Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:48

Ибраимов: Түшпөс президенттин баарын Нобелге көрсөтөлүбү?


Кыргыз парламенти казак президенти Нурсултан Назарбаевди Нобел сыйлыгына көрсөтүү демилгесин көтөрдү. Буга байланыштуу мурдагы мамлекеттик катчы, коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов "Азаттыкка" маек курду.

- Кыргыз парламенти өзөктүк куралсыздандыруу жана тынчтыкты бекемдөөдөгү лидерлиги үчүн казак президенти Нурсултан Назарбаевди Нобел сыйлыгына талапкер кылып көрсөтүү демилгесин көтөрдү. Бул эмненин жышааны болушу мүмкүн?

- Казак туугандардын жакшылыгында да, жамандыгында да бир болуп келген элбиз. Бир тууган экенибиз чын. Бирок эгер Нурсултан Назарбаевди Нобел сыйлыгына көрсөтсөк, Борбор Азия чөлкөмүндө канча жылдан бери президенттиктен кетпей турган көп эле президенттер бар. Ошолордун бардыгын көрсөтүшүбүз керек. Себеби алар таарынып калышы мүмкүн.
Биздин депутаттар "Назарбаев Кыргызстанга эмне жасады эле" деп бир сурап коюшса болмок.

Менимче бул биздин депутаттар казак туугандар менен анча-мынча макулдашылган нерсе го. Анын үстүнө Казакстанда Назарбаевдин рейтинги өтө түшүп калган, маселелер көп. Ошол кезде колдоп кетели, эл аралык деңгээлдеги атка мингизе коёлу деген демилге деп түшүнүп атам.

- Ушул демилге көтөрүлөрдөн бир күн мурда эле казак-кыргыз чек арасында болгон кырдаал тууралуу маселе көтөрүлгөн. Бул эл арасында да талкууну жараткан. Ошондуктан коомчулук “эмнеге” деген суроону берүүдө.

- Депутаттар сыягы гезиттерди көп карабайт окшойт, тилекке каршы. Алыс кетпей былтыркы окуяны алсак казак туугандар чек арасын жаап, Казакстанга кол салып жибере тургансып тууганчылыкка жатпаган көп нерсе жасап койгон эле.

Назарбаев өзү бизге жардам беребиз деп көп айтты. Бизге жардам бербей эле койсун, ошол чек араларды эле ачып койсо эле бизге жетмек. Ошол жагынан караганда биздин депутаттар гезит окубайт экен.

Нобел сыйлыгы эмне үчүн берилерин да жакшылап билип коюшса болмок. Нобел - согуш жана тынчтык маселеси турган жерде кандайдыр бир чоң нерсени чечип, анын үстүнөн көп жылдан бери иштеп, ишке ашырган кишилерге берилет. Канча жылдан бери президенттигин кармап эч кимге бербей, элди нааразы кылып отурган кишини ушундай сыйлыкка көрсөтүү окшошпогон нерсе. Аны эч ким деле кабыл албайт деп ойлойм. Анын үстүнө Казакстанда сөз эркиндиги жана башка маселелер бизге караганда кыйын экенин элдин баары билет.
Казак туугандар чек арасын жаап, Казакстанга кол салып жибере тургансып тууганчылыкка жатпаган көп нерсе жасап койгон эле.

- Буга чейин Орусия премьер-министри Владимир Путинге Кыргызстандагы чокулардын бирин ыйгаруу чечими чыккан. Коомчулук арасында муну кудуреттүү, күч-кубаттуу өлкө жетекчилерине жагынуу үчүн жасалган аракет катары баалап жаткандар бар. Кызматташтыкты арттыруу үчүн сөзсүз эле ушундай чечимдерди кабыл алыш керекпи?

- Чын эле эмгеги сиңсе, бизге жасаган жакшылыгы көп болсо, коюп койсо деле болот. Бизде чокулар көп деп Путиндин атын бердик. Эми Назарбаевди да ошентип көрсөтүп атабыз. Эгер бизге жасаган эмгеги болсо, кыргыз элине кыйын учурда жардам берип, жок дегенде жылуу сөзү менен колдосо, анда койсок болот.

Бул жерде Назарбаевдин тегерегинде толуп аткан жан-жөөкөр, жөн эле кошоматчылар бар. Ошолор эле сизди Кыргызстанда көрсөтүп атат деп айталы деп жатышат го. Бирок биздин депутаттар "Назарбаев Кыргызстанга эмне жасады эле" деп бир сурап коюшса болмок.

- Сиз мамлекеттик катчы болуп турганда чоң окуу жайлардын бирине Ельциндин аты берилген. Бул да көп сөздү жараткан. Бул окуялардын окшоштугу бар эле го дейм?
Казакстанда Назарбаевдин рейтинги өтө түшүп калган, маселелер көп. Ошол кезде колдоп кетели, эл аралык деңгээлдеги атка мингизе коёлу деген демилге деп түшүнүп атам.

- Окшоштугу көп эле. Бирок ошол чечимди Осмонакун Ибраимов кабыл алган деп ойлошот экен. Ал чечимди мен такыр каалаган эмесмин. Мен Константин Юдахиндин атын бериш керек деп көп айтып жүрчүмүн. Аскар Акаев ушунтип чечип койгон экен.

Тилекке каршы азыркы музыка, азыркы болуп аткан демилге ошол нерсенин эле бир түрү. Биздин депутаттар башка жумуштар бүтүп калгансып ушуга киришип калса өздөрү билсин. Башка канчалаган маселелер бир жылдын ичинде толуп калды. Былтыркы кандуу окуялардын бирөөсүнүн да башы ачылбай отурат. Ата-энелер зыркырап ыйлап отурат. Ошону чечип, эмне кылып атасыңар дегендин ордуна ушунтип отургандарына жол болсун.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG