Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Казак бийлиги блогерлерден салык алат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “Онлайн-платформалар жана онлайн-жарнак маселелери жөнүндө” мыйзамга кол койгону 10-июлда жарыяланды.

Коңшу өлкөнүн бийлиги мыйзам онлайн платформаларды жана онлайн жарнактарды жөнгө салып, блогерлер менен таасирдүү адамдар жарнамадан тапкан “көмүскө кирешесин” ачыкка чыгарып, интернеттеги контентти жөнгө салат деп ишенет.

Казакстанда жаңы мыйзамга ылайык, Маалымат жана социалдык өнүктүрүү министрлиги онлайн платформаларга мониторинг жүргүзөт.

Министрлик интернетте кандайдыр бир мазмунду же жарнаманы мыйзамсыз деп тапса, автордон беш күн ичинде “туура эмес” контентти алып салууну талап кылса болот.

Экинчи тарап ага макул болбосо, үч күн ичинде доо арыз менен кайрыла алат.

Казакстанда 100 миңден ашуун колдонуучусу бар социалдык тармактар (Instagram, Facebook, YouTube, Twitter, Telegram, Tik Tok, VK) өлкөдөгү расмий өкүлүн дайындашы керек.

Буга кошумча Интернет платформалардын интерфейсине казак тилин киргизүү жана модерациялоо пландаштырылууда. Бул тармактын алгоритмине казакча мазмунду модерациялоого мүмкүндүк берет.

Мыйзамга ылайык, онлайн платформалар казак бийлиги “ылайыксыз” деп тапкан мазмунду өчүрүүгө милдеттүү.

Интернетте жалган маалымат тараткан жөнөкөй колдонуучу 69 миң теңге, блогер же коомчулукка таанымал киши 138 миң теңге айыпка жыгылат.

Блогерлер жана салык

Жаңы мыйзамга ылайык, казакстандык интернет колдонуучулар жана укук коргоочулар мыйзамга байланыштуу өз пикирин айтып чыгышты.

Алматынын тургуну Салтанат Казыбаева Инстаграм баракчасына сергек жашоо образын даңазалап жүргөндөрдүн бири. Ал "Настоящее время" телеканалына берген интервьюсунда бардык финансылык операцияларды расмий жүргүзөрүн айткан.

Салтанат Казыбаева
Салтанат Казыбаева

"Мунун баары формалдуу болушу үчүн ар бир блогер юридикалык уюмду каттоодон өткөрүшү керек. Блогер ага даярбы? Анткени мен сыяктуу иштегендерге блогерлик негизги иш эмес. Салык жана башка төлөмдөрдү төгүү үчүн тынымсыз айланган каражаты жокторго ишкерлик баштоо, юридикалык уюм түзүү оңой эмес. Бул мыйзам блогерликти жайылтуу жана блогерлердин акча табышына кадимкидей кыйынчылык жаратат".

Бирок мажилис депутаты Ерлан Саиров мыйзам интернет-сайттардын ишин системалаштырып, соцтармактардын колдонуучуларын өлкөнүн социалдык-экономикалык жүгүртүүсүнө киргизет жана бул чөйрөнү мамлекеттик жөнгө салуунун негизин түзөт деген ойдо.

Ерлан Саиров.
Ерлан Саиров.

"Мыйзамдын милдети - өлкөдөгү саясий сепаратизмдин жана экстремизмдин алдын алуу, Казакстандын жарандарын куугунтуктоо, мазактоо, социалдык тармактардагы каржы пирамидаларына азгыруу сыяктуу терс фактылардан коргоо", - деди Ерлан Саиров.

Бирок жаңы мыйзам блогерлер менен интернет эксперттерди чочулатууда. Казакстанда да “жалган маалымат тараткандар” үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Укук коргоочулар "бийлик активисттерди бурмаланган маалымат менен жаманатты кылып жатат" деп көп сындашат.

2022-жылы апрель айында Казакстанда Mudarabaн Capital компаниясынын иши боюнча блогерлер Мейржан Туребаев жана Мейирхан Шерниязов кармалган.

Каржы пирамидасына акча салып, алданып калган жабырлануучулар эки таанымал блогерди "алдамчыларды жарнама кылганы" үчүн жоопко тартууну талап кылган.

Алматынын Алмалы райондук соту вайнерлерди жеңил жаза менен беш жылга абакка кести. Ал эми Mudarabaн Capital компаниясынын 10 кызматкерин сегиз жылдан 17 жылга эркинен ажыратты.

Жаңы мыйзам боюнча өлкөдө “өзгөчө кырдаал” жаралса, бийлик интернетти жапырт өчүрүүгө укуктуу.

Казакстандык укук коргоочулар онлайн платформалар боюнча мыйзам долбоору эч кандай коомдук талкууга коюлбай чукул кабыл алынганын сынга алышкан. Мыйзам мамлекеттик бюджетке киреше бергенден тышкары бир катар чектөөлөрдү да камтый турганын эскертишет.

Астанадагы Юридикалык медиа борборунун директору Диана Окремова "Настоящее время" телеканалына берген комментарийинде мыйзамга кирген "жалган маалымат" түшүнүгү чечмеленбегенин белгиледи.

Диана Окремова
Диана Окремова

"Ошол эле учурда “жалган маалымат” деген сөздүн өзү такыр конкреттүү эмес. Бардык нерсе жалган маалымат болушу мүмкүн! Бул зыянсыз маалымат же коркунучтуу маалымат болушу мүмкүн. Тилекке каршы, мыйзамда кылдат талдоо жок. Чынында, бул кайда чойсоң, ошол жакка кете берчү түшүнүк", - деди.

Юристтер Казакстанда онлайн платформалар жөнүндө мыйзам кабыл алууга зарылчылык болбогонун айтышууда.

Анткени учурдагы мыйзамдар бардык жарандарды кирешесинен салык төлөөгө милдеттендирет. Жалган маалымат тараткандар үчүн жоопкерчилик Жарандык, Административдик жана Кылмыш-жаза кодекстеринде камтылган.

Кыргызстандагы жаңырык

Президенттик администрация былтыр ноябрда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Анын негиздемесинде 1992-жылы кабыл алынган мыйзам заман талабына жооп бербей калганы жазылган.

Документ коомдук талкууга чыгарылгандан кийин өлкөдөгү медиа уюмдар, журналисттер жана бир катар юристтер камтамчылыгын билдирип чыккан.

Мындан тышкары мыйзам долбоорундагы блогерлерди же катталуучусу көп колдонуучуларды медиа катары каттоого милдеттендирүү жобосу түшүнбөстүк жараткан.

Мыйзам долбоорунда "интернет-басылма" деген түшүнүк камтылган. Ал портал, форум же блог, ошондой эле жеке адамдардын социалдык тармактардагы жаңылыктарды, аналитикалык, оюн-зоок жана башка материалдарды камтыган, Кыргызстандан чыгарган билдирүүлөрү айына 5 миң адамга тараган баракчаларга тиешелүү. Сунушталып жаткан мыйзамда жазылгандай, блогерлер боюнча жооптуу мамлекеттик орган тандалат жана реестр түзүлүп, аларды каттайт. Интернет провайдерлер аркылуу блогерлердин иденттүүлүгүн тастыктаган маалыматтар алынат. Андан кийин интернет басылмага анын реестрге катталганы жана ага колдонулуучу мыйзамдык талаптарды эскерткен билдирүү жөнөтөт. Блогер баракчасына өзүнүн сүрөтүн, аты-жөнүн жазып, телефон номуру жана электрондук дарегин көрсөтүшү керек. Ошентип блогерлерге жалпыга маалымдоо каражаттарындай эле талаптар коюлмакчы.

Кыргызстанда соңку жылдары ЖМКнын жана бейөкмөт уюмдардын ишине байланыштуу бир катар мыйзам долбоорлору жазылды. Эл аралык жана жергиликтүү медиа эксперттер бул мыйзамдар кабыл алынса, "демократия аралчасы" атка конгон Кыргызстанда сөз эркиндиги чектелерин белгилешет.

Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жылы катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары басымга дуушар болгонун белгилеген.

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан.

XS
SM
MD
LG