Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:24

Кара-Суудагы уулануунун себеби аныктала элек


Ооруканада жаткан бала.
Ооруканада жаткан бала.

Ош облусунун Кара-Суу районунда тамакка ууланып ооруканага түшкөн 12 бейтаптын бешөөнүн абалы дагы эле оор. Алардын төртөө эки жарым жаштан үч жарым жашка чейинки наристелер. Дарыгерлер бейтаптардын саламаттыгы көзөмөлдөнүп жатканын билдиришүүдө.

Уулангандардын арасынан абалы өтө оор деп эсептелген келин оорукананын жандандыруу бөлүмүндө догдурлардын кароосунда жатат. Балдар ооруканасындагы жандандыруу бөлүмүндө дагы төрт бала дарыланууда. Алардын абалы дагы эле оор.

Кара-Суу райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Абдыгапар Гаипов ууланган бейтаптар тууралуу буларды айтты:

- Бизге келгенден кийин ашказанын жууп, керектүү дары-дармекти берип жардам көрсөттүк. Экөөнү балдар ооруканасына котордук. Алар жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жатышат. Үйдө чогуу болгондордун баарын чакыртып, бизге келип жатышты. Азыркы убакта балдар ооруканасында төрт бала дарыланып жатат. Биздин бөлүмдө эки бала, алты киши дарыланып жатат.

Ооруканада жаткан балдар
Ооруканада жаткан балдар

Уулануунун себептери так аныктала элек. Адистер жабыркагандар үйдө жасалган тамактан ууланышкан деп божомолдоп жатышат. Дарыгерлердин айтымында, бир күн мурда туугандар бир дасторкондо чогуу тамактанышкан. Ошондон баштап чогуу тамак ичкендердин дээрлик баарынын саламаттыгы начарлап кеткен. Ооруканага түшкөндөр өздөрү деле кайсы тамактан ууланганын так айта албай жатышат.

Жугуштуу оорулар боюнча дарыгер Абдыгапар Гаиповдун айтканына караганда, негизи консерваланган тамак-аштан уулануу турмушта көп эле кезигет. Ошондуктан үй шартында жашылча-жемиш консервалоо кооптуу, анткени адам өмүрү үчүн коркунучтуу делген ботулизм илдетинин микробдору жабылган идиште тез жана көп чогулат.

- Ботулизм - абасыз мейкиндикти жакшы көргөн микроб. Бул негизинен үй шартында даярдалган консервалардан жугат. Ошон үчүн үй шартында консервация кылбаш керек. Тийиштүү шарттар аткарылбагандыктан ботулизм тез көбөйүп, өз уусун бөлүп чыгарат да бардык салаттарга, тамак-ашка жугат. Аны жеген адамдар ооруйт. Ага бир буюм экөө болуп көрүнүп калат. Башы айланып, кусат. Көзү тумандап, тамагы бүтүп, мурду менен сүйлөп калат.

Адистердин айтымында, Кара-Суу райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө ботулизм менен мурдагы жылы жыйырмадан ашуун оорулуу кайрылса, былтыр бирөө катталган.

Тойдо ууланган беш адамдын абалы оор
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:23 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG