроолор берилгенин айтты:

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

“Спикер Нурланбек Шакиевге “Нурлан ушундай-ушундай болуп атат. Желекке оңдоп-түзөтүү киргизүү менин ыйгарым укугума кирбейт. Жогорку Кеңешке туунун авторлорун чакырып, кеңешип мүмкүн желектеги күндүн нурун кичине түздөп, түндүгүндөгү чамгаракты төрткө көбөйтүп койбойлубу?” деп сурандым. Нурлан Шакиевди тепкилебей мени тепкилегиле”, - деди президент.

Президент сөзүнүн аягында залда отургандардан желекке өзгөртүү киргизүү демилгесин колдоп берүүнү суранды. Курултайдын делегаттарынын айрымдары кол чапты. Кызыгы алар тууну өзгөртүүгө каршы экенин айткан делегаттардын сөзүнө да кол чаап жатышкан. Бул окуядан кийин Аксыдан келген делегат мындай кайрылуу жасады:

"Урматтуу делегаттар! Мен силерге кайрылуу менен чыктым. Бизди 7 миллион эл көрүп турат. Кечээ "тууга каршымын" десе колдоп кыйкырдыңар. Бүгүн "макулмун" десе да кыйкырып жатасыңар. Эки жүздүү болбойлу, делегаттар. Бизди 7 миллион эл социалдык тармактардан шылдыңдап жатат".

Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга коюшкан. Бирок башынан эле демилге президент Жапаровго таандык экени айтылып жаткан.

Жаңы сунушталган вариантта кызыл түстөгү туунун ортосундагы күндүн нуру толкун сымал эмес, түз берилген жана нурлар өзүнчө бөлүнгөн. Түндүктүн элесиндеги үч чамгарак төртөө болуп өзгөргөн.

Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда көпчүлүк добуш менен чукул кабыл алган.

Тууну өзгөртүү демилгесине коомчулукта каршылык күч болуп, нааразылык акциялар да болгон. Аны уюштурган жарандык активист Афтандил Жоробеков камакка алынган.

Президент Кемпир-Абад иши боюнча эмне деди?

Коомчулук Элдик курултайда саясий камоолор, Кемпир-Абад иши боюнча да сөз айтылышын күтүп жатышкан. 16-декабрда Экинчи Элдик курултайдын делегаты Кадыр Кошалиев сөз сүйлөп жатып Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандар сотту ачык өткөрүүнү талап кылып жатышканын учкай айтып өткөн. Андан башка делегаттар өлкөдөгү саясий иштер боюнча үн каткан жок.

Садыр Жапаров Кемпир-Абад иши эмнеге жабык өтүп атканына мындай жүйө келтирди:

“Бул маселени соттордон, тергөө органдарынан да "ачык эле өткөрүп койбойсуңарбы" деп сурангам. Мага муну уюштурган башчысы бар экенин айтышты. Анын кайсы бир мамлекеттин элчисинен акча алган жайы бар экен. Биз аны ачык чыгарганда ал мамлекетти баарыңар жек көрөсүңөр. Анан ортобузда пикир келишпестик, жек көрүү пайда болуп мамилебиз бузулуп калышы мүмкүн. “Ошон үчүн жабык өткөрүп атабыз” деп айтышты”.

Бирок Садыр Жапаров сөз ким жөнүндө, кайсыл мамлекеттин элчиси жөнүндө болуп жатканын айткан жок.

Кемпир-Абад иши боюнча жалпы жонунан 30дай адам кармалып, бир тобу ар түрдүү шартта үй камагына чыккан. Азыркы тапта 11 адам абакта кармалып турат. Алар “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелери менен айтыпталып жатат. Ички иштер министрлигинин тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Айыпталып жаткандар иште далил жок экенин, андыктан бийлик жабык караганга кызыкдар экенин айтып келишет.

Буга чейин абактагы Азимбек Бекназаров Элдик курултайдын катышуучуларына кайрылуу жолдоп, алардын маселесин курултайда көтөрүүнү өтүнгөн.

Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

“Урматтуу делегаттар, жок дегенде Курултайда “кемпир-абадчыларды ачык соттогула” – деп үн чыгарып койгулачы?!Бийликтин максаты мыйзамсыз жабык сот өткөрүп, эч ким билбегендей соттоп салуу же СИЗОдон биздин өзүбүздү сотко алдыртпай, өңчөй “дүжүр” адвокаттарды катыштырып туруп эле сыртыбыздан мыйзамсыз соттоп салуу болуп жатат. Бул жапайычылык!”, - деген Азимбек Бекназаров.

Негизи эле эл аралык уюмдар, укук коргоочулар азыркы бийликтин тушунда бийликке сын айтканы үчүн саясатчыларды, активисттерди камоо байма-бай катталып жатканын айтып келет. Бийлик мындай айыптоолорду четке кагып, Кыргызстанда сөз эркиндиги бар деген позицияны карманууда.

Кадр саясатына сын, президенттин жообу

Эки күнгө созулган Элдик курултайга 695 делегат катышып, алардын 129у сөз сүйлөдү. Аларга үч минута убакыт берилип, оюн жыйынтыктай албай калганы маселени кат түрүндө калтырып кетип жатышты.

15-декабрда делегат, саясат таануучу Табылды Акеров Кыргызстандагы кадр саясатын сындап, туруктуулук болбой жатканын айткан.

Табылды Акеров.
Табылды Акеров.

“Конституцияда премьер-министрдин кызматы унутта калган. Акылбек Жапаров баарын аткарып жатканы менен колу көп нерсеге жетпей жатат деп ойлойм. Кадр саясатында көп чабалдыктар кетүүдө. Мамлекет өзүнүн милдетин так аткара албай жатат. Мисалы, билим берүү жана илим министри 7-8 жолу алмашты. Акимдер катар-катары менен үч айга жетпей жумушунан алынууда. Бул чабалдыкты көрсөтөт”.

Чындыгында эле соңку беш жылдын ичинде Билим берүү министрлигин сегиз адам башкарды. 2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин эле беш жолу жаңы дайындоо болгон. Алар Алмазбек Бейшеналиев, Болотбек Купешов, Уланбек Мамбетакунов жана Каныбек Иманалиев. Азыр бул кызматта Догдуркүл Кендирбаева иштеп жатат.

Президент Садыр Жапаров өкмөттөгү кадр саясаты боюнча мындай деди:

"Мен жумушка киргенде Бажы кызматы жума сайын алмашты. Үчөө, төртөө, жума сайын алмашып кетти. Анткени пенде экен, өздөрү да аралашып кетет экен. Анан жакшы кадр тапкыча алмаштыруу керек экен да. Билим берүү министри боюнча туура айтасыз. Тез-тез алмашып кетти. Бирөө пара алып кетет экен. Бирөө тарта албайт экен. Анан эмне кылыш керек? Сүйлөсө Москвадан, Лондондон сүйлөйт. Укмуш акыл үйрөтөт. тилине ишенип алып барып койсоң, сүйлөгөнгө эле жарайт экен".

Соңку үч жыл ичинде эки жолу билим берүү министри болгон Алмазбек Бейшеналиев коррупцияга айыпталып кызматтан кеткен. Ал эми Каныбек Иманалиев "жүктөлгөн милдетин тийиштүү деңгээлде аткарбаган" деген негизде иштен алынган.

Курултай мактоо менен коштолдубу, же эл көйгөйү айтылдыбы?

Жогорудагы айрым билдирүүлөрдү эске албаганда Элдик курултайда саясатка байланыштуу суроолор берилип, бийликтин дарегине кандайдыр бир сын көп деле айтылган жок. Делагаттардын көпчүлүгү бала бакча, мектептин курулушу, сугат суу, коррупция сыяктуу социалдык маселелерге токтолушту.

Жогоркуда белгилегендей делагаттын баарына сөз берилбеди. Бирок курултай өтүп жаткан филармонияда бардык мамлекеттик кызматтардын кеңсеси ачылып, жарандар ошол жерге кайрылып жатышты.

Делегаттардын арасынан бийликти, президентти мактагандар да болбой койгон жок. Бир делегат УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кол тийбестик берүү сунушун да айтып өттү. Бирок Садыр Жапаров "буга зарылчылык жок" деп жооп берди.

Баткендин Кадамжай районунан келген жаш делегат Бекболот Мурадилов курултайга мындай баа берди:

"Курултай жакшы өттү. Эми 60-65% пайызы бийликти колдоду. Мисалы үч минута берилсе, анын үч минутасы бийликти мактоо менен өттү. Өзүңүздөр деле күбө болдуңуздар. Бирок эл тарабынан сын да айтылды. Элдин көйгөйү бийликке жетти. Мага трибунадан сөз берилген жок. Бирок Кадамжайдын маселесин кат аркылуу тиешелүү мекемелерге жеткиргенге, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялаганга мүмкүнчүлүк болду. Курултайда ушундай аянтча түзүлдү десек болот".

Чындыгында эле эки күндүк курултайдын жүрүшүнө көз салып жаткандар жыйында кошомат сөздөр көп болуп кеткенине басым жасап жатышат.

Мисалы бир жыл мурдагы курултайга катышып, Бакиевдердин жакыны делген Алексей Ширшов, Максим Бакиевдин акчасы боюнча сураган Сапарбек Аргынбаев быйылкы делегаттар дыкат тандалганын айтууда.

"Бийлик былтыркы курултайдан кийин сабак алды окшойт. Быйылкы уюштуруу иштерин жергиликтүү бийликке жүктөп, алар болушунча тандашты. Ошон үчүн курултайда чарбалык эле маселелер айтылып калды", - деди Сапар Аргынбаев.

Негизи Курултайга катыша турган делегаттар шайлоо жолу менен тандалат. Курултайда көтөрүлө турган маселе да эл менен чечиле турганы айтылууда. Делегат тандоону, аларды курултайга алып келүүнү жергиликтүү бийлик уюштуруп, чыгымын мамлекет көтөрөт.

"Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам быйыл 24-июлда кабыл алынган. Алгач президент Садыр Жапаров демилгелеген мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн кийин депутаттардын жумушчу тобу түзүлгөн.

Топтун башчысы Жанарбек Акаев мыйзамдагы 22 берене 15ке чейин кыскарганын, делегаттардын 1070 деген саны 700гө чейин азайганын жана делегаттар шайлангандан тартып курултай аяктары менен ыйгарым укуктары токтотулары жазылганын маалымдаган.

Депутат Жанарбек Акаев экинчи курултай боюнча мындай деди:

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

“Элдик курултай Баш мыйзамга жазылган. Ошон үчүн сөзсүз түрдө өтүшү керек. Анын артыкчылыктарын жана кемчиликтерин байкадым. Президент Кыргызстандын булуң-бурчунан келген жарандарды укканы жакшы. Айрым делегаттар саясатчылар, депутаттар айта албаган маселени президентке жеткиргени жакшы болду. Бирок делегаттарды акимдер, мэрлер өзүлөрү тандап, даярдап жөнөткөнү көрүнүп турат. Чыныгы карапайымдар басымдуу кылса жакшы болмок. Сөз алгандардын көбү мактоо, каалоо айтып эле Элдик курултай деген сөздүн кадыр-баркын кетиришти да. Көпчүлүк убакыт ушуга эле кетип калды. Делегаттардын 70-80% “мактап, жакшы жетишкендиктерди айтасыңар” деген көрсөтмө алганы көрүнүп турат”.

Биринчи Курултай 2022-жылы президенттин жарлыгы менен өтүп, “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам быйыл 24-июлда кабыл алынган. Элдик курултай өткөрүү демилгеси Кыргызстанда көп жылдардан бери айтылып, бирок аны мамлекеттик деңгээлде уюштурууга негиз болуучу жаңы мыйзам кабыл алына элек болчу. Эми жыл сайын өтүп турары айтылды.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG