Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:06

"Күйөөмдү мажбурлап жатышат". Украинадагы согушка азгыруу токтой элек

Орусия Украинага каршы согуш ачканы кан майданда орус тарапта кеминде 150гө жакын кыргызстандык каза болгонун украиналык "Хочу жить" долбоору аныктап чыккан.
Орусия Украинага каршы согуш ачканы кан майданда орус тарапта кеминде 150гө жакын кыргызстандык каза болгонун украиналык "Хочу жить" долбоору аныктап чыккан.

мазмуну

  • Орусияда Украинадагы согушка кыргызстандык мигранттарды жөнөтүү тыйылбай жатканына даттангандар болууда
  • Соңку аптада "Азаттыкка" жакыны Украинадагы согушка кеткени же согушка барууга мажбурланып жатканы тууралуу айтып төрт киши кайрылды

Бизге келген кайрылуулар тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылдык. Министрликтин басма сөз кызматы булардын ар бири боюнча тиешелүү консулдуктарга тапшырма берилерин маалымдап, "Азаттыкка" кайрылган жарандардын байланыш телефондорун жазып алды.

Согушка кетип дайынсыз...

Чүйдүн Ысык-Ата районунун тургуну Москвада бир нече убакыттан бери иштеп жүргөн 42 жаштагы уулу Бахтияр Зунов Украинадагы согушка баруу үчүн келишим түзүп кеткенин "Азаттыкка" айтып берди:

"Уулум 2021-жылдан бери үй-бүлөсү менен Москвада иштечү. Ал жакта иштеп жүрүп, келинчеги менен таарынышып, өзүнчө бөлүнүп чыгып кеткен экен. Ар кайсы жумушту кылып жүрдү. Быйыл чалып сүйлөшкөндө "жалгыз жүрө бербей кел, сени сагындым" дегем. Жазында келиним чалып, "апа, Бахтияр Украинага согушка кетип жатыптыр, келишимге кол коюп салыптыр, мен кой десем укпай жатат" деди. Балам апрелде мага да чалып, "Апа, ушинтип, келишимге кол койдум" деп айтты. Келишим кагазын сүрөткө тартып, мага салып жибериптир. Апрель, май ичи мага телефон чалып турду. "Машыгуудабыз" деген. Эки-үч жолу акча салды. Үй-бүлөсүнө да жибергендир, баласы бар. Акыркы жолу 1-июнда сүйлөшкөнбүз. "Апа, капа болбо мен байланышка чыкпай калсам, өзүм чалып турам. Бизде интернет начар, атайын байланышка чыкканы эле уруксат берет бизге" деди. "Сизге жаздырып койгон картам бар, ошону котором" деген. "Мага акчаңдын кереги жок, балам, сен өзүң аман-эсен жүрсөң болду" дегем. Ошондо балам ыйлагандай сезилди, мага видеодон ошондой сезилди, өзү байкатпады, бирок мага сезилди... Ошондо карындашы менен да сүйлөшкөн. Ошондон бери такыр дайыны жок", - деп ыйлады апасы.

Бахтияр кол койгон аскердик келишим.
Бахтияр кол койгон аскердик келишим.

Ал уулунун согушка кетип калышына эмне себеп болгонун билбейт:

"Эмнеге кетип калды, акчасына азгырылдыбы, билбейм. Согушка качан киргенин да билбейм, мага акыркы жолу чалганында "Мама, коркпоңуз, согушта эмеспиз, биз биринчиде эмеспиз, экинчиби, үчүнчүбү линиядабыз" деген. "Щебекино, Волчанск деген жердебиз" деп айткан. Келинчеги кайсы полкто экенин сурап алган экен, мен анысын деле сураган эмес экенмин. Жетонун сурабай калыптырбыз. Аны билген эмеспиз... Жок, эми, дайынсыз болуп жатат. Мен бул жакта туруп аны издегендин жолдорун билбейт экенмин. Бизге MAX аркылуу эле чалчу өзү. "Кыргызстандан жалгызмын, Тажикстандан бар" деген болчу. Уулумду кантип издешти билбейм".

Бахтиярдын Вотсаптагы акыркы сүйлөшүүсү.
Бахтиярдын Вотсаптагы акыркы сүйлөшүүсү.

Уулунун дайын-дарегин дээрлик үч айдан бери биле албай жүргөн эне баласынын дайынын табууга жардам сурап жатат. Ал баласы кыргыз жараны экенин ырастады.

"Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине кайрылам, уулум кыргыз жараны. Эмне болуп кетип калганын билбейм, балким мажбурлаштыбы, акчасына кызыктыбы... Келишим түзгөн тараптарга кайрылабы, элчилик, Тышкы иштер министрлиги, баламды тапканга жардам бериңиздерчи?".

Анын билдирүүсүн биз Кыргызстандын расмий органдарына жолдодук.

"Согушка барасың деп мажбурлап жатыптыр"

Орусия башкалаасы Москвада иштеп жаткан дагы бир кыргызстандык жаранды миграциялык Сахарово борборунан ары Украинадагы согушка барууга мажбурлап жатышканын анын келинчеги "Азаттыкка" билдирди.

Күйөөсү 21 жашта, аты-жөнү Кылымбек Акмат уулу экенин билдирген келиндин айтымында, ал документиндеги мүчүлүштүк үчүн 18-августта кармалып, мигранттардын Сахарово борборуна жеткирилген:

"Сахароводо отурган кезинде коркутуп, "согушка барасың, келишимге кол кой" дептир, мажбурлаган окшойт. Коркутушуптур "барасың" деп. Ал "кол койбойм, барбайм" деп, баш тартыптыр. "Кол койбой, эч нерсе кылбай жатам" деди. Уруп-согушкан да окшойт, бир жолу гана айтып жетишти. Кийинки чалганында "бул темада сүйлөшө албайм" деп койду".

Келиндин айтуусунда, күйөөсү Москвадагы ресторандардын биринде ашпозчу болуп иштеген, быйыл январда документине тиешелүү мөөр бастырууга жетишпей калып, реестрге кирип калышкан, жыйынтыгында жакында полиция кармап, Сахарового жеткирилген.

"Күйөөмдү депортация кыла турган болсоңор учакка билетин алып берели" десек, "андай болбойт, билеттин кереги жок" деп коюшту. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине кайрылсак, алар дагы "билетти өздөрүнүн эсебинен алып, өздөрү учурушат, азыр тартип башка" деп коюшту. Күйөөмдү Сахароводон согушка алып кетип калышпасын, жардам бериңиздер", - деди келин.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул окуя тууралуу кабардар. Азырынча кандай аракеттер көрүлүп жатканы тууралуу "Азаттыкка" кабарлаша элек.

Уулун издеген эне, атасын издеген кыз

Жалал-Абаддын ысымын ачык атагысы келбеген тургуну 23 жаштагы уулу Орусияда мас абалында полицияга кармалып, ал жактан Украинадагы согушка кеткенин айтууда. Ал уулун артка кайтарууга жардам суроодо.

Айтымында, уулу жазында Болгарияга жумушка кирип, ошол жакка кеткен. Бирок июнь айында ал Москвада экени, достору менен жүрүп, полицияга мас абалында кармалганы белгилүү болгон. Маектешибиз уулу ошол жактан Украинадагы согушка кеткенин, бирок чоо-жайын жакшы билбей жатышканын, ошондон бери дайынсыз экенин айтты. Мындан башка маалымат берген жок. Уулу кыргыз жараны экенин ырастады. Бул боюнча дагы расмий органдарга маалымат берилди.

Оштун Ноокат районунун тургуну орус жарандыгы бар атасын издөөдө. Ал жаран дагы "Азаттыкка" кайрылып, 57 жаштагы атасы 2024-жылы Украинадагы согушка кеткенин, 2025-жылдын март айынан бери кабарсыз экенин билдирди. Булар дагы ысымын ачык атабоону суранууда.

Биз жогорудагы ар бир жарандын кайрылуусу боюнча Тышкы иштер министрлигине кайрылдык. Министрликтин басма сөз кызматы булардын ар бири боюнча тиешелүү консулдуктарга тапшырма берилерин маалымдап, "Азаттыкка" кайрылган жарандардын байланыш телефондорун жазып алышты. Жыйынтыгы тууралуу маалымат берилерин убада кылышты.

"Келишим түзгөн мигранттар согуштан кутула албайт"

Украинанын мамлекеттик "Жашагым келет" ("Хочу жить") долбоорунун маалыматына караганда, Орусия кол салган төрт жылдан ашуун убакытта 13 миңге жакын борборазиялык жаран орус армиясы менен келишим түзгөн. Борбор Азиядан барган дагы 80 миңдей адам Орусияда аскердик кызмат өтөө үчүн каттоого алынган. Булардын ичинде 1500дөйү кыргыздар экени белгилүү болгон. Өткөн айда Би-Би-Синин орус кызматы менен "Медиазонанын" журналисттери Украинада орус армиясынын катарында согушуп жүрүп каза болгон Кыргызстандын кеминде 89 жаранынын аты-жөнүн аныктаган.

Мигранттар менен иштеген юрист Эрлан Токтосунов Кыргызстандын жарандары согушка барууга келишимге кандайча кол коюп жатканы белгисиз экенин айтууда.

Эрлан Токтосунов
Эрлан Токтосунов

"Чет өлкөлүк жаран Орусиянын Куралдуу күчтөрү менен келишим түздү деп айтылат. Бирок канчалык деңгээлде ал өз эрки менен ошол келишимге кол койду, бул белгисиз. Эч кандай далил жок. Тергөө абактарында, түрмөлөрдө алдап, күч колдонуп, башка жолдор менен эптеп планды аткаруу болуп жатканын угуп жатабыз. Тергөө абактарына, түрмөлөргө "мынча адам жибересиң" деген тапшырма берилет экен, аны аткарыш керек. Бул бардык эле мамлекеттик органдарга берилиптир деген маалыматтарды угуп жатабыз. Анын ичинде Сахарово миграциялык борбору да болушу мүмкүн. Күйөөсү ошол жакка түшүп калган келин мага да кайрылды, сот күйөөсүн Орусиядан чыгарылсын деген чечим кабыл алыптыр. Бирок "макул, кетейин" десе да кетирбей кармап, согушка барганга келишим түзүүгө мажбурлап жатыптыр. Согушка барган соң ал жактан кайтып келбейт. Элчилик, миграция кызматы Сахарово миграция борборундагы кыргызстандыктар тууралуу маалымат алып, алардын укуктарын коргоп берсе жакшы болмок".

Адвокаттын айтымында, Орусия Куралдуу күчтөрү менен бир жолу келишим түзүп, согушка барган адам өлүп гана кутулбаса, согуштан кете албайт:

"Жакында бир жараныбыз согушта жаракат алып, госпиталга түшүптүр. Ал жактан айыгары менен кайра согушка алып кетишиптир. Мурунку жылдары орус жарандыгын алган бир мекендешибиз согуштан качып, Кыргызстанга келсе, аны "Орус жараны, кайтарып бергиле" деп Орусиянын полициясы бизден талап кылган. Ортого юристтер, Жогорку Кеңештин депутаттары түшүп жатып жаран Кыргызстанда туулганы үчүн Кыргызстандын жараны болорун далилдеп, бербей алып калганбыз. Ал жараныбыздын да полкундагы бардык адамдар согушта өлгөн экен".

“Уулум төрөлгөндө күйөөң согушта өлдү дешти”
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:22 0:00

"Хочу жить" долбоорунун маалыматы боюнча, орус армиясынын катарында согушуп жүрүп 150гө жакын кыргызстандык каза болгон.

"Азаттык" тизмедегилерден сырткары дагы бир канча кыргызстандык кан майданда каза болгонун аныктаган. Кыргыз тектүүлөрдүн айрымдарында эки өлкөнүн, Кыргызстандын жана Орусиянын паспорту бар экени белгилүү болгон.

Эксперттер согушуп жүргөн жана урушта каза болгондордун саны мындан алда канча көп экенин белгилеп жатышат.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинде чет өлкөлөрдөгү согуштарга же аскердик чыр-чатактарга чакыруу, уюштуруу, каржылоо, азгыруу иштери же ага жалданма катары катышканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG