Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

Нурсултан Назарбаев Мажилисти таратты


Президент Нурсултан Наазарбаев.
Президент Нурсултан Наазарбаев.

Президент Нурсултан Назарбаев 16-ноябрда Казак парламентинин өкүлдөр жыйыны - Мажилисти таратты.

Назарбаев шейшемби күнү парламенттин эки палатасынын төрагалары жана премьер-министр менен сүйлөшкөндөн кийин коом көп партиялуу парламентке муктаж болуп жатканын айткан эле.

Өткөн аптада Казак парламентинин төмөнкү палатасы - Мажилис мүчөлөрүнүн жоон тобу кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүүнү сурап, өлкө президентине кайрылган.
Оппозициячыл 3-4 депутаттын Мажилисте пайда болуусу иш жүзүндө эч нерсени өзгөртпөйт. Гүлмира Илеуова


Казак президенти Мажилисти таратуу боюнча өкмөт башчы жана парламенттин эки канатынын төрагалары менен кеңешме өткөргөндөн кийин шайлоону мөөнөтүнөн эрте өткөрүү боолгонуп жаткан дүйнөлүк экономикалык кризистин экинчи толкуну саясий өнөктүккө жолтоо болбосу үчүн да зарыл экенин белгиледи.

Казак президенти коом көп партиялуу парламентке муктаж болуп жатканын да баса белгиледи. Өкүлдар палатасынын мөөнөтү 2012-жылы августта бүтмөк.

Гүлмира Илеуова Алматыдагы “Стратегия” деп аталган Социалдык жана саясий изилдөөлөр борборду жетектейт. Ал экономикалык абал келерки жылгы шайлоого тоскоолдук кылат деген Назарбаевдин чочулоосуна кошулбайт жана жетекчилик эл оппозиция тарапка ооп кетет деп коркуп, кезексиз шайлоого барууда дейт.

Мажилистин мүчөлөрү сессияда. Астана, 9-ноябрь 2011
Мажилистин мүчөлөрү сессияда. Астана, 9-ноябрь 2011
“Башкаруучу партияда же бийликтеги кайсы бир чөйрөлөрдө социалдык-экономикалык катаал жагдайда элдин көпчүлүк бөлүгү оппозициячыл же алтернативдүү партияларга добуш берет деген чочулоо болду окшойт. Бирок андай кооптонууну көңүл сыртында калтырыш керек эле. Себеби жагдайга карабай көпчүлүк шайлоочулар оппозициячыл партиялар үчүн добуш берет деп ойлойм”, - деди алматылык социолог.

Азыркы парламентте президентти колдогон “Нур Отан” партиясы өкүм жүргүзөт. Башка партиялар 2007-жылкы шайлоодо 7 проценттик чекти багындыра алган эмес.

Гүлмира Илеуова өлкө президентинин казакстандыктар көп партиялуу парламентке муктаж болууда деген жүйөлүү сөзүн бийлик “эзелтеден пайдаланып жүргөн декорация” деп мүнөздөдү.

Буга чейин “Нур Отандын” парламенттеги үстөмдүгү норма катары эле кабыл алынып жаткан. Жетекчиликте парламент бир партиядан көп болсун деп чечип, тийиштүү заң даярдалды. Башкаруучу партия жаңы жагдайда деле жеке бийлигин мурдагыдай эле жүргүзө берет. Оппозициячыл 3-4 депутаттын Мажилисте пайда болуусу иш жүзүндө эч нерсени өзгөртпөйт”.

Казакстан парламентинин жогорку палатасы -С енаттын чоң эшиги.
Казакстан парламентинин жогорку палатасы -С енаттын чоң эшиги.
Мына ошондуктан президент Назарбаев Өкүлдөр палатасындагы 107 депутаттын 53нүн Мажилисти таркатуу сунушун шып илип алды. Демилге парламентти бийлеп-калчаган “Нур Отандын” атынан жасалса, формалдуу жактан туурарак болмок деп кошумчалады “Стратегия” борборунун директору Гүлмира Илеуова.

Жаңы мыйзам боюнча, партия жетерлик добуш албай, бирок экинчи орунга ээ болсо, анын талапкерлери баары бир депутат болушат. Ошондой эле жаңы заңга ылайык парламентте эки партиядан аз болбош керек.

Мажилис мөөнөтүн аягына чыкпай таратылары Нурсултан Назарбаев апрелде кайрадан президент шайлангандан кийин эле айтыла баштаган. Бул шайлоо, эл аралык байкоочулардын айтымында, демократиянын талаптарына ылайык өткөн эмес.

71 жаштагы президент Назарбаевдин жарлыгында көрсөтүлгөндөй, Мажилистин 98 мүчөсүн партиялык тизме менен шайлоо 2012-жылы 15-январда болот. Ал эми Казакстан элдер ассамблеясы тогуз депутатты 16-январда шайлайт.

XS
SM
MD
LG