Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:18

Катар-2022: чемпиондукка бир кадам, Мессинин эңсөөсү


Аргентина курама командасынын оюнчулары Месси жана Альварес. "Лусаил" стадиону, Катар. 13-декабрь, 2022-жыл.
Аргентина курама командасынын оюнчулары Месси жана Альварес. "Лусаил" стадиону, Катар. 13-декабрь, 2022-жыл.

Бир айга созулган Катардагы футбол мелдеши соңуна чыгууда. Футбол тарыхында биринчи жолу күз-кышкы мезгилинде өткөрүлгөн чемпионат – эң кымбат мелдеш гана эмес (200 миллиард доллар сарпталган), күтүүсүз жыйынтыктары менен дагы эсте калды.

Финалга чыккан Франция-Аргентина беттеши 18-декабрда "Лусаил" стадионунда өтөт. Ал эми жарым финалда утулуп калган Марокко менен Хорватия коло медал үчүн 17-декабрда "Халифа" стадионунда беттешет.

Жолу болбогон Бразилия

Хорваттар чейрек финалда Бразилияны утуп алганда, айрымдар өткөн чемпионаттагы көрүнүш кайталанат деп болжогон. Анткени Орусияда өткөн 2018-жылдагы чемпионатта Хорватия Франция менен финалда ойноп, утулуп калган. Бирок Аргентина бул саам жарым финалда хорваттарга жеңишти берген жок.

Бул беттештен кийин Бразилия курама командасынын башкы машыктыруучусу Аденор Леонардо Бакши (эл арасында Тите деп таанылган) кызматтан кетти.

Чейрек финалда Бразилия хорваттарга пенальти тебүүдө утулуп калды. "Эдьюкейшн Сити" стадиону, Катар. 9-декабрь, 2022-жыл.
Чейрек финалда Бразилия хорваттарга пенальти тебүүдө утулуп калды. "Эдьюкейшн Сити" стадиону, Катар. 9-декабрь, 2022-жыл.
Бразилиялык чабуулчу, франциялык "ПСЖ" клубунун оюнчусу Неймардын беттештен кийинки көз жашы.
Бразилиялык чабуулчу, франциялык "ПСЖ" клубунун оюнчусу Неймардын беттештен кийинки көз жашы.

Хорватия чемпионат тарыхында үчүнчү жолу жарым финалга чыкты. 1998-жылы коло медалга жеткен.

Месси лидерлигин тастыктады

Лионел Месси.
Лионел Месси.

Лионел Месси баштаган аргентиналыктар жарым финалда Хорватияны 3:0 эсебинде утту. Футбол күйөрмандары жана эксперттер бул беттеште Мессинин оюнун өзгөчө баалады. Ал эсепти ачып (34-мин), пенальтиден гол киргизди. Ошондой эле Альвареске топ чыгарып берип, үчүнчү голго чоң салым кылды.

Аргентина курамасы өткөн чемпионаттын алдында машыктыруучусун бир нече ирет алмаштырып, кийин 1\8 финалдан өткөн эмес (Францияга 4:3 эсебинде утулган). Бул ирет башкы машыктыруучу Лионель Скалонинин командасы ийгиликтүү беттештерди өткөрдү. Катардагы чемпионатта алар атаандаштарынын дарбазасына 16 гол киргизди. Мелдеш башталганда чү дегенде эле Аргентина Сауд Арабиясына утулуп (2:3), күйөрмандарын капа кылган. Чемпионатка чейин аргентиналыктар үч жыл боюу 35 беттешин уттурган эмес эле.

Кийин Аргентина С тобунда Мексиканы (2:0), Польшаны (2:0) утуп, 6 упай менен плей-офф баскычына чыкты. Анда Австралияны (2:1) жеңди, чейрек финалда Нидерланддарды пенальти тебүүдөн утту.

Катардагы мелдештин алдында Месси бул анын карьерасындагы акыркы Дүйнө чемпионаты болуп калышы мүмкүн экенин айткан. Ошондуктан анын көп жылдык эңсөөсү – чемпиондукту утуп, кубокту алуу. Аргентина 1978-1986-жылдары дүйнө чемпиону болгон. 2014-жылдагы чемпионатта финалга чыгып, Германияга (0:1) утулган.

Англия чейрек финалдан өтпөдү

Франция курама командасы бул мелдешке дүйнө чемпиону катары келген. Чейрек финалда француздар Англияны (2:1) жеңип, мелдештен чыгарды. Жарым коргоочусу Орельен Тчуамени менен чабуулчу Оливье Жирунун голдору Францияга жеңиш алып келди.

Ал эми Англия курама командасынын чабуулчусу Гарри Кейн 54-минутада пенальтиден гол киргизип, оюн соңуна чыгып баратканда кайра ушундай мүмкүнчүлүктү текке кетирди.

Англия курамасы 1966-жылдан бери Дүйнөлүк чемпионаттын финалына чыга албай келет. 2018-жылы чоң ийгилик жаратып, жарым финалга чейинки жолду басып, бирок хорваттарга уттуруп жиберген.

Англия курама командасынын чабуулчусу Гарри Кейн. "Аль-Байт" стадиону. 10-декабрь, 2022-жыл.
Англия курама командасынын чабуулчусу Гарри Кейн. "Аль-Байт" стадиону. 10-декабрь, 2022-жыл.

Марокко жараткан тарых, Роналдунун көз жашы

Футбол тарыхында Марокко жарым финалга чыккан биринчи африкалык же араб өлкөсү десек болот. Алар чейрек финалда Португалияны 1:0 эсебинде утуп, Роналдунун чемпион болуу кыялын талкалады.

Марокконун жеңишинен кийин футбол аянтында кубанычтуу да, аянычтуу да сүртүмдөргө күбө болдук. Португалиянын эң мыкты чабуулчусу, бир нече ирет “Алтын топту” алган Криштиану Роналду чөк түшүп, ыйлады. Балким, бул анын карьерасындагы акыркы чемпионат болуп калышы мүмкүн.

Криштиану Роналду.
Криштиану Роналду.

Ал өзүнүн карьерасында өтө чоң ийгиликтерге жетти, Европанын чемпиону аталды, Чемпиондор лигасын бир нече ирет утту. Бирок дүйнө чемпиону болуу максаты гана ишке ашкан жок.

Мароккону токтоткон француздар

Марокко-Франция беттеши. "Аль-Байт" стадиону, Катар. 14-декабрь, 2022-жыл.
Марокко-Франция беттеши. "Аль-Байт" стадиону, Катар. 14-декабрь, 2022-жыл.
Марокколук күйөрмандар.
Марокколук күйөрмандар.

Марокколуктар жарым финалдагы беттешинде курч чабуулдарды жасап, атаандашына караганда топко көбүрөөк ээлик кылды. Каршы чабуулду тандап алган француздардын коргонуусу абдан мыкты болду. Бул жолку чемпионатта марокколуктар дүйнөдө эң мыкты курама команда саналаган Бельгияны (2:0), Испанияны (3:0 пенальти), Португалияны (1:0) утуп, жарым финалга чыккан. Ошондуктан француздарга аны токтотуу оңой болгон жок.

Беттештин алгачкы минуталарында эле француз коргоочусу Тео Эрнандес эсепти ачып, француздар алдыга чыкты.

Ошого карабастан Марокко командасы өтө курч оюн көрсөтүп, француздардын кыйла шайын оодарды. Бирок экинчи бөлүктүн соңунда алмашуудан чыккан Коло Муани экинчи голду киргизип, Франциянын жеңишин бекемдеди.

Франция 1\8 финалда Польшаны (3:1), чейрек финалда Англияны (2:1), жарым финалда Мароккону (2:0) утуп, финалга чыкты. Француздар D тобунда алты упай менен чыккан. Алар Австралияны, Данияны утуп, Туниске 1:0 эсебинде утулуп калган.

Марокколуктар Катарда футбол тарыхын жаңылады. Аларды алдыда коло медал үчүн күрөш күтөт.

Тилекке каршы, беттештен кийин Парижде футбол күйөрмандары жапырт мушташты. Париждин көчөлөрүнө жеңишти майрамдоого чыккан күйөрмандар менен марокколук футболчуларды сүрөгөн топ кагылышкан.

Елисей талаасына жүздөгөн полиция машинелери келип, жалпы Франция боюнча 10 миңдей кызматкер кошумча иштеп жатат.

Эки тараптын күйөрмандары көчөдө бири-бирине кол салып жатканы кабарланууда. Парижден тышкары Брюссел, Ницца, Лиондо да башаламандыктар катталды.

Марокко 1956-жылга чейин Франциянын колониясы болуп турган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG