Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:51

Кремлдин өкүлүнүн талабы Бишкекке басымбы?


2023-жылдын 16-майында Бишкектин Биринчи май райондук соту Украинадагы согушка катышкандыгы үчүн айыпталган Аскар Кубанычбек уулун 10 жылга соттогон.
2023-жылдын 16-майында Бишкектин Биринчи май райондук соту Украинадагы согушка катышкандыгы үчүн айыпталган Аскар Кубанычбек уулун 10 жылга соттогон.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Украинадагы согушка катышып, Бишкекте камакка алынган кыргыз жараны Аскар Кубанычбек уулуна орус паспортун берүү маселеси каралып жатканын билдиргенин бир катар орус басылмалары жазды.

"Ооба, биз ушундай кайрылууну алдык, бул маселе каралып жатат деп айта алам", - деген ал журналисттин суроосуна жооп берип жатып.

Буга чейин Орусиянын президентине караштуу адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсүнүн Украинадагы согушка катышканы үчүн Бишкекте соттолгон кыргыз жараны тууралуу пикири кызуу талкуу жараткан.

Анын “жалданмачылык” айыбы менен соттолгон жаранды Орусияга өткөрүп алуу талабын коюу ниети Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү катары кабылданууда. Расмий Бишкек он күндөн бери бул билдирүүгө үн ката элек.

Орусиянын президентине караштуу адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү Кирилл Кабанов Украинадагы согушка катышканы үчүн Бишкекте камакка алынган кыргыз жараны Аскар Кубанычбек уулун бошотуу талабы менен Кыргызстандын бийлигине кайрыларын жарыялаган.

Бул тууралуу ал өзүнүн Телеграм-каналында жазды.

“Аскардын маселеси боюнча биз, кесиптештер менен Тышкы иштер жана Ички иштер министрликтерине ага орус паспортун берүү жана Кыргызстандын бийлигине аны бошотуп, Орусияга өткөрүп берүү талабын коюу өтүнүчү менен кайрылабыз. Андай болбогон шартта биздин мамлекет жооп катары мүмкүн болгон басым механизмдерин колдонууга милдеттүү. Мунун ичинен ал мамлекеттен келген мигранттарды көзөмөлдөө чараларын күчөтүү маселесин кароо мүмкүнчүлүгү да бар. Борбор Азиядагы өнөктөштөрүбүз менен калыс, адилет жана өз ара пайдалуу мамиле куруу мезгили капкачан эле келген”, - деп билдирген Кирилл Кабанов.

Орус бийлигинин өкүлү Борбор Азия өлкөлөрүнүн өз жарандарынын орус-украин жаңжалына катышуусун “жалданмачылык”, кылмыш деп аныкташы Орусияга карата ылым санабаган мамиле катары бааланышы кажет деп эсептейт.

Мындан улам Орусиянын президенти Владимир Путиндин алдындагы адам укуктары боюнча кеңеши “укук коргоо органдары “атайын операциянын” катышуучуларын ал мамлекеттерге бербеши керек” деген демилге көтөргөн.

“Жалданмачылык” үчүн соттолгон кыргыз жараны

2023-жылдын 16-майында Бишкектин Биринчи май райондук соту Украинадагы согушка катышканы үчүн айыпталган Аскар Кубанычбек уулун 10 жылга соттогон.

Апелляциялык арызды караган Бишкек шаардык соту 7-июнда ушул эле чечимди күчүндө калтырган. Муну менен Кыргызстанда биринчи жолу Украинадагы согушка аралашкан жаран жазага тартылган.

Өкүмдө Москвада жашап жүргөн Аскар Кубанычбек уулу 2022-жылдын июнь айында “материалдык пайда табуу үчүн” Орусиянын аскердик топторунун бирине кошулуп, Украинадагы согушка катышканы жазылган.

Ал өзүн “Луганск Элдик Республикасы” (“ЛЭР”) деп атап алган жикчил аймакта аскердик кызматта болгонун, элге гуманитардык жардам таратуу иштерине гана катышканын айткан. Аскар Кубанычбек уулу материалдык кызыкчылык үчүн согушка жалданып катышпаганын, орус жарандыгын алуу үчүн аскердик топтордо кызмат өтөгөнүн билдирген.

Соттолгондон көп өтпөй Аскар Кубанычбек уулу тууралуу Орусиянын Russia Today басылмасы атайын тасма тарткан.

Каармандын анда сүйлөгөн сөздөрүнөн үзүндү келтирели.

“Былтыр 24-июлда гуманитардык жардам алып "Луганск Элдик Республикасынын" аймагына кирдим. Андан ары Брянка шаарына барып, аскер комиссариатына каттоого турдум. Октябрь айында байкем менен сүйлөшсөм ал “атам ооруп жатат, батыраак келип кабар ал” деп айтты. Атам менин согушта жүргөнүмдү билчү, кетип жатканда анын батасын алгам. Мен тез келип атамды көрөйүн деп чечтим. Анткени 2012-жылы бир тууган агам каза болуп, коштошо албай калгам. Атамды да көрбөй калбайын деп келдим. Кийин үйгө укук коргоо органдарынын кызматкерлери келип, кишен салып алып кетишти. “Чет өлкөдөгү согуштук аракеттерге катышууга шек саналып жатасың” деп айтышты. Мен дароо эле “ооба, Орусия үчүн согуштум, атайын операцияга катыштым, мени эч ким азгырган жок, ыктыярчы катары катыштым” деп айттым, эч нерсени танган жокмун”.

