Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:01

Аткаминерди "эркелеткен" түрмө башчылар камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда темир тор артындагы аткаминерге өзгөчө ыңгайлуу шарт түзүп берген түрмө жетекчилери өздөрү абакка кесилди. Соттун өкүмүндө айтылгандай, алар "Коррупция" беренеси менен соттолгон аткаминерге күчөтүлгөн тартиптеги колониянын ичинде үйдөгүдөн да жакшы шарт түзүп беришкен.

Кымбат чылым, Wi-Fi, DVD ойноткуч, шире сыккан жабдык. Булар “Астана EXPO 2017” компаниясынын мурдагы жетекчиси Талгат Ермегияев үчүн түрмөдө түзүлгөн шарттардын бир гана бөлүгү. Мындан тышкары ага күчөтүлгөн тартиптеги колонияда ичимдик ичүүгө, телефонун кенен-кесири колдонууга, каалаган учурда жакын адамдары менен жолугуп турууга уруксат берилген.

Бул аткаминер "пара алган жана ири суммадагы мамлекеттик каражаттын изин жашырган" деген айып менен 2016-жылдын июнь айында 14 жылга абакка кесилген.

Дүйшөмбү күнү судья мурдагы түрмө жетекчилерине өкүмүн угузуп жатып, Ермегияевдин камерасында табылган буюм-тайымдарды да тизмектеди:

- Жарандык үлгүдөгү 19 бут кийим, үйгө кийген төрт тапичке, ийне, дары-дармектер, спорттук азыктар, жыйнап коймо жеңил керебет, кепкалар, кара түстөгү беткап, кышкы баш кийимдер, чолок шымдар, - деп окуду Байконур райондук сотунун судьясы​ Айжан Кульбаева​.

“Астана EXPO 2017” компаниясынын мурдагы жетекчиси Талгат Ермегияев соттук териштирүү маалында. Астана шаары, 4-апрель, 2016-жыл.
“Астана EXPO 2017” компаниясынын мурдагы жетекчиси Талгат Ермегияев соттук териштирүү маалында. Астана шаары, 4-апрель, 2016-жыл.

Бул сыяктуу толгон-токой буюм-тайымдар 2017-жылдын 29-декабрында колонияда жүргүзүлгөн тинтүү учурунда табылган. Андан көп өтпөй Астананын четиндеги бул түрмөнүн жетекчилери камакка алынып, дагы 11 кызматкер иштен айдалган.

Соттук териштирүүдө абактагы "VIP аткаминерге" ал иштеген цехте да мыкты шарт түзүлгөнү белгилүү болду. Маселен, ал цехте кир жуучу машинеден тартып кондиционерге чейинки турмуш-тиричилик жабдыктары табылган.

22-октябрдагы соттун өкүмү менен бул түрмөнүн мурдагы башчысы Нурлан Абен үч жылга, анын орун басары Талгат Мусаев эки жылга эркинен ажыратылды. Алардын кызматтык наамдары да жоюлду.

Нурлан Абен өткөн аптадагы акыркы сөзүндө айыптарды мойнуна албай турганын билдирген. Ошентсе да Казакстандын Ички иштер министрлигинин жетекчилигинен кечирим сураган.

Анын адвокаты алгач журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып жатып, акыры өз позициясын айтты:

- Иштин квалификациясы туура эмес болгон деп ойлойм. Бул жерде бийлигинен аша чапкандык болгон эмес. Кыянат пайдалануу гана болгон, - деди адвокат Бекжан Билялов.

Бишкектин №1 абагындагы "өзгөчө" камералардын бири. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз).
Бишкектин №1 абагындагы "өзгөчө" камералардын бири. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз).

Түрмөдөгү бул жаңжалдан кийин Астананын четиндеги 166/10 номерлүү күчөтүлгөн колония реформаланып, жатак абагына айланган. Өзгөчө мамиле жасалган мурдагы аткаминер Талгат Ермегияев Алматы облусундагы Заречный айылындагы түрмөгө которулган.

2012-жылы Бишкектеги №1 тергөө абагындагы тополоңдон кийин бул жабык жайдагы өзгөчө шарттар ачыкка чыккан. Анда тергөө абагында шөкөттөлүп жасалган бөлмөлөр бар экени, алардын бири кылмыш дүйнөсүнүн ана башчысы деп саналган Камчы Көлбаев үчүн даярдалганы белгилүү болгон. Ал камера заманбап стилде жасалгаланып, жумшак эмеректер да орнотулган болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG