Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:08

"Кумтөрдүн" акчасы: экс-министрдин уулу кармалды


УКМК Кемелбек Кутманов камалганын 17-октябрда билдирди.
УКМК Кемелбек Кутманов камалганын 17-октябрда билдирди.

Эсептөө палатасы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу, "Кумтөрдөн" каржыланган Жаратылышты өнүктүрүү фондунда 810 миллион сомдон ашык каржылык мыйзам бузуу аныкталганын билдирди.

Мунун алдында бул фонддогу коррупциядан улам кармалган мурдагы жаратылыш ресурстары министри Динара Кутманованын уулу Түркиядан Кыргызстанга жеткирилген.

Экс-министр өзү июль айынан бери Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында отурат.

Эсептөө палатасы Жаратылышты өнүктүрүү фондундагы 2019-2022-жылдар аралыгындагы киреше-чыгашаны иликтеген. Мекеменин басма сөз катчысы Бактияр Бердибек уулунун "Азаттыкка" билдиришинче, 810 миллион сомдон ашык каржылык мыйзам бузуунун басымдуу бөлүгү долбоорлорду негизсиз каржылоого байланыштуу болгону аныкталган.

"Каржылык мыйзам бузуулардын ичинен фонддун чыгымдарында 51 миллион сомдон ашык өлчөмдөгү каржылык мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталган. Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сактоо долбоорлорун, программаларын баалап-талдаган эксперттик комиссия коммерциялык жана жеке ишкерлердин долбоорлорун каржылоону негизсиз жактырган. Анын натыйжасында фонддон 758 миллион сомдон ашык акча берилген. Аудиттин материалдарына укуктук баа берүү үчүн УКМКга комитетине жөнөтүлөт".

Мунун алдында Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министр Динара Кутманованын уулу Кемелбек Кутманов Жаратылышты өнүктүрүү фондундагы коррупцияга шек саналып кармалганын кабарлаган.

Кутманова аталган министрликти жаңы түзүлгөндөн тартып, тактап айтканда, 2021-жылдын октябрь айынан 2023-жылдын март айынан чейин жетектеген. Ага чейин, 2020-жылдын ноябрынан бери, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору болуп турган.

УКМК Кемелбек Кутмановга "коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголуп, буга чейин эл аралык издөө жарыяланганын жана ал Түркияда кармалганын билдирген. Экс-министрдин уулу Бишкекке 17-октябрда алынып келгени белгилүү болду. Атайын кызмат ал Жаратылышты өнүктүрүү фондунун ишине кийлигишип, көзөмөлдөгөн жана долбоорлорго бөлүнгөн каражаттын 10% такай алып турган деп маалымдады.

"Тергөөдө экс-министр Динара Кутманованын уулу Кемелбек Кутманов Жаратылыш ресурстары министрлиги менен Фондунун ишине түздөн-түз кийлигишкени жана долбоорду каржылоонун суммасынын 10% өлчөмүндө "откат" алып турганы тууралуу түз далилдер алынган. Көрсөтмөлөргө ылайык, Кемелбек Кутманов беш чарба жүргүзүүчү субъекттен 17 миллион сомдон ашык компенсация алган. "Жашыл Мурас" долбоору боюнча 7 миллион 560 миң сом алган. Ал "Кумтөр Голд Компаниге" түшкөн каражаттарды бөлүштүрүүдө фонддун ишин түздөн-түз көзөмөлдөп, Жаратылыш ресурстары министрлигине өзүнүн досторун жогорку кызматтарга дайындоого катышкан", - деп жазылган маалыматта.

Динара Кутманованын жакындары жана жактоочулары соңку окуяга байланыштуу комментарий бере элек.

Кутманова камакка алынганга чейин уулун Түркиядан белгисиз бирөөлөр “Кыргызстандагы айрым адамдардын буюртмасы менен” деп кармап кеткенин, ири суммадагы акча талап кылганын билдирген. Бул жагдайга байланыштуу укук коргоо органдарына кайрылып, жооп ала албаганын айткан. Ички иштер министрлиги экс-министрдин уулу уурдалганы тууралуу маалыматты четке каккан.


Расмий маалыматка ылайык, 2021-жылдан тартып азыркы учурга чейин "Кумтөр" ишканасынан айлана-чөйрөнү коргоо долбоорлоруна жыл сайын 3,7 миллион доллар (325 миллион) сом бөлүнүп турган. Соңку үч жылдык каржылоонун жалпы суммасы 976 миллион 800 миң сомго жакындаган.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев "Азаттыкка" комментарий берип жатып, учурда Кумтөргө байланыштуу депутаттык комиссия ишин улантып жатканын, анын алкагында Жаратылышты өнүктүрүү фондуна бөлүнгөн акчаларга байланыштуу маалымат алынарын билдирди:

Эмил Токтошев.
Эмил Токтошев.

"Фондго "Кумтөрдөн" которулган акчалар максаттуу түрдө, жаратылышты коргоо үчүн пайдаланышы керек эле. Эгерде максаттуу колдонулбай, пайдаланылбай, башка жакка бурулуп кеткен болсо, ошол кездеги жетекчилер керт башы менен жооп бериши керек. Бул маселе парламентте сөзсүз каралат. Депутаттык комиссиянын иши аяктай элек. Кумтөрдү кечээ эле комитетте карадык. Комиссия Кумтөрдүн дагы деле эсеп-кысабын алып жатат. Алар маалыматтарды толук берип бүтө элек экен. Кийинки жыйында Жаратылышты өнүктүрүү фондуна канча каражат бөлүнгөнү тууралуу өзүнчө сурасам болот. Андан кийин силерге толук маалымат бере алам".

УКМК Жаратылышты өнүктүрүү фондунда коррупциялык схема аныкталганы тууралуу алгач июнь айында билдирген жана адегенде фонддун жетекчисин камакка алган.

Анда "фонддун жетекчиси Жаратылыш ресурстары министрлигинин кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алып, пайда көрүү жана баюу максатында 400 миллион сомдон ашуун каражатты экспертиза жүргүзбөстөн бөлүп берип койгонун, ал акча жеке бизнес уюштурууга жумшалып кеткенин" маалымдаган. Көп өтпөй бул иштин алкагында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин мурдагы орун басары И.Б.М. жана министрликтин Чүй облустук башкармалыгынын директору К.Т.К. өлкөдөн чыгып баратканда кармалганы белгилүү болгон.


Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоеванын пикиринде, Жаратылышты өнүктүрүү фондундагы акча максаттуу жумшалганда, бир топ экологиялык маселелер чечилмек:

Эркингүл Иманкожоева.
Эркингүл Иманкожоева.

"Биз 2005-жылы нааразылык акцияларына чыккандан бери экология маселесин көтөрүп келгенбиз. Башында Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна деп 1% которулуп, кийин Жаратылышты өнүктүрүү фондуна деп акча берилип келген. Бирок анын натыйжасы деле болгон жок да. Мына биздин эле Барскоон капчыгайын алалы. Ошол капчыгай аркылуу компаниянын 100 тонналык жүздөгөн машинасы өтөт. Бирок ошол жердин экологиясына эч кандай жардам көрсөтүлгөн жок да. Ушул Барскоон капчыгайы тууралуу фондго эң сонун долбоорлор барды, бирок ал колдоого алынган жок. Ошол фонддон каржыланган экологиялык бир алгылыктуу долбоорлор болсо деле ыраазы болмоксуң. Жакшы долбоорлор колдоого алынган жок".

"Кумтөрдөн" каржыланган Жаратылышты өнүктүрүү фонду 2018-жылдын башында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун токтому менен түзүлгөн. Анда башкы максаты "өлкөдөгү экологиялык абалды жакшыртуу, айлана-чөйрөнү коргоо чаралын күчтөндүрүү экени белгиленген.

УКМК президент Садыр Жапаровдун жакын адамы саналып жүргөн Динара Кутманованы 25-июлда коррупцияга байланыштуу айып коюп камакка алган. Атайын кызмат анда жалпысынан Жаратылышты өнүктүрүү фондунун кызматкерлери аралашкан кылмыш ишинин алкагында тогуз адамга айып тагылганын маалымдаган.


УКМКнын төргасы Камчыбек Ташиев Кутманованы июлда өкмөттүн жыйынында "Кумтөрдүн" акчасы кымырылып кеткенине байланыштуу айыптаган.

Динара Кутманова Жаратылыш фондунан каржыланган 110дой долбоор натыйжасыз болгону жана туугандарын, жакындарын кызматка койгону жөнүндө сөздөрдү жокко чыгарган.

"Жетекчилерге туура эмес маалымат берип, мени жаманатты кылып жатышат. Мен Камчыбек Кыдыршаевичке түз кайрылам, мени кабыл алып, менин жүйөмдү дагы угуп, объективдүү карап берсин. Буга чейин министрликти пландуу түрдө текшерип жатышкан. Корко турган эч нерсе жок, мыйзамсыз эч нерсе жасаган эмесмин деп отургам. Бирок бул жерде баары башкача болуп кетти. Бул жерде 110 долбоордун бирөө дагы натыйжасыз дегенге макул эмесмин. Мунун баары эки-үч жылдык долбоорлор, эми гана башталды. Ал жерде мэрияларга, айыл өкмөттөргө техника алынган. Лаборатория ачканбыз. Чоң-чоң бактарды тиккенбиз, анын баары телевизордон көрсөтүлгөн. Кызын, тууган-уругун аралаштырып алган деген сөздөр дагы жалган. Менин кызым жок, эки уулум бар", - деген. Кутманова.

Кутманованын камалышы тууралуу Садыр Жапаров дагы комментарий берген. Анда экс-министр менен уулунун ишине чекитти сот коёрун билдирген.

XS
SM
MD
LG