Аскардын оорукчан атасы "Азаттыкка" маек берип, уулу Украинадагы согушка орус паспорту жана бардар жашоо үчүн азгырылып кеткенин айткан.

“Чечимди уккандан бери ден соолугум начарлап баратат. Согушка кеткенин билген эмесмин. Телефондо сүйлөшүп турчубуз, жакшы иштеп жатабыз деп айтышчу. Паспорт алып ошол жакта жакшы жумушка кирип иштейм деп ойлосо керек. Булар билбестик кылып, алданып калууда. Паспорт беребиз деп алып кетип жатпайбы. Менин түшүнүгүмдө, паспорт ала калабыз деп кетип жаткандары ошондон да”, - дейт Аскардын атасы.

“Бишкектин бейтарап позициясы басымга алынбашы керек”

Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралында кол салган. Кыргыз бийлиги башынан эле өз жарандарына чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышса, мыйзам боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертип келет.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинде чет өлкөлөрдөгү согуштарга же аскердик чыр-чатактарга чакыруу, уюштуруу, каржылоо, азгыруу иштери же ага жалданма катары катышканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Саясат талдоочу Эмилбек Жороев Орусия өзүнүн согуштук кызыкчылыгынан улам соңку жылдары Кыргызстанга көп басым жасап келатканын айтат. Бирок Бишкек орус-украин жаңжалында бейтарап позициясынан тайбаганы туура болот деп эсептейт.

“Орусиянын адам укуктары кеңешинин өкүлүнүн айткандары эч бир түшүнүккө сыйбайт. Биздин жарандын биздин мыйзамга жараша кылган кылмышын алар ушинтип жокко чыгарууга аракет кылышы эч бир мыйзамдык норманы сактабагандыкка барабар. Бул, албетте, биринчи кезекте мыйзам же укук жаатындагы маселе эмес, бул түздөн-түз Орусиянын согуштук кызыкчылыктарын көздөгөн турум. Биздин мамлекеттин жетекчилиги бул согушта бейтарап позицияны карманып турат. Ага ылайык, биздин жарандарыбыздын согуштук аракеттерге катышуусун колдоо мүмкүн эмес. Андай аракеттер мыйзамга жараша кылмыш деп эсептелет. Украинага кол салгандан бери Орусиянын Борбор Азия өлкөлөрүнө басым кылуу аракеттери күчөп барат. Бул түшүнүктүү нерсе. Кыргызстан башынан айткан бейтарап позициясынан тайбаганы туура болот”.

Украинадагы уруш: орус паспорту үчүн отко түшкөндөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:41:42 0:00

Жакында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанда кабыл алынган “Кыргыз тили жөнүндө” мыйзамга байланыштуу пикирин билдирген. Ал "бир канча жолу эскерттик, бирок башка нукка салынып калды" деп тил мыйзамына нааразылыгын билдирген.

Президент Садыр Жапаров Лавровдун сынына жооп берип, жаңы мыйзам орус тилин “дискриминация” кылбастыгын, орус дипломаты кыргыз мыйзамын “окубай туруп сүйлөп алган болушу мүмкүндүгүн” айткан.

Коомдук ишмер Орозбек Молдалиев Кремл барган сайын кыргыз бийлигин тоотпогон мамилесин күчөтүп баратканын белгилейт. Ал Бишкек өз эгемендигин коргоо үчүн Орусиянын басымына татыктуу жообун бериши зарыл деген пикирде.

“Бул биринчи учур эмес, Лавров дагы өткөндө үстөмдүк кылып, президент кайым айтышып барып токтоду эле. Бул ачыктан-ачык эле талап кылышыбыз керек деп жатат. “Биз макулдашуубуз, сүйлөшүүбүз керек” деген сөз жок бул жерде. Бул эмнеден кабар берет? Биз "Орусия стратегиялык өнөктөшүбүз" деп болбогон сөздү көп айтабыз го, биздин жетекчилер көп колдонот муну. Эч убакта стратегиялык өнөктөш эмеспиз. Көрүп атасыздар, кийинки жылдарда Орусия бизге абдан жаман мамиле кылып калды. Тоготпойт. Бул жерде биздин ички мыйзам боюнча “жалданмачылык” деп соттолуп жатканын алар билет. Анан аны “бизге келип согушка жардам берди эле, ушул бала соттолуптур, дипломатиялык каналдар аркылуу бул маселени чечкенге аракет кылабыз” десе жөндүү сөз болмок. Биздин Тышкы иштер министрлиги мажирөөлүк кылып атат. Андан жогорку жетекчилерибиз “кучакташып атабыз, аябай дос болуп атабыз” дейт. Анан тигилердин “талап кылалы” дегенин кандай түшүнөбүз? Бул жерде биздин Тышкы иштер министрлиги нота бериш керек”.

Орусия 2022-жылы Украинага кол салгандан бери Кыргызстандын экономикасы Кремлдин саясатына мурдагыдан да күчтүүрөөк тартылып келет. Соңку эки жылда Бишкектин Орусияга экспорту 2,5 эсеге өскөн. Ошол эле маалда Европа өлкөлөрү менен АКШнын Бишкекке импорту да 2,5 эсеге көбөйгөн.

Көбүнчө Европа, Азия жана Америкадагы өнүккөн өлкөлөрдөн согушка керектелүүчү жогорку технологиялуу товарларды кыргыз бажысына каттап, андан ары Орусияга реэкспорттоо адаты күчөгөн. Мындан улам, АКШ менен Европа өлкөлөрү май айынан бери кыргызстандык беш компанияны санкциялык тизмеге киргизди.

XS
SM
MD
LG