Жыл башынан бери Кыргызстанда бир нече адам атылып өлтүрүлдү. Акыркы учурдагы адам өлтүрүүлөрдүн көбөйүшү кылмыштуулукка каршы күрөш тууралуу талкууларга жем таштады.
Сөөгү бир жактан, автоунаасы бир жактан табылды
23-мартта эртең менен саат 8 чамасында Ош шаарындагы "Жапалак" муниципалдык автоунаа базары жактан Көкүм бий көчөсүнүн жашоочулары өлгөн кишинин сөөгүн байкашкан. Милиция 30-35 жаштагы маркум киши колдуу болгонун аныктап, анын себебин иликтеп жатат.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Абсаттар Тавакаловдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, маркумдун жанынан чачма мылтыкка таандык октор алынган:
"Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө жүрүп жатат. Маркумдун жанынан сайлуу мылтыкка таандык октор, машиненин отургучунун каптамайы (чехол), эркек кишинин канга чыланган кийимдери алынды".
Маркумдун машинеси ошол эле күнү кечке жуук шаардагы филармониянын жанынан табылган.
Ал Оштогу мектептердин биринде информатика сабагынан мугалим болуп иштеген Акмал Буваев болуп чыкты. Ош шаардык билим берүү башкармалыгы билдиргендей, 36 жаштагы Буваевдин үч баласы бар. Маркум мугалимдик ишинен тышкары "Матиз" үлгүсүндөгү автоунаасы менен кирекечтик кылып, кошумча киреше таап турган.
Милиция азырынча тергөө жүрүп жатканын белгилеп, маркумдун өлүмүнүн себеби тууралуу божомолдорун ачыктоодон карманып турат.
Кылмыштуу териштирүүбү же?..
19-мартка оогон түнү Өзгөн шаарында үч адамды автоунаада отурган жеринен атып кетишти. Анын экөө каза таап, бири жаракат алган. Облустук милициянын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, өлгөндөрдүн биринин кылмыштуу топко тиешеси бар экени тергөөдө аныкталган:
"Октон каза болгон 31 жаштагы маркум былтыр февралдан тартып уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турганы аныкталды. Ош облустук жана Өзгөн райондук милиция кызматкерлеринин чогуу аракетинин натыйжасында шектүүлөрдүн бири кармалды. Өзгөн шаарынын тургуну, 24 жаштагы Х. А. Жазык кодексинин 41-130-беренелеринин негизинде ("Киши өлтүрүүгө кошо катышуу") кармалып, тергөө абагына киргизилген".
Аширбаев кошумчалагандай, ок чыгарылган автоунаа 19-мартта шаар четиндеги күрүч талаалардын биринен табылган. Шектүү ошол машиненин айдоочусу болгон. Ал 23-мартта Өзгөн райондук сотунун чечими менен 2 айга камалды.
Буга чейин 25-февралда Бишкекте түнкү клубдун ди-джейин белгисиз бирөөлөр атып кетишкен болчу. 6-февралда Нарын шаарында жергиликтүү тургун октон каза тапса, 13-январда Кара-Кулжа районунда милициянын эки кызматкерине белгисиз адамдар ок атышкан.
"Караларга" каршы күрөш начар"
Серепчи Төлөгөн Келдибаев Кыргызстан аймакта криминал эң өнүккөн өлкө болуп калганын белгиледи. Анын айтуусунда, буга өлкөдөгү уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш натыйжасыз болуп жатканы себеп:
"Ооганстанда өстүрүлгөн баңгизаттар да Кыргызстан аркылуу өтөрүн дүйнөлүк эксперттер айтып эле жүрүшөт. Өлкөдө кылмыштуулук көбөйүп, "каралардын" үстөмдүк кылуусуна бүгүнкү күнү бардык күч органдарына, сотторго алардын өкүлдөрү кирип калганы себеп. Ошондуктан, кылмыш тобунун мүчөлөрү кармалса да, көп өтпөй кайра чыгып кетип жатышат. Камалса да айыптары жеңилдетилип, символдуу түрдө гана камалышат. Алар түрмөнүн ичинде отуруп алып акча таап, байып жатышат. Бизде мыйзамдардын баары карапайым эл үчүн гана иштейт".
Ал эми журналист Семетей Талас уулу коомчулук өзү мыйзамга караганда "караларга" көбүрөөк ишенип, акча же башка маселелер жаралса, сотко эмес, кылмыштуу топтун өкүлүнө кайрылган учурлар арбын экенин белгиледи:
"Мисалы, бирөө карыз алып, бербей атса, көбүнчө милицияга кайрылбайт. Анткени, мыйзамдуу жол менен акчасын кайтарып аларына ишенбейт. Милицияга, сотко деле ошол акча кетет, андан көрө аны "караларга" берип, эртерээк кайтарып алууну көздөйт. Анын үстүнө сот тарабынан айыптуу адам кесилген күндө да, кайра эле аз убакта чыгып кетип жатканын коомчулук көрүп турат".
Криминалды бийликке аралаштырбоо аракети
Февраль айында Ички иштер министрлиги кылмыштуу топторду бийликке жолотпоо тууралуу мыйзам долбоорун сунуштаган. Ага ылайык жалпы үч: «Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлуп, документ өкмөттүн сайтына жарыяланган.
Анда учурдагы экономикалык, саясий туруксуздуктун шартында уюшкан кылмыштуулуктун таасири артып баратканы белгиленген. Ошондой эле "каралар" социалдык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, кылмыштуу акчаны адалдап, партияларга жана башка түрдүү уюмдарга кирүүгө, шайлоо алдындагы үгүт иштерин каржылоого умтулуп жатканы жазылган.
Мыйзам долбооруна ылайык соттолгон, анын ичинде уюшкан топтордун жана кылмыштуу уюмдардын курамында кылмыш жасагандыгы же алардын кызыкчылыгы үчүн кылмышка барганы үчүн соттуулугу жоюлган, ошондой эле, уюшкан топтордун жана кылмыштуу уюмдардын лидери, мүчөсү катары каттоодо тургандар Кыргызстандын президенттигине, Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайлануу укугунан ажыратылат.
Бирок учурда коомдук талкууда турган бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке барса деле өтпөйт деген пикирлер айтыла баштады. Анткени, 2014-жылы Мелис Турганбаев ички иштер министри болуп турган кезде кылмыштуу топторго каршы ири масштабда күрөшүү үчүн атайын мыйзам долбоору жазылган. Кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Грузиянын ыкмасы негиз кылынып алынган. Бирок мыйзам долбоору парламенттин кароосунан өтпөй калганы маалым.
Журналист Семетей Талас уулу бул мыйзам долбоорунун өтүшүнө ошол кездеги бийлик кызыкдар болбогонун эске салды. Ал азыр сунушталып жаткан мыйзам долбоору да депутаттардын кароосунан ары өтпөйт деген пикирде:
"Эгерде бийлик өзү кызыкдар болуп, парламенттен "кабыл аласыңар, каралар аябай көптү" десе, алып бермек. Андай болбой калды. Президент өзү чечкиндүүлүк кыла алган жок. Эми азыр деле ошондой эле болот. Анткени, депутаттардын ичинде "каралар" менен кызматташып, алар менен чогуу ишкерлик кылып жүргөндөр толтура. Бир чети коркушат. Күч кызматтарында деле булар менен кызматташкан кызматкерлер четинен чыгат".
Октябрь окуяларынан кийин келген азыркы бийлик өлкөдө кылмыштуу топторго каршы катуу күрөш жүрөт деп жарыялаган. Андан бери "кримтөбөл" атыккан Камчы Көлбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан кармалып, бирок 2-мартта тилкат менен кайра бошотулганы түрдүү түкшүмөлдөргө, сындарга жем таштады.
УКМК 250 млн. сомдон ашуун кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча Көлбаевге карата иликтенип жаткан иштин алкагында анын туугандары "мамлекетке 49,6 миллион сом которгон жана ал ушундан кийин тил кат менен бошотулган" деп түшүндүрдү.
Жыл башынан берки эки айдын ичинде Ички иштер министрлиги кылмыштуу топторго тиешелүү 200дөн ашык кишини кармаган. Расмий маалыматка ылайык алар түрдүү кылмыштарды жасоого шектүүлөр жана издөөдө жүргөндөр. Кармалгандардын арасында 10дон ашык кишинин кылмыш чөйрөсүндө жогорку макамы бар.
Былтыр 18 опузалап талап кылуу фактысы боюнча уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 22 адам кармалганы расмий маалымдалган.