Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:02

Катар-2022: мелдештин сенсациясы - Марокко


Марокко курама командасы чейрек финалга өткөнүн майрамдап жатат. "Эдьюкейшн Сити" стадиону, Катар. 6-декабрь, 2022-жыл.
Марокко курама командасы чейрек финалга өткөнүн майрамдап жатат. "Эдьюкейшн Сити" стадиону, Катар. 6-декабрь, 2022-жыл.

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын 1/8 финалдык беттештери бүтүп, чейрек финалдагы атаандаштар аныкталды.

6-декабрдын кечинде Испания менен Марокко курама командалары беттешип, 90 мүнөттүк оюнда тең чыкты. Кошумча берилген жарым сааттык убакытта да эсеп өзгөрүүсүз калды. Кийин пенальти тебүүдө марокколуктар 3:0 эсеби менен жеңишке жетишти. Испаниялыктар Марокконун дарбазасына бир да гол киргизе алышкан жок.

Тарыхында алтынчы ирет Дүйнө чемпионатына катышып жаткан Марокко Катардагы мелдештин тайпалык оюндарында F тобунда алгач Хорватия менен 0:0 эсепте тең ойноп, кийинки айлампада Бельгияны 2:0 менен утуп алган. Канаданы 2:1 менен жеңип, өз тайпасында биринчи орун менен чыккан.

Марокко дарбазачысы 31 жаштагы Яссин Буну.
Марокко дарбазачысы 31 жаштагы Яссин Буну.
Марокко футболчулары Хаким Зиеш жана Ромен Саисс.
Марокко футболчулары Хаким Зиеш жана Ромен Саисс.
Марокко курама командасы чейрек финалга өткөнүн майрамдап жатат. "Эдьюкейшн Сити" стадиону, Катар. 6-декабрь, 2022-жыл.
Марокко курама командасы чейрек финалга өткөнүн майрамдап жатат. "Эдьюкейшн Сити" стадиону, Катар. 6-декабрь, 2022-жыл.

Марокко буга чейин бир гана ирет (1986) 1\8 финалга чыккан.

Команданын башкы машыктыруучусу Валид Реграги быйыл сентябрда дайындалган эле. Команданын курамында европалык белгилүү клубдарда ойногон футболчулар бар.

1\8 финалдагы беттеште мыкты ойногон Марокко дарбазачысы 31 жаштагы Яссин Буну испаниялык “Севилья” футбол клубунда ойнойт. Коргоочу Ашраф Хакими франциялык “Пари Сен-Жермен” клубунун оюнчусу.

Курама команданын дагы бир белдүү оюнчусу 29 жаштагы Хаким Зиеш учурда англиялык “Челси” клубунда чабуулчу. Андан сырткары Германия, Италия чемпионаттарындагы белгилүү командаларда ойногон футболчулар бар.

Ашраф Хакими Мадриддин чет жакасында марокколук мигранттын бүлөөсүндө туулган. Мадриддик “Реал” клубунун тарбиялануучусу. Айрым маалыматтарда Испаниянын жаштар курама командасына кабыл алынбай калып, кийин Марокко жарандыгын алганы айтылып жүрөт. Марокконун курамында биринчи жолу 2016-жылы оюнга чыккан.

Испания менен Марокко курама командаларынын беттеши.
Испания менен Марокко курама командаларынын беттеши.

Испания 2018-жылы Орусияда өткөн Дүйнө чемпионатында да дал ушул 1/8 финалдык беттештин пенальтилер сериясында орусиялыктарга жеңилген. 2014-жылдагы чемпионатта тайпадан чыкпай калган.

Бул жолу машыктыруучу Луис Энрике испандардын курамынын көпчүлүгүн жаштардан түзгөн. Тажрыйбалуу оюнчулардан жарым коргоочу, “Барселона” оюнчусу 34 жаштагы Серхио Бускетсти гана көрдүк.

Испания курама командасы.
Испания курама командасы.
Испаниялык күйөрмандар.
Испаниялык күйөрмандар.

Испандар Катардагы мелдешти катуу баштап, E тобунда Коста-Риканы (7:0) ири эсепте утуп алган. Андан кийин Германия менен (1:1) тең чыкты. Бирок үчүнчү айлампада жапондорго 2:1 эсеби менен утулуп калган. Бирок башынан эле Дүйнө чемпионатына фаворит катары келген курама команда болчу.

Испандар Европанын эки жолку чемпиону, 2010-жылкы дүйнө биринчилигинин жеңүүчүсү. Дүйнөлүк футбол уюмунун (ФИФА) октябрдагы рейтингинде алар бир баскычка төмөндөп, 7-орунга жайгашкан эле.

Футбол жылдызы Криштиану Роналду беттештин 70-минутасынан кийин гана оюнга кошулду.
Футбол жылдызы Криштиану Роналду беттештин 70-минутасынан кийин гана оюнга кошулду.

7-декабрга караган түнү Португалия менен Швейцариянын беттеши өттү. Португалиялыктар 6:1 эсеби менен жеңип, чейрек финалга бет алды. Беттештин эң мыкты оюнчусу 21 жаштагы чабуулчу Гонсалу Рамуш болду. Ал үч гол (хет-трик) киргизди.

Футбол жылдызы Криштиану Роналду беттештин 70-минутасынан кийин гана оюнга чыкты. Футбол күйөрмандары ал 2008-жылдан бери биринчи жолу негизги курам менен чыкпай калганына көңүл бурушту.

Португалиялык күйөмандар. "Лусаил" стадиону, Катар. 6-декабрь, 2022-жыл.
Португалиялык күйөмандар. "Лусаил" стадиону, Катар. 6-декабрь, 2022-жыл.
  • Жарым финалда Марокко менен Португалия беттешет. Оюн 10-декабрда Бишкек убактысы боюнча 21:00дө өтөт.

Чейрек финалда Нидерланддар - Аргентина беттешет

Нидерланддар АКШны 3:1 эсебинде утуп, чейрек финалга өттү.
Нидерланддар АКШны 3:1 эсебинде утуп, чейрек финалга өттү.

1\8 финалда Нидерланддар АКШны 3:1 эсебинде утуп, чейрек финалга өттү. “Халифа” стадионундагы мелдеш бул эки команда ортосундагы дүйнөлүк чемпионаттар алкагындагы алгачкы жолугушуу болду. Анткени командалар тарыхында беш мелдешин тең достук алкакта ойногон.

Нидерланддардын чейрек финалдагы атаандашы Аргентина болот.

Месси чемпионаттардагы тогузунчу голун киргизди. "Ахмад Бен-Али" стадиону, Катар. 4-декабрь, 2022-жыл.
Месси чемпионаттардагы тогузунчу голун киргизди. "Ахмад Бен-Али" стадиону, Катар. 4-декабрь, 2022-жыл.

Аргентиналыктар Австралияны (2:1) уткан. Бул беттеште Месси чемпионаттардагы тогузунчу голун киргизди. Буга чейин Месси бир дагы жолу плей-офф айлампасында топ киргизе элек болчу. Ошол эле маалда ал профессионалдык карьерасында миңинчи оюнун өткөрүп, каршылаштарына 789 топ киргизип, 338 жолу голдук пас берген.

1/4 финалдын оюндары

  • Хорватия – Бразилия, 9-декабрь, 21:00дө (Бишкек убактысы боюнча)
  • Нидерланддар – Аргентина, 10-декабрь, түнкү саат 1де
  • Марокко – Португалия, 10-декабрь, 21:00дө
  • Англия – Франция, 11-декабрь, түнкү саат 1де

Хорватия - Бразилия

Хорватия 1\8 финалда Жапонияны утту. "Аль-Жануб" стадиону, Катар. 5-декабрь, 2022-жыл.
Хорватия 1\8 финалда Жапонияны утту. "Аль-Жануб" стадиону, Катар. 5-декабрь, 2022-жыл.

Хорватия Жапонияны пенальтилер сериясында утуп, чейрек финалга чыкты. Оюндун биринчи бөлүгүндө жапониялык чабуулчу Дайдзэн Маэда эсепти ачты. Экинчи бөлүктө хорват жарым коргоочусу Иван Перишич эсепти теңеди. Бирок эсеп өзгөрүүсүз жыйынтыкталып, кошумча берилген убакытта дагы сакталды. Пенальти тебишүүдө хорват дарбазачысы Доминик Ливакович жапондордун үч тобун тосуп, командасын чейрек финалга алып чыкты.

Акыркы Дүйнө чемпионаттарында Хорватия чоң ийгиликтерди жараткан. 1998-жылы 3-орунду алса, 2018-жылдагы чемпионатта финалга чейин жетип, күмүш медалды тагынган. Курама команданын эң тажрыйбалуу оюнчусу, 37 жаштагы Лука Модрич үчүн бул акыркы чемпионат болушу мүмкүн.

Эми алар чейрек финалда Бразилия менен беттешет.

Бразилиялык чабуулчу, франциялык "ПСЖ" клубунун оюнчусу Неймар чемпионаттын алгачкы тайпалык оюнунда жаракат алып, эки беттешке чыккан эмес. 1\8 финалда пенальтиден гол киргизди.
Бразилиялык чабуулчу, франциялык "ПСЖ" клубунун оюнчусу Неймар чемпионаттын алгачкы тайпалык оюнунда жаракат алып, эки беттешке чыккан эмес. 1\8 финалда пенальтиден гол киргизди.

Бразилия Түштүк Кореяны утуп (4:1), чейрек финалга өттү.

Дүйнөнүн үч жолку чемпиону, 82 жаштагы атактуу Пеле оор абалда ооруканага түшкөнү кабарланган. Бразилия курама командасы 1\8 финалдагы Түштүк Корея менен беттештин алдында ага колдоо көрсөтүп чыкты. Дүйнө жүзүнүн туш тарабынан Пелеге шыпаа тилеп, колдоо көрсөткөндөр болууда.

Бразилия курама командасы 1\8 финалдагы Түштүк Корея менен беттештин алдында.
Бразилия курама командасы 1\8 финалдагы Түштүк Корея менен беттештин алдында.

Франция-Англия беттешет

1\8 финалда Франция Польша 3:1 эсебинде утту. Франциялык чабуулчу Киллиан Мбаппе эки гол киргизди. Ольиве Жиру өз командасы үчүн 52-тобун киргизип, Франциянын тарыхында эң көп топ киргизген бомбардир болуп калды. Муну менен ал легендарлуу Тьерри Анриден ашып өттү.

Франциялык чабуулчу Киллиан Мбаппе.
Франциялык чабуулчу Киллиан Мбаппе.

Ошентсе дагы 23 жаштагы Киллиан Мбаппе бул оюнда эки топ киргизип, Катардагы чемпионаттын борбардирине айланды.

1\8 финалда Англия Сенегалды 3:0 менен утуп, чейрек финалга чыкты. Англия курама командасынан Жордан Хендерсон, Гарри Кейн жана БукайоСака гол киргизди.

Англия курама командасы жеңишин майрамдап жатат. "Аль-Байт" стадиону, Катар. 4-декабрь, 2022-жыл.
Англия курама командасы жеңишин майрамдап жатат. "Аль-Байт" стадиону, Катар. 4-декабрь, 2022-жыл.
Англия - Сенегал беттеши.
Англия - Сенегал беттеши.

Англия курамасы 1966-жылдан бери Дүйнөлүк чемпионаттын финалына чыга албай келет. 2018-жылы чоң ийгилик жаратып, жарым финалга чейинки жолду басып, бирок хорваттарга уттуруп жиберген.

Бул жолу анын курамы да, мүмкүнчүлүгү да жогору бааланып турган чагы.

Дүйнө чемпионатынын алдында букмекерлер рейтингин жарыялап, фаворит саналган командаларды атаган. Алардын божомолунда кубоктун башкы талапкери катары биринчи орунда Бразилия, экинчиде Франция, үчүнчүдө Аргентина аталган эле.

Футбол эксперттери жарым финалда Аргентина - Бразилия, Франция -Португалия беттеши болуп калышы мүмкүн деп божомолдоп жатат.

14-15-декабрда жарым финалдык беттештерди, 3-орун үчүн болгон оюнду 17-декабрда көрөбүз. 18-декабрда чемпионаттын финалдык оюну өтөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG