Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

Киев контрчабуул башталганын четке какты, Орусия Херсонго сокку урду


Орусия менен чектеш Вовчанск кыштагы. Украина, 4-июнь, 2023-жыл
Орусия менен чектеш Вовчанск кыштагы. Украина, 4-июнь, 2023-жыл

Киев украин аскерлеринин контрчабуул туралуу Москванын маалыматын четке кагып, аны пропаганда деп баалады. Ал арада орус армиясы Херсонго сокку урганы, эки өлкөнүн чек арасында атышуулар токтобой жатканы кабарланды.

Орусиянын Коргоо министрлиги 5-июнга караган түнү украин аскерлери контрчабуул баштаганын билдиргенден көп өтпөй Киев бул маалыматка ишенбөөгө чакырды.

"Контрчабуул башталбаса да, украин элинин маанайын түшүрүү жана коомчулукка (анын ичинде өз калкына) калп айтуу үчүн орусиялык пропагандачылар контрчабуул, анын багыттары жана украин армиясынын жоготуулары тууралуу жалган маалымат таратышат. Бул максатта талкаланган, кыйраган машиналар, каза болгон жана туткундалган жоокерлердин эски видеолору жана сүрөттөрү, башка материалдар даярдалган", - деп билдирди 5-июнда Украинанын армиясынын Стратегиялык коммуникациялар башкармалыгы.

Мунун алдында Орусиянын Коргоо министрлиги дүйшөмбүгө караган түнү украин куралдуу күчтөрү түштүк Донецк багытында майдандын беш тилкесинде чабуулга өткөнүн, ал аракеттен майнап чыкпаганын билдирген. Мекеме орус куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын командачысы Валерий Герасимов өзү "ошол маалда алдыңкы пункттардын биринде болгонун" кошумчалады.

Согуштук аракеттердин активдешүүсү тууралуу көз карандысыз маалыматтар азырынча жок.

Жекшембиде Украинанын Коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Алексей Данилов Италиянын Corriere della Sera гезити менен маегинде армиянын тактикасы өзгөрүп турганын, алар ыңгайлуу убакытта контрчабуул башташарын айтты.

Ошол эле күнү украин Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Анна Маляр жарыялаган видеодо жоокерлер тымтырс болууга чакырганын көрүүгө болот. Ал ролик “Пландар ашыкча сөздү сүйбөйт. (Контрчабуулду) Жарыялабай баштайбыз” деген сүйлөмдөр менен аяктайт.

Андан мурун президент Владимир Зеленский көптөн бери күтүлүп жаткан контрчабуул тууралуу бир нече билдирүү жасаганда куралдуу күчтөр андай аракетке даяр экенин, бирок так датаны атай албасын белгилеген.

Ал арада эки өлкөнүн чек арасында атышуулар токтобой жатканы кабарланууда.

Украинанын Вовчанск кыштагынын жашоочулары 4-июнда эки аял мерт кеткенин Рейтерстин кабарчысына айтып беришти.

"Аткылоо башталганда бир аял тиги үйдөн, экинчиси бул үйдөн чыгып келишти. Ушул жерде туруп сүйлөшүп калышты.Эки мүнөттүн ичинде дагы бир дүрмөт тийди. Мен тетиги тамдын артына жашына калгам. Кошуна аялдын бири каза тапты, экинчисинин колун жулуп кетти, ал дагы кийин көз жумду".

Вовчанск Белгород облусунун ушу тапта кармаштар жүрүп жаткан жерлерине жакын жайгашкан. Украин тарапта күрөшүп жүргөн “Орусиянын ыктыярдуу корпусунун” согушкерлери орусиялык бир нече аскерди туткунга алганын 4-июнда билдиришти.

Бедгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков Новая Таволжанка айылында аткылашуу жүргөнүн бышыктады. Андан кийин Орусиянын Коргоо министрлиги ал жакта «артиллериялык сокку урулганын, душман чегингенин» билдирди.

Мамлекеттик думанын мурдагы депутаты, Ыктыярдуу корпус менен биргеликте рейд жүргүзгөн «Эркин Орусия» легионуна жакын Илья Понамарев согушкерлер Болгороддогу төрт калктуу пунктту көзөмөлгө алганын жазып, карталарды жарыялады.

Бул маалыматтарды көз карандысыз булактар ырастай элек.

Буга чейин аткылоолордон улам 40 миң калктуу Шебекино шаарынын тургундары эвакуацияланган. Жекшембиде губернатор чек арага жакын жашагандарды коопсуз жерге чыгып кетүүгө үндөдү.

Украин аскерлери Орусиянын аймагын аткылоо жана ыктымал кармаштар тууралуу кабарларды адатта комментарийлебейт. Буга чейинки рейдден кийин Киев ага тиешеси жоктугун, ыктыярдуу корпус украин армиясына кирбесин, орус жарандарынан куралганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG