Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда коррупция 90% жоюлуп, жемкорлуктан түшкөн каражат менен бюджет көбөйүп жатканын билдирди. Ал коррупциянын деңгээли эмненин негизинде аныкталганын тактаган жок.
Жекшемби күнү Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына Кыргызстандын тышкы карызы боюнча пост жазды. Ал эгемендик алгандан тартып 2020-жылга чейин мамлекеттин карызы 5 млрд доллардын тегерегинде болгонун, аны үстөгү менен кайтаруу анын президенттик учуруна туш келгенин билдирди. Карыз ушул күнгө чейин өз убагында төлөнүп келатканын, мындан ары да кечиктирбей берүүгө мамлекеттин кудурети жете турганын кошумчалады:
“Коррупциянын тамырын 100% кыркып бүтө элек болсок дагы, 90% жойдук. Ошол үчүн бюджетибиз көтөрүлүп жатат. Эсиңиздерде болсо, 2019-жылдары “тышкы карызыбызды кантип төлөйбүз, төлөбөсөк жерлерибиз кетет экен” деп элибиз бушайман боло баштаган. Азыр андай кыжаалатчылык жок. Тескерисинче, тышкы карызды төлөө менен бирге эле, эмгек акы, пенсия, жөлөк пулдарды көтөрүп жатабыз”.
Садыр Жапаров өлкөдө коррупциянын 90% жоюлганы тууралуу кайсы көрсөткүчтөргө негиздеп жазганын тактаган жок.
Финансы министрлигинин сайтындагы маалыматтарга ылайык, майдын аягына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы жалпы 5 млрд 667,63 млн долларды (496 млрд 428,06 млн сом) түзгөн. Мунун 4 млрд 489,7 млн доллары - тышкы карыз, 1 млрд 177,94 млн доллары - ички карыз.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев май айында соңку эки жылда коррупция менен күрөштүн натыйжасында казынага 11 млрд сомдон ашык каражат түшкөнүн кабарлаган. Ал жемкорлукка каршы күрөштүн экинчи айлампасы башталганын, биринчи этабы оңой болбогонун айткан.
Президентке караштуу коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин мүчөсү Ялкун Даутов Садыр Жапаровдун сөзүн мындайча чечмеледи:
“Менин пикиримде, бул укук коргоо жана сот органдары берген маалыматтар. Акыркы үч жылда коррупциялык иштерге аралашкан адамдар, соттор, мамлекеттик кызматта иштеген кызматкерлер кармалып атат. Себеби Садыр Жапаров коррупция менен аёосуз күрөшө турганын айткан. УКМК күнүгө коррупцияга тиешеси бар кишилерди кармап атканын көрүп турабыз. Президент алардын да ишине таянып жазды окшойт. Экинчиден, 2020-жылы бюджет кандай болгон, азыр консолидацияланган бюджет канча экенин карасак, айырма өтө чоң”.
IRI институтунун сурамжылоосу
Май айында АКШнын Эл аралык республикалык институту (IRI) өлкөдөгү саясий кырдаал, кыргызстандыктарды түйшөлткөн көйгөйлөр боюнча сурамжылоо жүргүзгөн. Анда “коррупция Кыргызстан үчүн чоң көйгөйбү?” деген суроого сурамжылоого катышкандардын 65% “ооба” деп жооп берген. 56% бийлик коррупция каршы күрөшүүдө жетиштүү аракет кылбай жатканын айткан.
“Өтө коррупциялашкан мамлекеттик органдар” деп сот, жол коопсуздук, медицина, милиция, жогорку окуу жайлар, прокуратура жана бажы кызматын көрсөтүшкөн.
Борбор Азиядагы коррупция маселесин изилдөө институтунун директору Эркайым Мамбеталиева президент жемкорлуктун көрсөткүчү кантип аныкталганы тууралуу так маалымат бербегенден кийин коррупциянын деңгээли боюнча так бир нерсе айтуу кыйын дейт:
“Бул көрсөткүчтү эксперттер же талдоочулар изилдеп чыгып, анан маалымат берсе, ишенимдүү болмок. Мындай изилдөөлөр жок болгондон кийин, ал тууралуу бир нерсе айтыш оор. Бийлик элге кызмат кылуу үчүн келгенден кийин, биринчи элге маалыматты ачык берип турушу керек. Эгерде бюджетте каражат көбөйүп атса, анда эмне үчүн бала бакчаларда тамак берүүгө акча бөлүүнү токтотуп жатат? Мамлекеттин каржылык абалынын эң башкы көрсөткүчү балдарга билим берүү, аларга көрүлгөн камкордук да”.
“Соттор көз карандысыз болсо, коррупция да азаят”
Коррупцияга байланыштуу акыркы жылдары Кыргызстанда чуу жараткан иштер жана алар эмне менен аяктаганына токтолсок.
Алардын сап башында Кумтөр иши турат. Башкы прокуратура былтыр “Кумтөр” ишканасындагы коррупциялык иштерден бюджетке 1 млрд 146 млн сом зыян келтирилгенин кабарлап, компаниянын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктү, жабдуу боюнча мурдагы адиси Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиеваны, каржы башкармалыгынын ошол кездеги директору Рыспек Токтогуловду, ишкананын мурдагы аткаруучу директору Канат Курмановду кармаган.
Мекеме май айында 844 млн 512 миң 858 сом Тенгиз Бөлтүрүк жана аны менен бирге кармалган айыпкерлерден өндүрүлүп, мамлекеттин казынасына кайтарылганын билдирген. Бирок ким канча каражат төккөнү ачыкталган эмес. Тенгиз Бөлтүрүктөн башкасы айып пул менен бошотулду. Үй камагындагы Бөлтүрүктүн иши сотко өттү.
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев бийликтин жемкорлукка каршы саясатына төмөнкүдөй баа берди:
“Коррупция 90% азайды дегенге ынанбайм. Коррупция мамлекеттик ишканаларда, мекемелерде дагы деле бар. Гүлдөп атат десе да болот. Жемкорлукту 1-2 жылда жок кылып коюу мүмкүн эмес. Ооба, коррупцияга каршы күрөштө бийликтин аракети бар. Ишти дагы алдыга жылдырыш керек. Жемкорлук менен күрөштө жарандык коом, сөз эркиндиги анан жакшы мыйзамдар жардам берет. Ушунун баары бириккенде, жыйынтык да жакшы болот. Бийлик бирөөнү камап кайра чыгара берсе, экинчи тарабы акча алууну уланта берет. Коррупциядан арылабыз десек, мыйзамдарды оңдоп, сөз эркиндигин сактап калышыбыз керек. Эң башкысы, сот бийлиги акыйкат болушу зарыл. Соттор көз карандысыз болсо, коррупция да азаят”.
Эл аралык Transparency International уюму жыл башында 2022-жылдагы дүйнөдөгү жемкорлуктун индексин чыгарган. Кыргызстан бул рейтингде жалпы 100 баллдан 27 упай алып, дүйнөдөгү 185 өлкөнүн ичинен 140-орун алган.
Кыргызстан ондогон жылдардан бери жемкорлук индексинде 30 упайга жете албай келет. Жемкорлук индекси 0 упайдан 100 упайга чейин эсептелет. Эң көп упай алгандар - коррупциядан арылуу жолунда болгон өлкөлөр.