Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:01

Катар-2022: Германия үйүнө кайтты, аутсайдерлер триумфу


Германия курама командасы. 1-декабрь, 2022-жыл.
Германия курама командасы. 1-декабрь, 2022-жыл.

Катарда өтүп жаткан Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тайпалык оюндары жыйынтыкталды. Фаворит саналган курама командалар кийинки баскычка өтпөй калып, аутсайдерлер триумф жаратканын көрдүк. Чемпионаттын тарыхында биринчи жолу аялдардан турган топ калыстык кылды.

Кош бол, чемпионат!

Германия курама командасы ушуну менен эки чемпионатта катарынан тайпалык оюндардан чыкпай калды. E тобундагы жыйынтыктоочу оюнда Коста-Риканы 4:2 эсебинде утуп, тайпада үчүнчү орунду алды. Алар биринчи айлампада Жапонияга (1:2) утулуп, Испания менен тең (1:1) чыккан.

Германия мурунку чемпионаттардын баарында фаворит катары келип, төрт жолу (1954, 1974, 1990, 2014) дүйнө чемпиону болуп, сегиз ирет финалда ойногон.

Кечээги беттеште Германиянын топтон чыгышына Испания-Жапония оюнундагы жыйынтык таасирин тийгизмек. Эгерде испандар Жапонияны утканда, Германия кийинки айлампага чыгып кетиши мүмкүн эле. Бирок жапондор Испанияны 2:1 эсеби менен утуп, Е тобунан биринчи орун менен чыкты.

Бельгия менен Хорватиянын беттеши. 1-декабрь, 2022-жыл.
Бельгия менен Хорватиянын беттеши. 1-декабрь, 2022-жыл.

Мелдешке фаворит катары келген Бельгия дагы F тобунда 3-орунда калып, үйүнө кайтты. Алар Дүйнөлүк футбол уюмунун (ФИФА) октябрдагы рейтингинде 2-орунда турат. Ошондуктан футбол күйөрмандары аны кур эле дегенде чейрек финалга барат деп болжогон.

Чемпионатта алар Канаданы (1:0) утуп, экинчи оюнда Мароккого (0:2) жеңилип калган. Чечүүчү беттешинде бельгиялыктар хорваттар менен тең ойноду (0:0). Ошентип 1998-жылдан берки чемпионаттарда биринчи жолу кийинки айлампага чыкпай калышты.

Чемпионатта Бельгия дагы бир антирекорд койду - үч оюнда болгону бир гана гол киргизди.

Бул курама 2018-жылы өткөн чемпионатта коло медалды утуп алган. Андан мурун чейрек финалда ойногон.

Тарыхта биринчи

Чемпионаттын тарыхында биринчи жолу аялдардан турган топ калыстык кылды.
Чемпионаттын тарыхында биринчи жолу аялдардан турган топ калыстык кылды.

Германия - Коста-Рика оюнунда чемпионаттын тарыхында биринчи жолу аялдардан турган топ - франциялык Стефани Фраппар, бразилиялык Неуза Бэк жана Мексикадан келген Карен Диас Медина калыстык кылды.

Оюн талаасында негизги калыс Стефани Фраппар болду. Ал 2020-жылы дагы биринчи жолу Чемпиондор лигасынын финалында калыстык кылган аял болгон.

Аутсайдерден фаворитке айлангандар

Жапония менен Испания беттеши. 1-декабрь, 2022-жыл.
Жапония менен Испания беттеши. 1-декабрь, 2022-жыл.

Жапония Е тобуна башында аутсайдер катары кошулуп, фаворит катары 1\8 финалга өттү. Тайпадагы биринчи беттешинде Германиянын утуп (2:1), экинчи айлампада Коста-Рикага (0:1) жеңилип калган.

Команданын башкы машыктыруучусу Хадзимэ Мориясу Испания менен чечүүчү беттеште коргонууга басым жасап, каршы чабуул менен ойноду. Беттештин алгачкы минуталарында эле (11-мин.) эсепти ачкан испандар, экинчи бөлүктө Рицу Доан менен Танаканын голуна жооп бере алган жок (2:1).

Жапониялык футболчулар жеңишин майрамдоодо. 1-декабрь, 2020-жыл.
Жапониялык футболчулар жеңишин майрамдоодо. 1-декабрь, 2020-жыл.

Ушу тапта Жапония Дүйнөлүк футбол уюмунун (ФИФА) рейтингинде 24-орунда турат. Алар биринчи жолу 1998-жылы Дүйнө чемпионатына катышкан. Ошондон бери үч жолу (2002, 2010, 2018) плей-оффко чыккан.

Футбол адистери тарыхында алтынчы ирет Дүйнө чемпионатына катышып жаткан Марокко Катардагы мелдештин сенсациясы болду деп баалап жатышат. Алар F тобунда алгач Хорватия менен 0:0 эсепте тең ойноп, кийинки айлампада Бельгияны 2:0 менен утуп алып, сенсация жараткан.

Марокко менен Канада беттеши. 1-декабрь, 2022-жыл.
Марокко менен Канада беттеши. 1-декабрь, 2022-жыл.

Кечээ болсо Канаданы 2:1 менен жеңип, өз тайпасында биринчи орунду камсыздады. Команданын курамында европалык белгилүү клубдарда ойногон футболчулар бар. Марокко буга чейин бир гана ирет (1986) 1\8 финалга чыккан.

Бул жолу 1\8 финалда Мароккону Европанын эң күчтүү командаларынын бири Испания күтүүдө.

H тобунда дагы күтүүсүз жыйынтык болду. Тайпадагы соңку беттешинде Түштүк Корея Португалияны 2:1 эсебинде утуп, 1/8 финалга чыкты. Кореялыктар соңку мүнөттөрдө гана гол киргизип, беттеш соңунда бир нече убакытка паралелдүү өтүп жаткан экинчи оюндун жыйынтыгын күтүп туруп калды.

Түштүк Корея курама командасы.
Түштүк Корея курама командасы.

Уругвай-Гана беттешиндеги жыйынтыктан кийин гана Түштүк Корея плей-оффко өткөнүн майрамдады. Эгерде паралелдүү өтүп жаткан беттеште Уругвай Гананы ири эсепте утканда (3:0), Түштүк Корея кийинки баскычка өтпөй калмак.

Бирок Уругвай Гананы 2:0 эсебинде гана жеңе алды. Ошентип 3 упай топтогон Гана тайпадан чыга албай калды. Дүйнө чемпионатын эки жолу уткан Уругвай өлкөсүнүн курама командасы дагы чемпионат менен кош айтышты.

Уругвайлык футбол күйөрмандары.
Уругвайлык футбол күйөрмандары.

1986-жылдан берки бардык Дүйнө чемпионаттарына катышып келаткан Түштүк Корея 2002-жылы 4-орунду алса, 2010-жылы 1/8 финалга өткөн. Андан кийинки төрт чемпионатта плей-оффко өтө албай келген эле.

Португалия буга чейин эки беттешин утуп, алты упай топтогон. Алар корейлерге уттурганы менен өз тобунда биринчи орун менен 1/8 финалга өттү.

Катардагы чемпионат Португалия жылдызы 37 жаштагы Криштиану Роналду үчүн акыркы болушу мүмкүн.
Катардагы чемпионат Португалия жылдызы 37 жаштагы Криштиану Роналду үчүн акыркы болушу мүмкүн.

G тобунда Бразилиянын кийинки баскычка өтө турганы эки оюндун жыйынтыгынан улам эле белгилүү болгон. Алар тайпалык оюндардагы соңку беттешинде Камерунга (1:0) утулуп калды.

Бразилиялык чабуулчу, франциялык "ПСЖ" клубунун оюнчусу Неймар чемпионаттын алгачкы тайпалык оюнунда жаракат алып, эки беттешке чыккан жок..

G тобундагы плей-оффко өткөн экинчи команда Швейцария болду. Алар Сербия менен болгон айыгышкан беттеште 2:3 эсеби менен жеңүүчү болду.

Тайпалык оюндардын баарын утуп, 9 упай топтогон бир дагы команда болгон жок. Чемпион болушу мүмкүн деп болжонгон курама командалардын баары бирден беттешин уттурду.

Бразилиялык чабуулчу Ришарлисон. Ал Камерун менен беттешке чыккан жок.
Бразилиялык чабуулчу Ришарлисон. Ал Камерун менен беттешке чыккан жок.

1/8 финалга чыккан 16 команда

1/8 финалдын беттештери 3-декабрда башталат:

  • Нидерланддар- АКШ (3-декабрь, Бишкек убактысы боюнча 21:00дө)
  • Аргентина – Австралия (4-декабрь, Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 1де)
  • Франция – Польша (4-декабрь, Бишкек убактысы боюнча 21:00дө)
  • Англия – Сенегал (5-декабрь, Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 1де)
  • Жапония – Хорватия (5-декабрь, Бишкек убактысы боюнча 21:00дө)
  • Бразилия - Түштүк Корея (6-декабрь, Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 1де)
  • Марокко – Испания (6-декабрь, Бишкек убактысы боюнча 21:00дө)
  • Португалия - Швейцария (7-декабрь, Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 1де)
Бул ирет Лионел Месси баштаган аргентиналыктардын 1/8 финалга өтүшү да оңой болгон жок.
Бул ирет Лионел Месси баштаган аргентиналыктардын 1/8 финалга өтүшү да оңой болгон жок.

Футбол адистери Англия, Франция, Бразилия, Аргентина чейрек финалга өтүшү мүмкүн деп болжоп турат. Андай болсо, чейрек финалда Англия менен Франциянын оюнун көрүп калышыбыз толук мүмкүн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG