Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

Кан жолдо кыйылган өмүр: бир аптада 24 киши


Тогуз киши каза болгон Honda Stepwgn үлгүсүндөгү машиненин кырсыктан кийинки сүрөтү.
Тогуз киши каза болгон Honda Stepwgn үлгүсүндөгү машиненин кырсыктан кийинки сүрөтү.

"Айдоочунун көзү илинип кетиптир"

Бишкек-Ош авто жолунун 201-чакырымында, Суусамыр өрөөнүндө 23-августта болгон жол кырсыгы тогуз кишинин өмүрүн алды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Honda Stepwgn менен Volvo үлгүлөрүндөгү машинелер кагылышкан. Окуя болгон жерден алты аял, эки эркек жана 2020-жылы төрөлгөн наристе жан берди. Каза болгондордун көпчүлүгү Токтогулдун Өзгөрүш жана Үч-Терек айылынын жашоочулары болгон. Бирөө Чаткал районунундагы Терек-Сай айылынан экени, Өзгөрүш айылына волейбол ойногону бара жатканы белгилүү болду.

Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн катчысы Бурулкан Чекирова каргаша боюнча буларды айтты:

“Каза болгондордун алтоо биздин айылдан. Дагы бирөө Терек-Сайдан болгону менен, биздин айылдын кызы эле. Төрөлгөнүнө жыл айлана элек ымыркай чоң апасы менен кете берди. Жаңы эле үйлөрүн кыдырып, тек-жайын тактап келдик. Жакындары кан жутуп отурат. Алар көз жумгандардын сөөгү жолдо келе жатканын билдиришти. Бир күндө алты айылдашты жоготуу биз үчүн оор болуп турат”.

Жүргүнчүлөрү толугу менен каза болгон машинени 1983-жылы туулган Калысбек Бүтүкеев башкарып бара жаткан. Ал каршы тилкеден сүзгөн Volvo болсо Баткенден Бишкек шаарына мрамор таш жүктөп келе жатканы белгилүү болду. Жүк ташуучу машиненин айдоочусу оор жаракат алган эмес. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарыялаган сүрөттөн кагылышуудан улам ичинде тогуз киши бара жаткан жеңил машине бүктөлүп, тетиктери чачырап кеткенин көрүүгө болот.

Бул кырсыкта апасынан айрылган Майрамбек Исмаилбеков айдоочунун көзү илинип кеткенин билдирүүдө:

“Апам айылда турчу. Бишкек шаарына небересин турмушка узатканы келген. Фуранын айдоочусу апам келе жаткан машиненин айдоочусу уктап калганын айтыптыр. Анткени Honda Stepwgn түз эле келип сүзүп, андан кийин сайга түшүп кеткен экен. Башында бирөө аман калганын, ал Кара-Балтанын ооруканасына жеткирилгенин айтып жатышкан. Ал жерге дароо жетип бардым. Көрсө машиненин ичинен эч ким аман калбаптыр. Айдоочу дагы биздин айылдан болот. Кырсык болгон күнү телефон менен сүйлөшсөм шаардан чыгып кеткенин айткан. Бирок апам аны менен кетип бара жатканын билген эмесмин. Аны айылга улуу агам салган экен”.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы каршы тилкеге чыгып кеткен Honda Stepwgn машинесинин айдоочусу кырсык болордун алдында тормоз теппегенин билдирип, уктап кетиши мүмкүн дейт. Кырсыктын себеби иликтөө иштеринен кийин белгилүү болот.

"Жети айылдашыбызды жерге бердик"

17-августта Бишкек-Нарын-Торугарт авто жолунун 172-чакырымында жүргүнчү ташуучу "Мерседес-Бенц-Спринтер" менен жүк ташуучу машине катышкан кырсык катталган. Жүргүнчүгө жык толгон машинеде Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургундары кетип бара жаткан. Алардын жетөө туулган жерине жетпей калды. Калгандары Бишкек шаарында дарыланып жатышат.

Тоголок Молдо айылынын тургуну Алмаз Кулов каза болгондор айылдын алдыңкы адамдары болгонун айтат.

“Бул кырсык биздин айыл үчүн чоң трагедия болду. Бир күндө беш үйдөн сөөк чыкты. Жаш келин беш жаштагы кызы менен көз жумду. Эмне кыларыбызды билбей эле отуруп калдык. Каза болгондор момун кишилер эле. Кырсыктын күнөкөрү болгон чоң машиненин айдоочусу жаш бала экен. Элдин айтымында, капыл-тапыл чыга калганда рулду дароо буруп жиберген экен. Анын үстүндөгү 40 тонналык контейнер бусту чаап кеткен. Аман калгандардын абалы оор”.

Кубакыдан каза болгондордун төртөө эркек, экөө аял киши, бирөө жаш бала болгон. Мындан тышкары 16 жүргүнчү ар кандай жаракаттарды алган, арасында сегиз бала бар.

Кубакыдан жети жүргүнчүсү каза болгон "Мерседес-Бенц-Спринтер" .
Кубакыдан жети жүргүнчүсү каза болгон "Мерседес-Бенц-Спринтер" .

16-августка караган түнү да Балыкчы - Ананьево - Каракол жолунун Корумду аймагындагы кырсыктан үч адам өлгөн. Тогуз киши ооруканага жеткирилген.

20-августта болсо Бишкек-Нарын-Торугарт авто жолунун 50-чакырымындагы Ивановка айылында катталган жол кырсыгынан төрт киши көз жумган. Кырсыкка Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жолдун ортосундагы бетон тосмосун сүзгөнү себеп болгон. Ушул эле күнү баш калаа Бишкекте катталган жол кырсыгынан бир адам көз жумду.

Ушуну менен 15-августтан бери Кыргызстанда жол кырсыктарынан кеминде 20дан ашык киши өмүр менен кош айтышты.

ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Тилек Исаевдин жол кырсыгында айдоочулардын күнөөсү көп экенин айтат.

Тилек Исаев
Тилек Исаев

“Дээрлик 85% айдоочунун күнөөсү. Автомашинаны жогорку ылдамдыкта айдаганы, жолдун каршы тилкесине чыкканы, автомашинасынын техникалык абалы, мас абалда рулга отурганы себеп болууда. Жакында Чырпыктыда беш адамдын өмүрүн алган кырсыкта эки айдоочу тең мас абалда экен. Кубакы ашуусунда жети адам каза болгон кырсыкта транспорт каражатынын техникалык абалы талапка жооп бербегендиги”.

Статистика боюнча жалпысынан Кыргызстанда быйыл жети айда 3982 жол кырсыгы катталып, 390дон ашык адамдын өмүрүн алды. Алардын 44ү балдар.

"Айылдан эрте чыгып, кечке жуук кайра келебиз"

Суусамырдан каза болгон сегиз жүргүнчү Батыш автобекети тараптагы Жибек-Жолу жана Кулиев көчөсүнөн таксиге отурган. Жол боюндагы жети кишилик машинелер киши башына 700 сом алат. Айдоочулардын көбү Токтогулдан таң эрте чыгып, ошол эле күнү кайра келип каларын айтып беришти. Анткени Бишкек-Токтогулдун аралыгы 300 чакырымдын тегереги.

Токтогул районуна каттаган машинелер жол четинен эле жүргүнчү алышат. Алардын качан келип, качан кетип жатканын эч ким көзөмөлдөбөйт.
Токтогул районуна каттаган машинелер жол четинен эле жүргүнчү алышат. Алардын качан келип, качан кетип жатканын эч ким көзөмөлдөбөйт.

Жүргүнчү ташыган жарандардын бири Асан Дөлөнбаев “айдоочулар эс албай эле айдай берет” дегенге макул эмес. Ал мындай деген жүйөө келтирип жатат.

“Токтогул менен Бишкектин аралыгы алыс эмес. Бир күндө барып келсе болот. Эртең менен айылдан жетиде чыксаң, анда ашып кетсе беш саатта Бишкекте болуп каласың. Кардар болсо кайра айылга чыга беребиз. Он сааттай машине айдасаң чарчап, уйкуң келбейт да. Бишкекте бир күн түнөп кетүүгө негиз жок. Анын үстүнө кээ биринин жата турган жери жок. Майдын литри 60 сом болуп турат. Азыркы кымбатчылыкта Бишкекте мейманкада жатып, тамак ичип жүрө берсек, анда иштегенибиз кайсы?”.

Жүргүнчү ташыгандар машинелерин өз убагында карап, башка айдоочуларды дагы көзөмөлдөп турарын айтып жатышат. Алыс жолго каттаган машинелердин дээрлик баардыгы оң рулдуу. Айдоочулар мындай автоунаалардын баасы, тетиктери арзан жана биздин жолдорго ыңгайлуу дешет.

Кандуу сандар канткенде азаят?

Расмий маалыматка таянсак, 2020-жылы Кыргызстанда 6126 жол кырсыгы катталып, 754 адам каза болгон (анын 93ү бала). 2019-жылы 6663 жол кырсыгы катталып, 760 адам (91и бала) көз жумган. Быйыл жети айда 3982 жол кырсыгы катталып, 390дон ашык адамдын өмүрүн алды. Алардын 44ү балдар.

Ишкер Жоодар Сайдилкан Кыргызстандын жолдорунда каза болгондордун саны согуш курмандыктарынан көп экенин, аны чечүү үчүн Туркиянын мисалында чечим кабыл керектигин билдирүүдө.

“Мен Түркиянын мисалында Техникалык инспекцияны киргизүүнү, бирок мамлекеттин колу менен эмес, Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу коррупцияны болтурбоо үчүн аны эл аралык операторго өткөрүп берүүнү сунуштайм. Ошондой эле, коомдук жана жүк ташуучу унааларда айдоочунун күбөлүгүндөгү чипти окуган жана бир айдоочунун күнүнө 8-10 сааттан ашык жүрүүсүнө тоскоол болгон тахометрлер бар. Урматтуу жарандар, биздин жарандардын өмүрүнөн кымбат эч нерсе жок, мен оң рулдуу таксилердин укуктарын коргогондорду эч кандай түшүнбөйм. Статистиканы карасаңыз, Honda Stepwgn, Honda Odyssey сыяктуу оң рулдуу таксилер баарынан көп жол кырсыгына кабылганын көрөсүз, жок дегенде шаарлар арасына чектөө киргизүү шарт”,- деп жазган Жоодар Сайдилкан Фейсбуктагы баракчасына.

Журналист Адилет Айтикеев 2017-жылдан бери АКШда трак айдап, күнүгө жол үстүндө. Ал Кошмо Штаттарда бир күндө он сааттан ашык рулда жүргөнгө болбойт. Сегиз саат өткөндөн кийин 30 мүнөт эс алуу кажет. Ошол эле учурда АКШ менен Кыргызстанды салыштырып болбой турганын тушүнүп эле турат. Андыктан жоопкерчиликти жүргүнчүлөр алыш керек деген ойдо:

Адилет Айтикеев
Адилет Айтикеев

"Американын системасын бизге деле киргизиш керек. Бирок аны көзөмөлдөй аябай оор болот. Андыктан Европа, АКШны самап отурбай кыймылдай бериш керек. Эң биринчи жүргүнчүлөр талапты катуу коелу. Айдоочунун өзүн, машинесин карап отуруш керек. Шектенип атсаңыз башка такси менен деле кетсеңиз болот да. Ал эми мамлекет оң рулдуу машинелерди чоң трассалардан азайтышы керек. Айдоочуларга рулду которгонго шарт түзүп, убакыт берүү зарыл. Антпесе кандуу жолдон кара кагаз келе берет".

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG